Ноокат районунда 14 жаштагы кызды зордуктап жүргөн деп айыпталган өгөй ата эркиндикке чыгарылды. Жабырлануучу кыз учурда 17 жашта. Бул тууралуу жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Ш.Бүжамал билдирди.
Анын айтымында, Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну Б.Ш. (эжеси) биринчи турмушу бузулгандан кийин экинчи жолу турмушка чыгып, жолдошунун үйүнө эки кызын эрчитип барган. Ал күйөөсү менен биргеликте 100 миң сом насыя алып, 3 бөлмөлүү үй курушкан.
Бул окуя 2015-жылы үйдө киши жок учурда болуп, 14 жаштагы кызды өгөй ата күч менен зордуктаган. Окуядан кийин өгөй ата кызды «бирөөгө айтсаң апаңды кошо өлтүрөм» деп коркуткан. Жаш кыз бул коркутуудан кийин өз үйүнө барбай таякесинин, башка туугандарынын үйүндө жашап жүргөн. Бирок өгөй атасы кызды туугандарынын үйүнөн алдап алып кетип, зордуктоо кылмышы жашыруун бойдон кала бергенин айтты.
Арадан убакыт өткөндөн кийин банктагы насыяны төлөө үчүн кыздын апасы менен өгөй ата Россияга иштегени кетишкен. Кийинчерээк өгөй ата Россиядан депортацияланып келип, аялы бүгүнкү күнгө чейин Россияда иштеп жүрөт. Кыздар таякесинин үйүндө калып, өгөй атадан корккон кыз өз үйүнө баруудан баш тарткан.

Кийин Кадамжай шаарында бала багуучу болуп иштеп жүрүп, ошол жактан таанышкан 21 жаштагы жигитке турмушка чыккан. Учурда экөөнүн 6 айылык кызы бар. Өспүрүм кыз кош бойлуу учурда туугандары Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнө кайрылып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө өгөй атанын кылмышы ачыкка чыккан. Анын жыйынтыгы менен өгөй атага карата Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан иш козголуп, кийинчерээк ал иш Ноокат райондук сотуна өткөн.
Маалым болгондой, соттук териштирүүлөр 6 айга созулуп, ушул жылдын 23-ноябрында өгөй ата райондук сот тарабынан кылмыштын курамы аныкталбаганына байланыштуу акталып чыкты. Судья отурумда өгөй атаны кыздын туугандарына үйдү өткөрүп берүүгө жана 500 миң сом айып төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштап, бирок жабырлануучу тарап макул болгон эмес.
Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Ш.Бүжамал облустук сотко апелляциялык арыз жазылганын билдирди.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here