Биз бала кезден, кийин деле тээ бир жерде турган, жакшы иштеп, жакшы тилек кылып жете турган, ал жакка жетсек, жыргай турган, анан да сөз жок жете турган бейиштей жер бар эле, ал- «коммунизм» болчу. Коммунисттик коомду курабыз деп чын дилден ураан таштап, ал идеяны колдогон бир партия болуп, адамдар ошол идеяга чындап баш оту менен берилип, иштеп, жашаган да.

«Коммунизм» деген маани  момундай түшүндүрүлөт: «Коммунизм- өндүрүш каражаттары жалпы элдин орток менчиги болгон, бардык коом мүчөлөрү социалдык жактан теңчиликке жетишкен, адамдардын телегейи текши өнүгүшү менен катар дайыма өөрчүй берүүчү илимдин жана техниканын негизинде өндүргүч күчтөрү да өсүп-өөрчүгөн коом байлыгын берекеси ашып-ташыган жана «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керегение жараша» деген улуу принципти ишке ашырган тапсыз коомдук түзүлүш. Коммунизм- эркин жана жана аң-сезимдүү эмгекчилердин жогорку даражада уюмдашкан коому, Коммунизмде коомдун өзүн өзү башкаруусу орнойт, коомдун жыргалчылыгы үчүн, эмгек кылуу жалпы журттун эң зарыл өмүрдүк муктаждыгына жана аңдап түшүнгөн зарылчылыгына айланат, ар кимдин жөндөмү калкка эң зор пайда бергидей багытта пайдаланылат ( КПССтин Программасы)».( КСЭ, Фрунзе 1978-ж., 329-бет.

Мына, биз барчу бейиш жер дегеним ушундай керемет жер болчу. Ошентип, коммунизм дегенди аябай эңсеп, ал жерге жетүүнү көксөп, социализм деген биринчи фазасында жашап, жогоруда айтылган жобонун биртоп жерин жасап жүрүп эле жетпей калдык. Бул көрүнүш- теория менен практиканын айкалышпай калган мисалдарынан болду. Адам турмушу ушунчалык татаал экен, теория менен практика көп учурда дал келбейт экен. Адамдын аң-сезими колу-бутуна караганда алда-канча алдыга кетет тура…  «Коммунизмдин» кээ бир элементтерин улуу муун көргөнсүп да калдык, бирок, теорияда айтылгандай болгон жок. Алар Сен Симон менен Шарль Фурьенин божомолдорунда калды окшойт…

Мына ошол биз жетпей калган коммунизмдин идеясында ар адам бирдей укукта деп жазылган эмеспи. Азыр деле бирдей укуктабыз. Социализм тушунда да ошол принципте жашадык. Бирок, бул сырткы көрүнүш болду, болбосо, бир адам экинчи адамдан жогору турду, жакшы жашады, укугу кеңири болду. Ал көрүнүштү кызмат деген абал алып келди. Айталы, башкарма же райком карапайым колхозчуга караганда эселеп жакшы жашачу да… Ошол башкарма менен райкомдун алдында күнү-түнү пайдаланганга машинасы болчу, кызматын кылганга расмий да, жөн да жөкөрлөрү болчу, алардын муздаткычтарында тамактын жакшылары өксүчү эмес. Алар эч жерге кезекке туруп зарыкчу эмес, ооруп калса, өзүнчө көрүүчү, дарылап алчу  догдурлары болчу ж.б. жеңиликтери толтура эле. Катын-балдары да бардар турмушка, убарасы жок, баары даяр турмушка көнгөн. Жөн адамдар аларга экинчи сорттогу адамдардай сезилет…Карапайым эл массасында тигилердин шарты жок, мыйзамдаштырылбаса да укугу жок.

Эми ошол экинчи сорттогук адамдардын турмушун алалы да. Ал чоң окууда окубай калган, биринин андай окууга табити жок,экинчисинин шарты жок, эне-атасын багыш керек, үчүнчүсү эрте үйлөнүп алып, бүлөсүн эптеп багып күлала болот. Анын атасы да, өзү да колхоздо иштеп келди. Ошондой адамдардын бири мал багат: уй, кой, жылкы багат, бири койчу болуп жардамдашат, үчүнчүсү колхоздун ар кайсы жумушунда: суу сугарат, трактор айдайт, машина айдайт, картошка багат, эгин тазалайт, алмасын багат, пахтасын терет, тамекисин тизет,  башкасын кылат… Аларда таң аткандан каш карайганча тынчтык жок, жалаң түйшүгүндү. Түш маалында ошол иштеген жеринде эле жармадан жутуп, бир сындырым нанын чайнап, кайра түйшүгүнү түшүт… Тердей –кургай төрдө олтуруп май чайнаган эмес… Малчынын турмушун айт, күнү-түнү түйшүктү. Кышкысын чөп салат, сугарат,жем берет, алдын тазалайт, туут учурунда уйку жок, анан козулар өлүп берсе, башкармадан «козу өлгөнчө уулуң өлсүнчү» деген жаман кеп угат! Тапканы эч нерсеге жетпейт, төлөмөр болуп күн өткөрөт… Жайдын күнү мал баккандын аздап тынч алганы болбосо, дагы эле азап. Жаан төгүп берсе, отунуң суу болуп күйбөй быкшыса, нан жасалбай, жарма жасалбай балаң ыйлап турса, тамак сурап… Деги койчу, мал баккандын түйшүгү  жан чыдатпас! Анан ошол адам пенсияга чыгып азыркынын акчасы менен 2000-3000 болду. Ал эч нерсеге жетпейт. Мурунку турмушундагы «жетпейттерин» эми ого бетер көбөйдү… Бул адам жалаң «жетпейт» менен күн өткөргөнгө жаралгандай! Ал эми райком, министр, өкмөт тарапта иштегендер, атагы бар адамдар ж.б. 60-70 миң сом менен пенсияга чыгып жатпайбы?! Болуптур алар эл башкарып иштеди, эмгеги бар дейли. Бирок, ошол ишинде кенедей да «а жетпейт, бу жетпейттен» маселе болгон жок да: алдында машина, кол алдында адамдар, айлыгы арбын, анан да ага кошумча пара алып келген, жеңилдиктери толтура, кыскасы эркелеп жашаган да. Эми пенсиясы да тигинтип жөн адамга караганда жыйырма эседен көп болуп турат. Эмне, алар кудайдын бирдемесин кармаппы?! Менин колумда болсо, жанагы чоң пенсиялардын баарын жыйырма миңге түшүрүп, калганын аз пенсия алгандарга бөлдүрмөкмүн, бир-эки миңден кылып. Пенсияга чыкканча да бардар жашап, пенсияга чыккандан кийин да бардар жашаган Жумагулов, Шеримкулов, Какеев, Кулов, Сааданбеков, Баекова, Сыдыков, Чынгышев, Сарыгулов, Отунбаева, Касиев, Рустанбеков сыяктуу жүздөгөн адамдарга жыйырма миң да аябай көптүк кылат!

Автор: Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here