Өкмөт электр энергияны элге 700 киловатт саатка чейин 77 тыйындан, ал эми андан ашырып колдонгондорго 2 сом 16 тыйындан, ал эми Өзбекстанга 1 сом 85 тыйындан  сатууда. Азырынча электр энергияга болгон тариф ушул эле бойдон сакталат. Кыргыз Өкмөтү 2017-жылы Өзбекстанга 1 млрд 289 миллион киловатт электр энергиясын экспорттоосу керек болсо, 9 айдын ичинде 1миллиард 38миллионун экспорттоого жетишкен. Коомчулук болсо, эки жыл мурда «Токтогул» суу сактагычында  суу аз болуп, коңшу казакстандан электр энергиясын импорттоп келгенге

байланыштуу баа көтөрүлдү  эле, эми болсо суу жетиштүү, керек болсо  коңшуларга электр энергиясын экспорттоп жатабыз, анан эмнеге светке болгон баа мурдагы калыбына келбейт дешип нааразы болушууда. Айрымдар өзүбүзгө кымбат сатып, экспортко арзан бергени өз элине болгон чыккынчылык эмеспи деген сындарды айтышууда. Мындай тескери саясаттын артында баягы эле Ширшовдон калган коррупциялык схеманы илгерилетип жаткан «Энерго холдингдин » жетекчиси Айбек Калиев турат дегендер көп. Өкмөт башчы Сапар Исаков экөө  табакташ болуп, Максим Бакиевдин ЦАРИИсинде чогуу иштешкен эле. Демек Экөөнүн тили, ою бир жерден чыгып, өз элине кыянаттык кылып жатышкан жокпу  деген шек жаралат?…

Булак:Фабула пресс.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here