6-декбарда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда элибиздин залкар акыны, айтылуу сатирик, лирик, драматург, котормочу Мидин Алыбаевдин 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде өттү. Мамлекеттик деңгээлде деп ооз толтуруп айтылганы менен мамлекет, так айтканда президенттик аппарат, өкмөт  мааракеге 100 тыйын да берген жери жок. Шылтоо баягы эле, акча жок. Бирок каалоо болсо акча бар. Себеби, жогорку жактарда  маселе чече турган жакшы тааныш чиновниктер болсо болду. Андай болсо Мидин Алыбаевдин мааракесине аз да болсо, маселен мурун башка залкар инсандарды мааракелерине бөлүнүп келгендей  жок дегенде 100 миң сом бөлүнмөк. Китептери чыкмак, ТВларда эскерүүлөр жакшы болмок,  жакшыраак даректүү кино тартылмак, көчөгө аты берилмек ж.б. Тилекке каршы, Алыбаевге жан тарткан бир да чиновник  жок экен.

Ошондуктан өкмөт тараптан 100 жылдыкка 100 тыйын да берилген жок. Башкасын кой, Маданият министри жок дегенде филармониянын сахнасына илинген  «Мидин Алыбаев -100 жыл» деп жасалган  баннерди да жасап бергенге жараган жок.  Дагы жакшы Мидин Алыбаевди жалпы жердештери, жумгалдыктар, туугандары акындын мааракесине кеткен чыгымдарды  көтөрүп беришти. Анын айрымдарын санай кетели: Жумгал коому Качкын Оторбаевдин «Мидин минткен экен» деген китептин 500 нуска менен чыгарып берип, анын көбүн мааракеде бекер таратты. Мааракеден соң  Канат Турганбеков агабыз жылкысын союп, башкалары башка чыгымдарына жардам кылып,  «Самира» деген кафеге акындын арбагына багышталып куран окутулду.

Жогорку Кеңештин капчыктуу 120 депутатынын ичинен жалгыз гана депутат Абтандил Кулбараков 150 миң сом берип, Чаектеги Мидин Алыбаев атындагы тамтыгы чыгып калган акындын музейин заманбап кылып оңдотуп түзөттү. Эми ошол музейдин салтанаттуу ачылышы Жумгалда эртең болгону турат.

Ал эми башында профессор Айылчы Сарыбаев турган «Мидин Алыбаев» атындагы фонд, анын мүчөлөрү  Ишенбек Султаналиев, Асаналиев Замир баштаган бир катар адамдар  Мидин атабыздын дээрлик бүт чыгармаларын 3 томдук кылып, ар бирин миң нускадан чыгарышты. Ошондой эле акынга арналып, медаль да чыкты. Учурда бул томдуктарды каалоочулар сатып алышууда. Айта кетчү жагдай аталган фонд өкмөткө  мааракенин чыгымдарына 200 миң сом сурап кат менен кайрылган. Бирок өкмөт ал акчаны Маданият министрлигине жүктөгөнү менен аталган министрлик 200 миң эмес, жогоруда бир баннерди чыгарып бербегенин айттык. Анан уялбай ошол баннерге «Маданият, туризм жана маалымат» министрлиги деп бадырайта жаздырып, мааракенин автору боло калышканы кызык. Атына заты жарашпаган бул министрликке караганда Мидикеңдин 100 жылдыгын айрым Жогорку окуу жайлар мыкты өткөрүштү. Эң мыкты өткөргөнү Бишкек гуманитардык университети болду. Бул өзүнчө чоң сөзгө арзыйт.

Ошентип, сейрек талант, залкар инсан Мидин Алыбаевдин мааракесине акча бербеген өкмөт, минитсрлик дегендер мааракеге өздөрү басып келип, жарытылуу куттуктоо айтканга жарашкан жок. Президенттин аппаратынан бир бөлүм башчы келди, өкмөттөн дагы бир бөлүм башчы, ал эми министр Султан Жумагулов өзү да келбей, статс секратарын жөнөтүп ийген. Болгону Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраев келип берди. Мына ушундай акындын мааракесине болгон  мамилени көргөн зал толо эл бир кайгырып нааразы болуп алды. Сөз алып сүйлөгөндөр Мидикеңдин укмуш жоруктарын айтып беришти. Ошолордун бири, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, кезинде Турдакун Усубалиев менен бирге иштешип калган мамлекеттик ишмер, 80 жашты серпип койгон Билим Карагулов агабыз бир жакшы кеп айтты. Билим агабыз Казакстанга кыргыз жазуучу-акындары баргандагы Мидикеңдин аларды кантип сөзгө сындырганы мисалга айтты. Мухтар Ауезов олтурган адамдарга кыргыз акын-жазуучуларын бир тобун аттарын атап тааныштырып, Мидин Алыбаев баштаган бир катар адамдарга  аларды тааныштырбай эле жеткенде «и другие» — деп койгон экен. Баары сүйлөп, сөз Мидикеңе жеткенде, аны карап калгандарга: «Мен Мидин Алыбаев деген болом, Мухтар ага айткан «и другиелердин ичиндемин» деп казактарды, айрыкча Ауэзовду катыра сөзгө сындырыптыр. Билим ага ошону айтып, президент тараптан, өкмөттөн, жада калса  Маданият министри Султан Жумагуловдун да мааракеге басып келбегенин сындап,  мааракеге жалаң «и другиелер» келгенин айтып  залды бир күлдүрдү. Бул күлкү жөн күлкү эмес эле, какшык күлкү болуп катуу жаңырды. Маараке концерт менен коштолуп, Мидикеңдин сөзүнө жазылган ондогон ырларды белгилүү ырчы-обончулар аткарышты.

Чынында кыргызда   10 эң мыкты чоң лирик акын болсо, ошонун сап башында Мидин Алыбаев турат. Ал эми айрыкча сатира жанрында ушу кезге чейин  Мидинге жеткен бир да жазмакер болгон жок. Мидиндин шакирти Байдылда Сарногоев  сатираны мыкты жазганы менен Мидиндин чыпалагына да тең келе албайм дечү экен.   Мидикең кыргыз сатирасынын атасы! Бул жагынан талаш жок. Эл арасындагы жоруктары эле эмне деген укмуш, керемет! Мындай талант 100 жылда бир жаралса, жаралар, жаралбаса жок. Андыктан, өкмөт элибизге эбегейсиз эмгек кылып кеткен залкар инсанга далысын салбай, талапка ылайык иштерди жасашы зарыл.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here