Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Алай районунун Бүлөлү айылында жаңыдан пайдаланууга берилген спорт залын кыш мезгилинде жылытууга 30 тонна көмүрдү айылдагы спортту өнүктүрүү максатында акысыз жибере турганы маалым болду. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн аталган айылдын эли менен спорт залда болгон жолугушууда билдирди. Мындан сырткары, спорт залга керектелүүчү атайын инвентарларды сатып алууга 30 000 сом акча каражатын тапшырып, жаштарды дени сак жашоого, спорт менен машыгууга үндөдү. Белгилей кетсек, бул спорт комплексинин жалпы сметалык баасы 9 млн. 700 миң сомду түзүп, У. Примовдун демилгеси менен Жогорку Кеңеште бир канча жолу маселе көтөрүлүп, 2017-жылдын бюджетине киргизилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here