Маектин башы бул шилтемеде…

—Айбек мырза, качан концерт коюну пландап жатасыз?

-Бишкекке эки жыл мурун жеке концертимди бергем. Азырынча кайрадан эле Бишкекке шашылып концерт берйин деген ниетим жок. Репертуарым аз деп жүрчүмүн. Асанкалый Керимбаев, Кадыралы Артыков, Муса Баетов, дүйнөлүк классикаларды ырдап атып бир топ ыр болуп калыптыр. Буюрса сапаттуу альбом чыгарам деп пландап атам. Жаӊы  -жылга карата чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Кошуна өлкөлөргө концерт берсек деген пландар дагы бар. Жеке концертиӊди Алматы шаарынан өткөр деген сунуш түшкөн. 2018-жылы бул ишке ашып калышы мүмкүн. Бул жагын эми убакыт көрсөтөт.

—Ырларыӊыз көп болгону менен  клиптериӊиз аз?

—Жалкоолукту моюнга алам. Кээ бир жаштарга баа берем, саны бар сапаты жок деле клип тартып атышат. Кээ бири фонограмма менен ырдаса деле айылга бир торпок салып жиберип жардам кылып жатышат. Бирок, ар бир адамдын такшала турган мезгили болот экен. Мен эми чыгармачылыктын майын чыгара турган мезгилди сезип турам. Эстрада, классика жагынан маанилүү пайдалуу клиптерди чыгарсам деген пландарым бар.

—Опера тармагы ыр дүйнөсүнүн туу чокусу болот эмеспи. Ага көптөр даап бара албайт, опера жаатында билимди тереӊдетейин деген ойӊуз барбы?

—Бул жерде кээ бир адамдар бар, ошол чоӊ музыкалык окуу жайларга барып вокалдан сабак берип жүрүшөт. Бирок, өзүӊ да бир нерсени ырдап жаратышыӊ керек да. Өздөрү ырдаганды үйрөнө элек жатып, ырдаганды башкаларга үйрөтүп жатат. Өзүм жакынкы жылдары даяр болуп, сыртка окууга кетем деген үмүтүм бар. Мисалы, Жеӊишбек Ысмановду алалы. Италияда окуп, ырдап жүрөт, мамлекетибиздин желегин желбиретип. Дүйнөгө атагы чыккан Павороти атындагы сыйлыкты алып, Паваротинин аялын Бишкекке алып келип концерт берип кетти. Бул не деген сыймык. Ошон үчүн Жеӊишбектен таланттуу ырчылардын эмгегин бийлик баалашы керек. Биз деле 20 жылдай эмгек кылып, жакында эле Эмгек сиӊирген артист болдук. Ушундай наамга Жеӊишбек да татыктуу деп эсептейм.

Биз  алгач сыртка окууга чыгардан мурун өзүбүздү абдан даярдап, дүйнөлүк чыгармалардан жатташыбыз керек. Аманчылык болу бул жагын да байкап көрөбүз.

—“Жумгалым” деген ырдын сөзүн, обонун өзүӊ жазып тойлордо ырдап жүрбөйсүӊбү. Бир-эки обон жаратып токтоп калдыӊ…

—Атайын отуруп, атам-апам, туулган жерге, үй-бүлөмө чыгарам деп отуруп чыгара албайм. Антип чыккан обондун өмүрү деле аз болот. Башка обонду туурап калышы мүмкүн. Гүлсайра Момунова, Бактыгүл Чотурова баштаган белдүү акындарыбыз  мага китептерин белек кылышкан.  Кудай буйруса, татыктуу жазылган мааниси терең ырларга  татыктуу обон чыгарганга аракет кылам. Мен сыймыктануу менен айта кетейин, ушул  “Жумгалым” деген ырым мага абдан ак жолтой болду. Бардык эле адамдарга кичи мекени йык да. Андыктан жумугалдык туугандарым бул ырды абдан баалашат. Мага ыраазычылык кылып колунда бар байкелерим, ушл ыр үчүн бир эмес, эки машине минигизишкен. Мен ал байкелериме да абдан ыраазымын.

—Тойлордун көптүгү чыгармачылыгыӊызга таасир берген жокпу?

Тойлор ашепке болгон менен бизге жакшы болуп жатат. Кээ бирлер ооз ачып коюп эле 200-300 доллар алып атасыӊар деп жатасыӊар дешет. Бирок, ошол эле акчаны радио, үн жаздыруу, аранжировка жасатасыӊ дегендей. Алмашуу эле жүрүп жатат. Үй-бүлөөнү багуу ж.б. чыгымдардын баары ушул тойлор аркылуу тапкан каражаттар жаап жатат.

—Патент төлөп жатасыӊбы?

—Патент төлөөгө каршымын.Суммасы 2500 сом. Көп деле акча эмес, бирок кеп башкада.  Бизге өкмөт, салык тармагы бул айда  Айбек Саралаев он той беребиз, миӊ доллардын 300 долларын төлөп кой десе төлөп коём. Бирок, бир айда бир тойго да барбай калышым мүмкүн. Ар кандай болот. Кепилик жок. Бирок мен эл менен эсептешпейм, көӊүлдөн чыкканын алып жүрөм.

 

Маектешкен Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here