—Эрмек мырза, кыргыз-казак чек арасындагы абал сиздердин базарга таасирин тийгизген жокпу? Алгач мына ушул маселе боюнча кеп кылсак?

—Таасири өтө деле катуу тийген жок. Бирок аздыр-көптүр кыйынчылыктар болду. Анткен менен биздин эл кыйналган сайын чыңалып, башка жолдорду тез эле таап алат эмеспи. Чек араны казактар жаап салганы менен биздикилер Өзбекстанга жол ачышып, жер-жемиш, айыл-чарба азыктарын ошол жакка сатып жатышат. Маселен,  дүңүнөн саткандар базарга жеткизбей эле жолдон, мерчемдүү жерлерден күнүгө  50 КАМАЗга чейин картошка сатып жатышканына күбө болуп жатабыз.  Буга өзбек эли менен акыркы убактарда оңолгон мамиле мындай соода-сатыкка жол ачып берип жатат. Ал эми казактар контрабандага шылтоо кылып чек араны жаап коюшканы менен, тескерисинче ал жактагы коррупцияны күчөтүүдө. Ошол эле жүк ташыган КамАЗдар мурун 10 миң теңге берип чек арадан өтүп келишсе, азыр 30 миң теңге берип өтүп жатышат. Кыскасы, контрабанда менен коррупцияны болушунча күчөтүп койду. Бул жагы туура эмес болуп калды. Анын үстүнө ошол чек арадан өтө албай турган КамАЗдардын 70-80 пайызы казак ишкерлериники. Казакстандын базарларындагы жемиштердин 50-60 пайызын Кыргызстан камсыздап келген. Мына азыр андай болбой, казактарда баа бир топ көтөрүлүп жатат. Муну казак досторубуз бизге абдан кайгыруу менен айтып жатышат. Өткөндө Назарбаев өзү бир чиновниктен нандын баасын сураса, ал 500 теңге деп оюнан чыгарып айтып жатат. Нан баасы эч качан 500 теңге болгон эмес, болбойт дагы. Ага окшогон чиновниктер базар баасын билишпейт. Базар баасын мына карапайым эл билет. Казакстанга кирип бара жаткан жерде «Алтын Орда»  деген базар бар. Ошол базардын жетекчисин бул жакка чакырып, ар тараптуу кызматташуу, айрыкча эки базарда соода кылгандарга болгон шарттарды түзүп берүү боюнча макулдаштык. Себеби, биздин базардан ал базарга жер-жемиштерди көп алып кетишип сатышат да. Мына  ушинтип кыргыз-казак эли бири-бири- бири менен камыр-жумур болуп, өз оокаттарын кыла беришет. Бизде канча деген казактар бар, Казакстанда канча адеген кыргыздарыбыз бар. Эки эл илгертен тамырлашып, куда-сөөк болуп, ынтымакта келатышат. Ошондуктан, чек арадагы абал бул  жөн гана саясат экени ачык эле көрүнүп турат. Биздин мурунку президентибиз Нурсултан Назарбаевге болгон ачуу чындкты айтып койду эле, ал таарынып, чек араны жаптырды. Бирок мунун баары убактылуу гана нерсе. Анын үстүнө президентибиз бул маселени Минскте Назарбаевге жолугуп, татынакай эле чечип койбодубу. Мындан аркысы Кудай буйруса жакшы болот.

Сиз жетектеген базарда эл уга элек кандай жаңылыктар бар? Жайкы мезгилден,   кышкы мезгилге өттүк дегендей…

—Азыр эми базарда азы-түлүктөр азая баштады.  Казакстан, Түркия, Кытайдан апельсин, мандарин сыяктуу цитрус  жер-жемиштерди алып келип, сата башташты. Өзүбүздөгү күнөөсканалар ачыла баштады. Соодагерлерибиз азайып кеткен деле жок, тескерисинче мурунку «Дыйкан» базарына караганда көп десек болот. Анткени, ал базар кичинекей болгондуктан, бир орунга 4-5 киши  тыгылышып, соода кылышчу. Азыр эми алар бул базардан өз-өзүнчө жайгашып, кенен соода кылышууда. Ушундан уламбы,  сатуучу көп,  алуучу азыраак болууда. Шаар ичиндеги орус тилдүү мекендештерибиз биздин базарды жакшы билише элек экен. Ал катмарга да тиешелүү иштерди жүргүзүп, тарталы деген ниетибиз бар. Биздин эң негизги милдетибиз-базар ичине сатуучуга да, алуучуга да бардык шарттарды түзүп берүү. Тазалык, тартип жагы биринчи орунда болушу абзел. Мына ушундай маселелердин үстүнөн тыным албай иштеп жатабыз.

—«Дыйкан» базарынын жабылганына жарым жыл болсо да, анын жабылганына нааразы болгон бир ууч адамдар дагы эле ЖМКларга чыгып, ар кайсы жактарга арызданып жүрүшөт го. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Алар боюнча айта турган деле кебим жок. Нааразычылыктарын билдирип жүрүшкөнүн биз деле массалык маалымат каражаттарынан билип калып жатабыз. Нааразы болгондор ашып кетсе  7-8 адам. Аларды деле бул базарга кирбегиле деген жокпуз. Алардын экөө-үчөөсү биздин базарга киришкен, бирок тынч иштешпей, өз иштерин улантып, бунт чыгарууга аракет кылышты. Ошондон киийн аларга тыюу салганбыз. Андан кийин да, «Дордой-Моторс» базарына  барышты, ал жактан да ызы-чуу кылып, акыры ал жактан кетүүгө мажбур болушуптур. Эми алардын артында жогору жакта колдоп жаткандар бар го. Болбосо, алар мынчалык ызы-чуу кылышпайт болчу. Менин күнөөм «Дыйкандан» шарты мыкты базар салып койгондуктан соодагерлер тандап келип, иштеп жатышат. Болгон  күнөөм  ушул. «Дыйкандын» жетекчилери 8 жылдан бери базар ичине мыкты шарт түзүп койсо боло эле го. Аларды эч ким кой деген эмес да.

Түшүнүктүү. Эрмек мырза, эми саясый темадан сүйлөшсөк. Жаңы шайланган президентибиз боюнча кандай ойдосуз? Бул кишиден мамлекет үчүн, эл үчүн эмнелерди күтөсүз?

-Элибизде: «Чымчык сойсо да, касапчы сойсун» деген жакшы сөз бар. Сооронбай Шариповичтин эң башкысы тажрыйбасы мол. Мына ушундай адам мамлекетти башкарышы зарыл. Биздин өлкө агрардык өлкө. Бактыга жараша бул кишини айыл-чарба тармагы мыкты билет. Ошол тармак боюнча билим алып, иштеп, чоң тажрыйба топтогон. Демек, айыл чарба багытында чоң жеткишкендиктер, өзгөрүүлөр болот деп ишеним артсак болот. Бизде биринчи кезекте айыл-чарба менен туризмди өнүктүрүү керек. Бул эки тармак өнүксө, өлкөдө өсүү орун алып, экономикабыз көтөрүлөт. Бирок бул үчүн эң ириде мамлекетибизде саясый стабилдүүлүк орун алып турушу кажет. Алмазбек Атамбаев 6 жылда мамлекетибизге стабилдүүлүк орнотуп койду. Ушул маселе мындан ары да талапка ылайык  өз деңгээлинде болсо экен деп тилейбиз. Биз ар кимибиз колубуздан келген  оокатыбызды кылсак эле өнүгүп кетебиз. Мамлекетибизге кылган салымыбыз ошол болот. Бизде демократия, саясый маданият деген Кудайга шүгүр. Азыр Сооронбай Жээнбеков таңкы саат  6да жумушка келип жатат. Демек, анын аппараты беш жарымда жумушка келет да,  туурабы? Бул да бир чоң жаңылык, жоопту кызматкерлер үчүн үлгү…

Жаңы президентибиз ишке киришкен биринчи күнү эле коррупция менен күрөшүү  маселесин козгоп, бул багытта талапка ылайык иштер жүрө турганын айтты. Чынында кайсы жагыбызды карабайлы, бизде коррупция толтура да. Жаңы президенттин бул аракетинен канчалык деңгээлде жыйынтык чыгат деп ойлойсуз?

—Бул адам  буга чейин далай кызматтарда иштесе да, артынан ар кандай ызы-чуу кептер ээрчиген эмес. Таза адам. Таза  адам гана коррупцияга катуу сокку ура алат. Ага эрки да жетет. Болгону бул ишке эл тоскоолдук кылбашы керек. Баарыбызга белгилүү да. Бизде бир чиновникти камаса, анын туугандары элди көтөрүп чыгат. Мына ошондой болбошу абзел. Эл аны да билет. Бирок ОбОНчу аялдар ошол коррупционерди коргоп ызы-чуу кылып келишет. Аларга да катуу чараларды көрүү зарыл. 6 жыл ичинде мурунку президент коррупцияга жакшы эле чара көрдү, эми ошол чараны, күрөштү жаңы президентибиз болушунча күчөтсө эң ириде элибизге, мамлекетибизге эле пайда болот. Албетте, коррупцияга күрөш талапка ылайык жүрсө ага тоскоолдуктар болот, болбой койбойт. Ушул эле маселенин айынан мурунку президент менен азыркы президенттин  мамилесин сууткусу, бири-бирине каршы койгусу келгендер чыгат. Андай бузукулардын тилегин таш каптырып, ал маселелерге такыр көңүл бурбай эле коюшу абзел да.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө бут тосуп, ар кандай ызы-чууну жакшы көрүшкөн бейөкмөтчүлөр боюнча кандай ойдосуз?

—Мына ошондон улам да биздеги жанагы бейкмөтчүлөр (НПО) өз билгенин кылышып, сырттан алган акчалары менен кутуруп жатышат. Алар президенттен баштап ар кимди  каалагандай сындашат. Ошондой ниети бузуктардын тизгинин  тартып, аларга өз учурунда  чара көрбөсө болбойт. Маселен, ал экс-президентти эмне деп гана сындашкан жок. Американын же башка бир мамлекеттин акчасына өз элин, элибиздин кадаа-салт, улуттук баалуулуктарын мынчалык катуу сындап, жокко чыгаргылары келген андай шумпайлардын камчы менен тилдерин  үзө чабуу керек. Жакшылык түшүнүшпөйбү, аларга ушундай катаал мамиле керек. Элибиз акыркы 6 жылда митинг, ызуу-чуудан такыр пайда жок экенин туура түшүнүп билди. Азыр элди эч ким алдай албайт. Өлкөбүздө экономикалык өсүш болуп жатат. Бир мисал айтайын, алты жыл ичинде бизде 35 пайыз девольвация болду. Ал эми Казакстанда 200 пайыз болду. Казактарда мурун 1 доллар 148 теңге эле, азыр 400 теңгеге жетти. Мына экономикалык өсүштү, айырманы ушундан улам билсең болот.

Ишкер катары айтсаңыз, акыркы жылдары ишкерлик кылууга мамлекет бир топ жеңилдиктерди берип, жакшы эле колдоп келет. Ишкерлик кылууга дагы эмне жетишпейт?

—Туура, акыркы 6 жылда ишкерлик кылган адамдар мамлекеттен чоң колдоо алышты. Мамлекет ишкерлер үчүн бир топ текшерүүлөрдү кыскартты, айрым салыктардан бошотту ж.б. Бирок бир гана нерсе жасалбай келет Ал биздин каныбызга сиңип калган – бюрократия маселеси. Кайсы жерге барбаңыз, ошол жерде бюрократия бар.Бир жерден 5 мүнөттө эл кагаз алып, же кагазыңа кол койдуруп чыгып кете турган ишиң айрым учурларда 5 күнгө  созулат. Анан бир кабинеттен эле бүтө турчу жумушту созуп, ар кайсы кабинетке сүйрөшөт.  212-кабинеттен чыксаң, 215ке кир дешет. Ал жактардан «Ассаломалейкум» деп колду бекем кыспасаң, иш бүтпөйт. Мунун баары ишкерлерге болгон тоскоолдук. Бардык ишти, документтерди бир эле кабинеттен бүтүрө тургандай шарт түзүү керек.  Бул жагы такыр эле мурункудай турат деп айта албайм, жылыш бар. Дагы алдыга жылдыруу зарыл. Кээ бирлер ушундай бюрократиянын азабынан ишкерликтен баш тартып койгон учурлар болот. Мамлекет, жаңы келген президентибиз ушул маселени катуу көзөмөлгө алып койсо, абдан жакшы болот эле. Бизде ишкерлер канчалык көп болсо мамлекетке ошончо пайда. Себеби, мамлекетке салыкты чиновниктер эмес, дал ушул ишкерлер төлөшөт. Ошондуктан, ишкерлерди дагы да колдоо керек. Чынында бизде бай адамдарга бир аз башкача көз караш бар. Чиновник болсо деле, ишкер болсо деле  анын бир аз байлыгын билип калса, чиновник экен деп ойлошот. Ушул себептен, байлыгын ачыкка чыгарбай, шалдырап бир жаман машинаны минип алып жүргөндөр да толтура. Бул атмосфераны да өзгөртүшүбүз керек. Элибиз бай болгондон коркпошу керек. Ошол бай болуп алып коркуп, байлыгын элден жашырып, бирок башка мамлекеттерге барып, укмуш эс алып жүргөндөр да толтура.

Бийликке жалаң демилгелүү жаштар келип жатат. Элибиз алардан чоң үмүт кылып турат. Сооронбай Жээнбеков же, Сапар Исаков сизди да бир жооптуу кызматка чакырса барасызбы?

—Мен эч качан чиновник болгум келген эмес жана мындан ары деле болоюн деген оюм жок.  Мындан эки-үч жыл мурун мага бир кызмат сунушташкан. Бирок мен баш тарттым. Элге жардам кылуу үчүн сөзсүз эле чиновник болуш керек эмес. Мисалы, дыйканчылык кылып, ошол алган түшүмүңдөн жок дегенде 2-3 мүшөк  кылып муктаж адамга берип койсоң ал дагы жардам, ал дагы эмгек. Ар ким өзүнүн колунан келген ишти жасашы керек. Мисалы, мени  министр кылып коюшса, мен ал жерге иштей албайм. Анан элди да, өзүңдү да кыйнап, уят болуп эмне кереги бар. Ишти кыйратпаган неме акыры жүрүп коррупционер болот да туурабы? Биздин бир кемчилигибиз ушул да, колунан келбегендер жооптуу, чоң кызматтарга  жулунуп жатышпайбы. Жакшы иштеп берсе го бир жөн, ишти билбегендер мамлекет үчүн эч кандай пайда деле алып келбейт да.  2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге аракет кылгам, бирок болбой калды. Алдыдагы шайлоолордо да бул жагын байкап көрөрбүз. Эми ал жагын убакыт көрсөтөт. Негизи мен депутат болуп, элдин көйгөйүн тереңден айткым келет да. Жогорку Кеңешке эмне үчүн депутат болуп баргым келгенин деле ачык айта кетейин. 25 жылдан бери бизде ар кайсы кызматтарда иштеп, бирок эч нерсени кыйратпай, «чирип» калган саясатчыларга ЖКда депутат катары беттерине айтайын дегем. Мисалы, Кулов баштаган бир катар карт саясатчылар бизде көп. Алар дагы деле ар кайсыны айтып, элдин башын оорутуп жүрүшпөйбү. Уялышпайбы. Болду да эми. Кызмат атасынан калган кызмат эмес да. Жок дегенде башкага орун бошотуп беришпесе да,  балдарына орун беришпейби. 25 жылдан бери чоң саясатта жүргөн карт саясатчылардын эң жакшы билген жумушу- бул коррупциялык схеманы түзө алышат. Азыркы өкмөткө бут тоспошу керек. Сындагандар болуп жатпайбы,  30 жаштагы министр эмнени кыйратмак эле дешип. Буга чейин 60тагы министрлер, чоң саясатчылар эмнени кыйратышты? Мына ошондой алдым-жуттумдардын талкалап койгон көп бөлүгүндөгү иштерди жаштар ордуна коюп келатат.  Кудай буйруса, өкмөттүн иши жакшы башталды. Дагы көп нерсени күтсөк болот.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here