Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Марат Козукеев  47 жашында кант диабети оорусунан улам мезгилсиз каза тапты. Актёр бул оору менен көптөн бери ооруп келгени айтылт. Элибиздин сүйүктүү актёру  эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында   алгач актёр болуу менен баштаган. Кйин режиссөрлукту да колго алган. Акыркы убактарда  көркөм жетекчи болуп  иштеп жаткан. Козукеев театрда ондогон баш каармандардын ролун мыкты аткраган. Ал эми кино жатында: «Аталар керээзи», «Президент жана бомж», «Баарын кайрадан баштайлычы», «13 жашар баланын арманы» ж.б. кинолордо баш каармандардын ролун жараткан.  Маркумдун атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр жана режиссёр болуп эмгектенип келген белгилүү инсандардын бири. Апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча ошол эле театрда эмгектенген.  Козукеевдин  артында 2 кызы, 1 уулу жана жубайы калды. Элибиз эстеп жүрө турган айтарлык эмгек  калтырып, кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүүшүнө чоң салым кошкон Марат мырзанын, үй-бүлөсүнө, жалпы туугандарына биз да кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жаны жанатта болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here