Атамбаевге жакын болгондон бери КТРК менен Маданият министрлигин көздөп жүргөн Султан Жумагулов акыр бул эки максатына тең жетти. Учурда Маданият министрлигин жетектеп, жетине албай турат. Өзү иштин көзүн жакшы эле билет. Бирок укмуш таза, укмуш кыйын дегенден алыспыз. Ошондой болсо да таза иштеп, Маданият министрлигин артка тартып, “чиритип” жаткан айрым ниети жакшы атка минерлерден арылтып, оңдойм деген тилеги бар болушу керек деген ойдобуз. Журналист болуп, өзү да коррупция темасын кез-кези менен жазып, катыра жазгандарды баса калып окуп келаткан Жумагулов өзү жетектеген министрликтеги коррупциянын эң сонун билет. Эми ошолорду министрликтин деңгээлинде иликтеп, жоопко тарта алабы? Жок дегенде кызматтан айдай алабы? Ушуга күчү жетеби? Бул министриликте киного бөлүнгөн олчойгон акчаны ары-бери калчап, киночуларга жеткиликтүү жеткирип бере албай, айтор ар кандай иштин былыгын чыгарып келаткан Кино департаменттинин алмашкыс жетекчиси Мукталы Бектеналиев, кыргыз Циркти  каалгандай калчап келаткан Курмангазы Исанаев баштаган бир катар адамдарды иштен эле айдап тим болбой, ишмердүүлүктөрүн тыкыр текшерип жоопко тартууга эчак мезгил бышып жетилген. Жумагуловдун мына ушул ишке эрки, күчү жетеби? Же мурунку министрлердей болуп унчукпай, алар менен “табакташ” болуп алабы? Же ал карт “бөрүлөр” эмгиче Султакеңдин оозун “майлап коюштубу?”

Булак: Багыт кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here