—Талант мырза, бир-эки жылдан бери чоң саясаттан кичине четтей түштүңүз. Эмне менен алексиз? Алгач окурмандарга мына ушул боюнча айтып берсеңиз?

—Негизи эле мен жеринен эле саясатка өтө жакын адам эмесмин. Мен өндүрүшкө, илимге, билимге кызыккан адаммын да. Жогорку Кеңеште депутат болуп турганыбызда популисттикке алдырып, болбогон маселелерди көтөргөн жокмун, туура саясат болсо колдоп, туура эмесинен баш тартып жүрдүм. Мыйзам чыгаруу боюнча абдан аракет кылып иштедик. Өзгөчө ветеринария, айыл чарба тармагы боюнча кыйла мыйзамдардын үстүнөн иштедик. Жалпысынан 40ка жакын мыйзамга демилгечи, автор болуп жүрөм.

Маселен, ветеринария боюнча чоң мыйзамды 2 жылда дүйнөлүк ветеринариянын үлгүсү, тажрыйбасына таянып, ЕАЭСтин мыйзамдарын шайкеш келтирип, 2 жылдай убакытта жазып чыккам. Бүгүнкү күндө Россия, Казакстан  ал мыйзамды дүйнөлүк талапка жооп берет экен деп сурап кетип, алар да өздөрүнүн мыйзамдарын биздикине тууралап жатышат. Себеби, биз ал мыйзамды эл аралык эпзотикалык бюронун эрежелерине тууралап жазганбыз. Ошондуктан мен жазган мыйзам ушинтип  талапка ылайык иш-аракетте болуп жатканы мен үчүн сыймык десем болот. Эл уга элек дагы бир жакшы жаңылыгымды айта кетейин. Эки жылдан бери илимге бир аз катуулап киришип, илим менен тыгыз алектенип жатам. Бул убакыттын ичинде жан-жаныбарлардын жугуштуу оорулары боюнча орусча илимий китепти кыргыз тилине которуп, эки жума мурун өзүмдүн каражатыма миң нуска менен чыгардым. Жардам бергендердин баарына төлөп бердим. Китеп: “Айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу оорулары” деп аталат. Көлөмү чоң, 800 бет. Өзүңүздөр билесиздер көптөгөн кыргыз балдары орус тилин өтө жакшы билбей жатышат. Анын үстүнө Айыл-чарба академиясында Ветеринария факультетинде сабакты кыргыз тилинде окутуп жатпайбы. Ал студенттер үчүн кыргыз тилиндеги китептер, көргөзмө куралдар ж.б. керектүү окуу жабдыктар аз болуп жатат.

Буга чейин мындай китеп кыргыз тилинде чыга элек эле. Мал дарыгерлер, бул багытта окушкан студенттер үчүн табылгыс китеп десек болчудай?

ЖОЖдорго да накта керек китеп. Жеке эле алар үчүн эмес, жалпы эле мал кармаган ар бир адам үчүн жакшы китеп болуп берет деген ишеничтемин. Анткени, бул китептин үстүндө абдан эмгектендим, жалгыз эле ары-бери которуп салган жокмун. Белдүү окумуштуулар, профессорлор менен кеңешип котордум. Көптөгөн терминдердин котормосун табуу кыйын болду. Медициналык академиянын мугалимдерине да бардык бул жагынан жардам сурап. Көрсө алар деле бүт эле орус тилинде окуткандыктан, ал жактагы абал Ветеринариядагы абалдан да начар экен. Бул чоң китепти которууда жеке эле теорияга басым жасабай, практикалык жактан да иштедик. Маселен, бир эле окумуштууларга эле таянып калбай, бала чагынан мал менен өсүп, малды мыкты билген айылдагы белдүү аксакалдарга да барып кеңеш алып, айрым мал ооруларынын аталышын сурадык. Азыр китепти окуган тааныштарым мактап, ыраазычылык айтып жатышат. Андан тышкары, докторлук диссертациямды жазып жатам, буюрса аяктап баратам десем болот. Аманчылык болсо, Кудай буюрса, эмдиги жылы  Алматыда жактайм деп тилек кылып жатам.

Кайсы темада жазып жатасыз?

—Топоздун этинин касиети жөнүндө жазып жатам. Бир эле топоз жана анын эти гана эмес, анын ичкен суусун, чөбүн, ал жүргөн жер кыртыштарын да кошо изилдеп жазып жатабыз. Мунун баарын тактоо, жаңы ачылыштарды ачуу үчүн Жети-Өгүздүн Сырт өрөөнүндө иштеп жатабыз. Ал жерге айына сөзсүз түрдө бир жолу барып, тажрыйба жүргүзүп жаткан  топозду таразага тартып, кандай чөп жеп, кандай суу ичип жатканын иликтеп тактайбыз. Чөптөрдүн калориясын,  топоздун организмин, андан соң адамдын организмине тийгизген таасирин да колдон келишинче изилдеп жатабыз.  Бул эми өтө кызык иш экен. Мен баш-отум менен кирип кеттим да. Ошол Сырт өрөөнүндөгү сууларды лабораторияга алып келип изилдеп көрдүк. Кээ бир суулар азыр дүкөндөрдө бөтөлкөгө куюп сатып жаткан суулардан алда кача таза жана пайдалуу экенин аныктадык. Чынында топоздун этинин пайдасы көп. Топоздун этинин курамында эритроциттер (кызыл кан), гемоглобиндер абдан жогорку өлчөмдө болот экен. Себеби, топоз жүргөн жерлерде кислороддун көлөмү аз да.  Ошондуктан топоздо кызыл кан абдан көп болот экен. Топоздун этин каны аз келиндерге, балдарга пайдаланса, андан өткөн дары жок экенине көзүбүз жетти. Мындан ары топоздун сүтүн, андан жасалган азыктарды дагы  изилдейли деп жатабыз. Баарыбызга белгилүү Ооганстандагы кыргыз туугандарыбыз топоздорду кадимки уйлардай эле саап, сүтүн ичип жатышпайбы. Эмдиги жылдан баштап бир канча топозду колго көндүрүп алып, ошолорду саайлы деп жатабыз. Мен өзүм топоз багуу менен алектенгениме быйыл туура 20 жыл болду. 1997-жылы 17 топоз (инегин) сатып алып бага баштаганбыз, андан бери туугандар болуп кыйла көбөйтүп жатабыз. Азыр биз селекциялык иштерди жүргүзүп, анын натыйжасында  топоздорубузду асыл тукум чарбасына айлантып жатабыз. Бул иш Айыл-чарба министрлиги менен, мал чарба институтуту менен, окумуштуулар менен биргеликте талапка ылайык иштерди жүргүзүп жатабыз. Жакында  Тажикстан менен бука алмашуу боюнча келишим түздүк. Бир айдын тегерегинде ал жактын букаларын алып келебиз. Биз да аларга өзүбүздүн букаларыбызды беребиз. Себеби, кан алмашып турушу керек да. Ошондой эле, Тибеттен да он чакты буканы келерки жылдын жазына чейин алып келели деп максат кылуудабыз. Ал жактын топоздору өтө салмактуу деп жатышат. Бул иштер менен бирге топозду жасалма уруктандырууга өтөрөлү деп ойлоп жатабыз. Бул ишти аткаруу кыйын. Анткени, топоз жапайы жаныбар да. Ошон үчүн аларды алгач саап, колго көндүрүп алсак, анан калганын акырындык менен ишке ашырабыз деген үмүттөбүз. Айтор, мал чарба, илим багытында ушундай иштер менен алек болуп жүрөм.

Жакшы. Мал чарба багытына чынында чоң жаңылык кылып жаткан экенсиз. Ылайым ишке ашсын дейли. Эми саясат ж.б. темалардан да учкай сүйлөшөлү. ЕАЭБге мүчө болуп киргенибизге 2-3 жыл болуп кетти. Андан бери адис катары эмне өзгөргөнүн, алдыга кандай  жылыш болгонун байкай алдыңыз?

Тилекке каршы чоң өзгөрүүлөр, чоң жылыштар болгон жок. Бул экономикалык чоң уюмга мүчө болуп кирип жатканыбызда мен Жогорку Кеңеште депутат элем. Айыл-чарба, ветеринария тармагын билген адис катары бир топ көйгөйлөрдү ар тараптуу чечип, жакшы даярдык  көрүү керектигин какшап жатпадыбы. Анын көбү аткарылбай калды. Даярдык жакшы жүрбөй, шашылыш кирип кеттик. Анткени ЕАЭБ талаптарына бир катар тиешелүү тармактарыбыздын шарттары  шайкеш келбегендиктен улам, кыйла көйгөйлөр жаралып жатпайбы. Лабораториялар курулса эле, биздин эт, сүт азык-түлүктөрү экспортко шуулдап чыга берет дегенибиз чоң жаңылыштык. Лаборатория – күзгү дейли. Күзгү каршысында эмне болсо ошону көрсөтө берет. Андыктан экспорт маселесин жөнгө салып, өнүктүрүү үчүн эң ириде биздеги айыл чарбасынын абалын, малыбыздын саламатыгын жакшыртышыбыз зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эпзотикалык ахыбал өтө курч экенин адис катары жакшы билем. Бул көйгөйдү  анчалык ачык айтпайбыз. Ачык айтсак дагы ызы-чуу чыгат. Кошуна мамлекеттер көп нерседен баш тартат дегендей.  Бул ишти колго алмайынча, көйгөй чечилбейт.   Мындай чоң көйгөйдү талапка ылайык чечүүгө  көп каражат керек. Биз мал жаныбарларынын өтө коркунучтуу 22 оорусун алдына алуу, дарылоо боюнча сунушубузду бергенбиз. Өкмөт бүгүн ошол 22нин ичинен 6 эле оорусун карап жатат. Бул жетиштүү эмес.

 

Маектешкен Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here