Жакында эле мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан кеткен «Раим миллион»  аттуу каймана аты бар Райымбек Матраимов,коомчулукка  белгилүү адамдар аркылуу өзүн жерге-сууга тийгизбей мактаттырып айласы кетүүдө. Элге төбөсү көрүнгөн эле адамдар, «Раим миллион» эч кимге билгизбей эле көп адамдарга жардам бергенин, мамлекеттик казынага миллиарддаган каражаттарды түшүрүүдө эмгеги чоң экенин белгилешиптир. Мындан улам, буга чейин кылганын милдет кылбаса, анан эмнеге жанталашып баарын ар кимдин оозу менен айттырып догун артып жатат, арты таза эместиги билинип калып, кылмыш иши козголгону калганбы деген суроо туулат? Дегенибиз, президенттик шайлоонун алдында  Сооронбай Жээнбеков 35 коррупционерди билээрин, аларды камап, кустуруп жазасын берээрин айтты эле. Бажы тармагын майкандап бүтүрдү деген «Раим миллион» ошол тизменин башында болуп жүрбөсүн?..

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here