—Султан мырза,  Маданият кызматкерлеринин айлыгы аз. Бирок, ырасын айтсак көпчүлүк маданият кызматкерлеринин иши дагы аз. Алардын айлыгын да ишин да көбөйтүү үчүн эмне кылуу керек?

-Ооба,   маданият кызматкерлеринин маянасы абдан аз. Бул эми мамлекеттик бюджетке байланыштуу болуп жатат. Эгемендик алгандан баштап өлкөбүздө маданият тармагы кризиске учурады. Биздин кээ бир мыкты кызматкерлерибиз айла жоктугунан тамада болуп иштеп кеткенге туура келди. Кээ бир кызматкерлерибиз жеке менчик топторду түзүп, өз алдынча иш алып барып жатышат. Ушунун баарын туура түшүнүү керек. Чындыгында заман оошкондо мындай көрүнүштөр болот. Жалпысынан биздин кызматкерлерибиздин айлык акылары абдан аз. Бирок, маданият кызматкелерибиз арзыбаган айлык менен күнү-түнү иштеп жатышат.. Мисалы, Кыргызстанда болуп өткөн “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” уюштурууда биздин кызматкерлерибиздин эмгеги зор.  Кыргызстанга репутация алып келүүдө дал ушул маданият кызматкерлерибиздин орду опол тоодой экендигин белгилеп коюшубуз керек. Алар менен сыймыктанса болот. Айлык акыларды жогорулатуу боюнча маселе  дайыма көтөрүлүп келет. Мен министр катары чукул арада көтөрүп ийем деп айтуудан алысмын. Бирок, маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга баардык күчүмдү жумшайм. Айрыкча райондордо 4-5 миңдин тегерегинде айлык алып, маданият очогун өчүрбөй жандырып турган кызматкерлерибиз бар. Ошолорду колдошубуз керек  Министрлик, биринчи кезекте өз кызматкерлеринин кызыкчылыгын көздөшү шарт.

Мурдагы министр айылдык китепканаларды жабуу керек деген оюн   билдирген. Сиз ошол сунушту колдойсузбу?

-Мен мурдагы министрдин ушинтип айтканын укпаптырмын. Эч кандай коминтарий бере албайм дагы. Айылдык китепканалар,   менин оюмча акырындык менен жанданышы керек. Бирок, китепканалардын форматы өзгөрүшү кажет. Учурда маалыматтык технологиялардын активдүүлүгү жогорулап, элдин көпчүлүгү маалыматты интернет булактарынан, социалдык баракчалардан гана издеп, китепке болгон кызыгуу же болбосо илгерки биздей болуп жатып алып чырак менен китеп окугандар дээрлик жок болуп калды. Кыргыздын элдик жомокторун, “Манасты” ж.б. дастандарыбызды смартфондорго электрондук версияларын киргизүү жөнүндө ойлонуп жатабыз.   Смартфондордо, интернеттерде олтурган жаштарыбыздын кээ бир бөлүгү өздөрүнүн убактыларын кыргыз жомокторуна, дастандарына бөлүп окушат болду бекен деген сунуштарды  креативдүү (жаңычыл) жаштар да сунуш кылып жатышат.

Мен бир мезгилде өзүм туулуп өскөн айылымдагы китепкананын бир бурчун ээлегидей китептерди тапшырдым. Учурда аны окурмандар кандай пайдаланып жатышат маалыматым жок. Бирок,  ошол китептердин барышына айыл тургандары абдан кубанышып кабыл алышкан. Чындыгында азыр жаштарга китепти кантип окутабыз деген маселе Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө проблема болуп жатат.  Ошондуктан китепканаларды жаап салуу менимче орунсуз болот го деп эсептейм.

Тарых музейинен алынып, жерге берилген мумия көпчүлүктүн карама-каршы ой-пикирлерин жаратты? Сиздин пикириңизде жерге берилгени туурабы?

— Мумиянын жерге берилгенинин тууралыгы же калпыстыгын иликтөө максатында  Жогорку Кеңеште комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына Илимдер академиясынан тарыхчылар, археологдор жана башка адистер чакырылып, талкуу жүргүзүп жатышат. Ошол комиссиянын чечимине жараша болот. Археологиялык табылганы алып чыгып музейге коюу керек деген кат академиядан биздин министрликке да келген. Эгер дүйнөдөгү тажрыйбага карасак, негизи мумияларды улуттук музейлерге сакташат. Аны дайыма текшерип, бузулуп кетпегидей жайда, дайыма адистердин көзөмөлүндө аздектеп кармашат.  Мен чет өлкөлөргө барып калганда дайыма музейлерге барып жүргөн адам катары айтып жатам. Бул деген адамзатынын тарыхы, басып өткөн жолу. Ошондуктан, менин оюмча, бул маселени дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен чечиш керек.

-Санариптик теле берүүлөр ушул күнгө чейин Кыргызстандын кээ бир айылдарында ишке аша электитиги айтылып келет. Ушул жаатта кандай иштер аткарылат?

-Кыргызстандын 95% аймагына санариптик теле берүү жеткен. Калган 5 пайызга тоонун арасында, капчыгайдын ичинде калып калган, эч кандай техникалык, технологиялык мүмкүнчүлүктөр азырынча  жетпеген айылдар кирет. Өзүңүздөр билгендей биздин жерибиз тоолу аймак. Ошондуктан толкун бардык жерге бирдей, өз учурунда жете бербейт.   Бизде аймактарды санарип менен камсыз кылуу боюнча атайын комиссия курамы бар.

Ошол комиссия учурда иш алып барып жатат. Чындыгында санарип менен камсыз кылуу- техникалык, технологиялык жактан өтө оор маселе экен. Бирок, ошол  санарип иштебеген, толкун жетпеген 5 пайызды толук камсыз кылуу милдетин буюруса аткарабыз.

Кадрлар менен иштешүүдөгү карманган принциптериңиз кандай?

—           Өлкөбүздө маданият тармагында дасыккан мыкты адистер жетишпейт. Ошол эле жогоруда айтылган музей боюнча, театр боюнча мыкты кадрлар тартыш. Бизде иштеп жатышкан  андай кадрларды сыйлашыбыз, сакташыбыз керек. Ошол багытка келген жаш адистерди тарбиялап жол көрсөтүшүбүз зарыл. Мага жакпайт, ишин аткара албай жатат деп желкесинен сүйрөп чыгарып салуу мага жат көрүнүш. Ал эми такыр эле жалкоо, кирип чыкканы үчүн айлык алып иштегиси келгендер бизден эмес, башка жактан жумуш издегени туура болот.  Бир даанышмандын айтканы бар; ”Адам өзүнө жаккан  ишти жасаганда гана бүт мүмкүнчүлүгү ачылат” деп. Бул Ак Үй экен же бул Көк Үй экен деп иштей бербестен өзүнө   жаккан ишти жасаганда гана ийгилик жарата алат.

Суроо салган,  С. Султаналиев

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here