Опера ырчысы Айбек Саралаев жакында эле мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан “КРнын Эмгек сиӊирген артисти” наамын алды. Ырчы менен наам, чыгармачылыгы туурасында баарлаштык.

—Айбек мырза, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти” наамын алышыӊыз менен куттуктайбыз? Наам өтө эрте же өтө кеч эмес, убагында берилди окшойт. Чыгармачылыкка келген убагыӊыздан баштап кеп козгосок?

—Чыгармачылык чөйрөгө келгениме 18-19 жыл болуптур. Анын ичинен 15 жыл Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында иштептирмин. 9 жыл хордун артисти болдум. 6 жылдан бери жеке солистмин. Башында келишимдин негизинде иштесем, азыр штатка кирип толук кандуу опера ырчысы, солист болуп иштеп жатам. Ортодо Коргоо министрлигинде 8 жыл иштедим. Ошол кездеги Коргоо министри Исмаил Исаковичтин жетекчилиги астында ШОСтун президенттерине, 7 мамлекеттин министрлерине ырдадым. Четтен келген президенттерге кыргыздын жакшы ырларын тартуулайлы деп андай маанилүү концерттерге классикага, фольклор, эстрада, аккордеонду да коштук. Мындан 10 жыл мурун Исмаил Исакович Эмгек сиӊирген артист наамын алып берейин деди. Ошол кезде мен Эл аралык конкурстарга баара элек элем Операда башкы каармандын ролун аткара элекмин, жеке концертимди бере элекмин. Анан кайсы бетим менен алам? “Исмаил Исакович, мага ишеним көрсөткөнүӊүзгө чоӊ рахмат, мен өз убагы келгенде алайын”, — десем, “Сен абийириӊ бар бала экенсиӊ, мен сага анда үй жагынан жардам берейин” – деди. Бирок, ошо менен үй деле алган жокмун, жанталашып чуркаган деле жокпуз. Баа бергеним, генералдын талантты баалаганы. Андан бери он жыл өтүптүр, турмуш алмашты, мезгил алмашты. Мына буйрук болуп, бир нече конкурска барып жеӊүүчү болдум. Айчүрөк операсында Күлчоронун ролун аткардым. Президенттик стипендиант болдум. 2011-жылы Чымкент шаарында өткөн Романсиада деген эл аралык конкурста, 30дан ашык өлкөнүн ичинен 3-орунду алдым. 2014-жылы Россиянын Башкартастан мамлекетинин Уфа шаарында “Урал моно” деген конкурста 2-орунду алдым. Астанада Шабыт конкурсунда дипломат болдум.  2017-жылдын эсебинен мурунку президентибиз Алмаз Атамбаев кетип жатып, мамлекет, өкмөт баалап, Жогорку Кеӊеш тараптан колдоо болуп, ошонун негизинде КРнын эмгек сиӊирген артисти наамына татыктуу болдук.

—Эстрада менен опера ырчысын салыштырып болбойт. Уфага барганда Курал Чокоев да барбады беле. Эстрада ырчысы болуп туруп сенден чоӊ орунду алганда таӊ калганбыз.  Кийин Курал Чокоевди Айчүрөк Иманалиева эжебиз көтөрмөлөгөнүн эшиттик?

—КРнын Эмгек сиӊирген артисти Айчүрөк эжени сыйлайбыз. Ошондо өзүм деле билбей калмакмын. Түркиядан келген Исмет бей деген калыстар тобунун мүчөсү мага “Негизи 1-орунга сени көргөзгөнбүз, бирок силер тараптан келген коноктордон…” – деп калды. Айбек Саралаевге ушул орун эле болот деп коюшуптур. Бирок, сабыр кылдым. Курал Чокоев да менин иним иштин майын чыгара аткарган, эмгекчил жигит.

—Сиз го 20 жылга жакын мезгилдин аралыгында   Эмгек сиӊирген артист наамын алдыӊыз, а бирок 10 жылга чукул ырдагандар мамлекеттик концерттерге катышпай туруп эле Эмгек сиӊирген артист наамын алып жатканда кандай сезимде болосуӊар?

—Негизи наам бөлүштүрүү боюнча Опера жана балет театрынан,  Кыргыз драма театрынан,  Жазуучу, Манасчылар союзунан чогулган чоӊ комиссия түзүлүшү керек. Кол ийрисине тартат болуп кетип жатат. Мурунку этапта тоюна барып ырдаган ырчылар Эмгек сиӊирген наамын алышкан. Эрте бергени бир жагынан стимул болот. Ал жанагы Кыргызстанды тааныткандарга берилген наамдар. Мен опера балет театрынан аксакалдардан талашып, 40-50 жыл иштеген кесиптештеримен талашып албаганыма сүйүнөм.

Суроо салган Т. Касымалиева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here