Бир кезде «Дастан» заводун жетектей койгон, ишканада үлүшү бардыгы айтылып жүргөн  «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов Жогорку Кеңеште «Дастан» заводу качан сатыкка коюлат деген маселени козгоду. Сыягы «Дастандын» сатыларынан жыт алып калган өңдөнөт. Кантсе да кызарган жерди алыстан көргөн кыраакы эмеспи. Айтмакчы, мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддунун жетекчиси  Дүйшөнбек Зилалиевдин  «Дастан» акционердик коомундагы мамлекеттин үлүшү 98,46 пайызды түзөөрүн айтып «Акцияларды баалоо иштери жүргөн. Эки компания анын баасын чыгарган. Макулдашуу этабында УКМКдан «Дастан» стратегиялык мекеме, аны сатканга бобойт -деген корутунду келген»,-деп билдирип , бирок «сатылбайт деп айтуу эрте» экенин кошумчалап, жыландын башын кылтыйтты. Деги ушул Зилалиев барган жер соо болчу эмес эле, аскердик продукцияларды чыгарган «Дастан» заводун дагы мүлжүгөнү калды көрүнөт.

Булак: фабула пресс.