Мэрия жыл сайын борбордук аянтка миллиондогон сомго 20-30 метрлик балатыны тигип, кооздоп келет. Бул эми эл үчүн деп айтылганы менен ага эл төлөгөн салыктан олчойгон каражат кетип жатат. Орто жолдо жолуң болгур атка минер сөрөйлөр да кытып, суук колдорун салышат. Быйылкы балатыга жалпысынан 15 млн.сом сарпталаары маалым болду. Бул деген АКШ доллары менен алганда 215 миң. Мынча акча коротуп балаты тигүүнүн кереги бар беле? Бул жагынан алып карганда мэрияга эл нааразы. Же мэрия бул акчалар демөөрүлөрдүн акчасыбы, элдикиби, ачык айткан жок. Чынында 15 млн. сомго Бишкекке орточо бала-бакча салып койсо алда канча пайдалуу болмок.

Булак:Багыт кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here