Нарында үч алтын кени 1,8 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу мамлекеттик комитети кабарлайт. Аукциондун жыйынтыгында Кичи Нарын тилкеси боюнча алтын кендин   лицензиясын «Эгиз-Суу» ишканасы жеңип алган. Башкача айтканда, 53 миң долларга сатып алган. Ал эми «Биринчи» кенин колдонууга уруксатты «Тусан мининг» 1 миллион 780 миң долларга сатып алды. Үчүнчү алтын кени «Улан» аянтчасынын лизенциясы 31,6 миң долларга «Базис Голд» ишканасына берилди. «Кумтөр», «Жерүй» алтын кендери боюнча нааразычылык күчөп турганда, башка алтын кендерин сатуунун зарылдыгы жок эле. Минтип отурушса, мамлекетти дагы сатып жиберишет го…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here