Бокс боюнча Ысык-Көл облусунун чемпиону Аскар Ташкенбаев жашоодон үмүтүн үзүп, майып болуп калдым деп ойлоп, өзүн таштап кое жаздаган.

Ысык-Көл облусунда Каркыра чек-арасында чалгынчы болуп иштеп жатканда, кырсык былтыр, Ысык-Көлдө сууга секирип жатып болуптур. Ден соолугун калыбына келтирүү үчүн ар кандай дары-дармектерди ичип, барбаган доктуру Кыргызстанда калган жок…

Чет мамлекетте гана өтө кымбат операция жасалаары белгилүү болуп, Аскар Ташкенбаевдин үй бүлөөсүндө андай каражат жок болгонуна байланыштуу, бир жарым жылдан бери демөөрчү издеп келишкен.

Ал ортодо мекен коргоочусуна дагы коргоочу табылды.

Аны, Балыкчы Алко Трейд ишканасынын жетекчиси Рахат Тургунбаев 560 000 (беш жүз алтымыш миӊ) сом каражат берип, учурда Москва шаарында Аскар Ташкенбаев операцияга даярданып жатат.

Буга чейин Рахат байке Аскарга айлык катары ай сайын 7000 сомдон деп чегерип берген! Бул бир же эки жылга эмес, «пожизненно»!

Буюрса, Аскар жакында арабызга кайтып келип, кайрадан мекен чек арасын коргойт!

Кайрымдуу адамдарга Жараткан дагы көп байлык, дагы көп ырыскы берсин! Аскарга ден соолук каалайбыз!

Москвадагы мекендештер колунардан келишинче жардам кылып, жок дегенде ысык тамак киргизип тургулачы, сураныч!

Дареги Москва, Лодочная көчөсү, №15, 2-корпус

Жанында Исмаил деген тууганы бар, Ватсаптагы байланыш номуру +996551225044 — деп жазды Фейсбук колдонуучусу Бектур Бакытбекович

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here