1-бөлүм;   2-бөлүм;   3-бөлүм;   4-бөлүм;     5-бөлүм

Мен кандай азаматмын! Уланга уул төрөп бердим. Маркум кайын атамды чоң ата, өз атамды таята кылдым. Баланын үнү, баланын жыты менин дене-боюмду балкытып жиберди. Менин баламды, менин бактымды ак халатчандар төшүмө жаткызып коюшту. Баламдын жүзүн мен алгач ирет суктануу, тамшануу менен карадым. Биз үч күндөн кийин төрөтканадан абдан бактылуу болуп чыктык. Өзгөчө менин жүрөгүм эми эненин жүрөгү болуп, бир башкача согуп калгандай туюлуп жатты. Ооба мен эми балапаным-балам үчүн жашайм. Балам менин – бар бактым! Мына ушундай таттуу ойлордун кучагында кубануу менен жашап баштадым. Ал эми Улан деле балага үзүлүп түшүп, ата мээримин жакшы эле төгүп жатты. Балабызга  6 ай болгондон кийин Улан Москвага иштер менен 2 айга кетти. Ал Бишкекте ишкерлик кылып жаткан болчу. Ишкерликтин ишин илгерлетүү үчүн кез-кези менен Москвага жана Алматыга  бир, эки айга жөнөп кетчү. Балапаным жарык дүйнөгө келе электе, мындай учурларда мен чындап жалгыз калчу элем. Кайын энем менен эле бир аз кобурашканым, үйдү мизилдетип бир сыйра жыйнагандан башка деле ишим жок болчу. Андан кийин курсагымды сылап эле жатчумун, кез кези менен Даниярды, Уланды жана курсактагы баламды ойлоп…Эми болсо ошол курсактагы балам сыртка чыгып, боорума жабышып, мени кубаныдырганы кубандырган. Ушул себептенби, айтор мен эч кандай жалгыздыкты сезген жокмун. Уланга караганда эң көп ойлогонум балапаным Бактыбек. Баса, балама бул атты чоң энеси койгон. Мен эч кандай каршы болгон жокмун. Энеге баласынын бакытынан артык эмне бар? Балдардын бактысы эне үчүн бул дүйнөдөгү ар түрдүү бакыттардын башаты болсо керек. Уландын Москвага кеткенине 4 ай болду. Балама 10 ай толду. Оюн салышып, эмгектеп, улам жаңы кылыктары менен чоң апасы экөөбүздүн жүрөгүбүздү эзип жатты. Бирок кайын апам экөөбүз тең Бактыбекти Уланга же айрым жерлерин мага окшото албай көп ойлоно баштадык. Чын эле балам чоңойгон сайын башкача болуп баратат. Чоң апасы бир ирет түштө чай ичип олтурсак, ушул маселе боюнча кеп баштап калды. Анын бул сөздөрү түз эле мага айтылып жаткандай өзүмдү жаман ыңгайсыз сезип кеттим.

-Бактыбегим кимди тартып, кимге окшошуп баратканын деле билбейм. Кимге окшошсо да, аман-эсен чоңойсун! «Эр тайын тартат» -дегендей, таятасына деле анчалык окшобойт, өз апасына мен көздөрүн гана бир аз окшоштургансып турам. Баламды апакеси кимге окшоштурат экен. Атакеси келсе, Бактыбегимдин ушунча өзгөрүп чоңоюп жатканына таң калат го. Бирок бала деген ошондой улам өзгөрүп, адамдарга окшошо берет. Кулк мүнөзү атасын тартпай койбойт. Кан деген кан да…

Кайын энемдин бул сөздөрү менин жүрөгүмө жаанын жебесиндей эле сайылып жатты. Эмне деп айтаарымды билбей калдым. Эмне деп айтмакмын. Айтканга жообум деле жок болчу. Чын эле балам барган сайын мага эмес, башка адамга окшоп жатканы мен үчүн да жакшы жаңылык эмес эле. Бирок да кайын энемдин «бала деген улам өзгөрүп, адамдарга окшошо берет » деген сөзү мага жагып турду. Чын эле, бала табияты ушундай да. Кимге окшош болсо ошого окшошот да. Бирок кулк-мүнөз, кан дегенибиз өз тукумуна таандык болушу керек, өз тукумунан  анчалык алыс кетпөөгө тийиш. Эми бул жагын убакыт көрсөтөөр… Ушундай ойлор менен күн өткөрө баштадым. Кайын энемден суранып алып, эки күнгө атамдардыкына келдим. Бактыбектин кимге окшош экени боюнча атам-апамдардын оюн да чекмелеп билгим келди. Атам байкуш небересине укмуш үзүлүп-түшүп, ушул жолу баласаак экени бизге даана байкалды. Апам ага тамаша-чыны менен:

-Ботом, сен балдарга мынча эзилчү эмес элең, көрсө  ушунчалык баласаак турбайсыңбы э – деди эле,атам ага чын ниети менен:

-Э, байбиче, бала деген башка, небере деген башка да. Неберең көзгө көрүнүп бажырайып турса, жүрөгүңдү элжиретип эзип таштайт турбайбы. Көрсө, небере бүт дүйнөнү толуктайт турбайбы. Мен неберелүү болгондон бери өзүмө –өзүм батпай укмуш семирип калдым. Калдайып канат –бутагым жайылып калды- деди небересин улам жыттап, улам эркелетип жатып

Апам болсо андан ары:

-Абышка, сенин көптөн берки кайгыңды ушинтип неберең жууп кетип жатканына Кудайга ыраазымын! Сен өзүңө –өзүң батпай семирип, канат-бутагың жайылып калса, мен жөн эле асманга учуп, булуттар менен басып калбадымбы- дегенде үчөөбүз  тең каткырдык. Үчөөбүздүн каткырыгыбызга кичинекей Бакытбек да бир нерсени түшүнүп жатканысып, ал деле мылжыйып күлүп калды. Анын бизди оштогондой жылмайышы кайрадан үчөөбүздүн жүрөгүбүздү элжиретип койду.

Мен ушундай жакшы маанайдан улам атам менен апамдардан сыр билгизбей:

-Ата, апа Бактыбек кимге окшоп баратат. Кайын энем эч кимге окшото албай жатат –деп өз оюмду ортого салдым. Атам бул суроого:

-Кайын энеңдин өз баласынын баласы болгондуктан бизден бетер элжиреп, бакытка мас болуп, небересинин кимге окшош экенин билбей жүрсө керек. Жээн небере болсо да биз ушунча элжиреп жатканда, кайын энеңдин абалын мен туура эле түшүнөм. Бактыбек азырынча кичинекей, кичине кезинде бала деген баарына окшошо берет. Бирок неберебиз бир аз башкача болгону менен өзүбүздүн кан да – деп койду.

Апам болсо:

-Бакыбайдын көзү мени менен эле кызымдын көзү. Калганын айта албайм. Кимге окшош болсо да аман –эсен чоңойсун – деди.

Ата-апамдын мындай сөздөрү мени жооткото алган жок. Мен өзүмдөн-өзүм шекший баштадым. Түндө балам уктагандан кийин студент кездеги альбомумду алып чыгып, сүрөттөрүмдү  көрүп баштадым. Чынында бул альбомдогу сүрөттөрдүн көбү Данияр экөөбүздүн сүрөттөрүбүз болчу. Мен Даниярды мурункудай көп эстебей калдым эле. Эми «балам кимге окшош» деген суроодон улам, аны менен түшкөн сүрөттөрүмө тигилип, аны менен өткөргөн күндөрүм, айрыкча, түрмөдө  анын астында тыбырчылап жатып, абийиримден айрылган учур көз алдымдан кетпей койду. Мен ошондо эркек менен биринчи  жолу болуп, боюмда болуп калганбы? Чын эле мен Уландан эмес, Даниярдан боюмда болуп калган окшойм. Уктап жаткан балам менен Даниярдын сүрөттөрүн салыштырдым. Тобо, Кудай! Мен деле ушул он айдан бери Бактыбекти Даниярга окшоштургум келбей жүрдүм эле. Көрсө, балам Даниярга куюп койгондой окшош турайбы. Эми эмне кылам? Кантсе да кайынэнем кыраакы киши да, небересин өздөрүнө окшоштура албай шекшип жатканы ушундан улам болуп жүрбөсүн. Анткени, кайын энем менин Данияр менен кыз –жигит болуп жүргөнүмдү билчү. Бирок убакыт боюнча эсептегенде мен Уланга тийгенден кийин тогуз айга жетип-жетпей төрөдүм го. Демек, бул учурда кайын энем менден шек алууга тийиш эмес. Анткени, ал менин  түрмөгө барып жүргөнүмдү  билбейт. Түрмөгө болгону 4-5 жолу бардым. Анын биринде шайтан азгырды. Анымды эч ким билбейт. Бир гана Кудайым билет. Мен ал түнү балам менен Даниярдын сүрөтүн улам салыштырып, ар кандай жагымсыз ойлорго жетеленип  жатып, чала уктадым.

Атамдын үйүнөн эртеси эле кетүүгө камынып калдым. Апам менин кетип жатканыма таң калып:

-Кызым, сен 3 күнгө келдим дебедиң беле. Эмне кеткени жатасыңбы? – деп суроо салды.

Мен шашып кетип:

-Ооба, апа үйдө жумуш чыгып калыптыр. Мен барбасам болбойт. Дагы келем да, алыс деле эмес го – дедим.

-Кеп алыс же жакында эмес, кызым кечээ атаң абдан кубанып жатпады беле. Ошол  кубанычын  дагы улап, айткан күнүңө чейин жүрсөң болмок да. Сен кетип калсаң, атаң кайра капа болот го.

— Эми апа, мен келем жакында эле. Үйгө барып бир аз иштерди бүтүрүп келе калайын – деп оро-чулгаларымды салыштырып, апамды таң калдырып кетип калдым. Чынын айтканда, үйдө деле жумуш жок болчу. Мени ансыз да тынч болбой жаткан жүрөгүмдү Даниярдын сүрөттөрүн балама салыштыргандан кийинки жыйынтык жанымды жерге койгузбай, бир орунда тургузбай койду. Анан апамдын үйүндө кантип тура алам. Таксиде баратып, кайын энемдин үйүнө барганда деле ушундай абалда болорумду билип, эл көп эс алган парктардын бирине түшүп калдым. Эптеп өзүмдү алаксытууну эп көрдүм. Паркта балдарын жетелеген, меникиндей али баса элек наристелерин бооруна кыскан келиндер көп экен. Балам паркка жете электе таксиден эле уктап калган. Балама тынч болсун деп, олтургучтардын бирине олтурдум. Олтурарым менен эле телефонум шыңгырап калды. Улан экен.  Уурум кармалып калгандай абалда калып, жүрөгүм катуулай сокту. Жооп бербей коюуга болбойт эле. Өзүмдү акырын колго алып, телефонду кулагым тосуп, суз учурашып, ал-ахыбалын сураган болдум. Ал болсо эки күндөн кийин келе турганын айтып, баланы өөп коюшумду айтып, телефонду өчүрүп койду.

Балам телефондон улам ойгонуп кетти. Балама алаксып кетипмин. Бир кезде балам экөөбүзгө тийип турган күндүн бетин тосуп, бир адам так маңдайыма тура калды. Ал эмне болгон адам экенине таң калып, башымды өйдө көтөрүп, аны карап көргөн көзүмө ишенбей, көзүм анын көзү менен тигилип калды. Ал да мени таңкалуу менен карап туруптур. Бул адам Данияр экен…

(уландысы бар)

Залкар Заманбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here