(Уландысы, )

—Анан…

—Анан мындай көрүнүшкө өзүм аябай таң калдым.  Ырдап бүтүп жүгүнгөндөн кийин эле жанталашып басып кеттим. Сахнанын артына өтсөм эле баары: “Алтыке укмуш ырдадың. Баарын ордунан тургуздуң” деп эле куттуктап калышты. Андан кийин 1975-жылы  Та                                                                                 жикстанда адабият жана искусство күндөрүнүн жумалыгы өтүп калды. Ал жерде чоң программадагы  концерт болгондо  Эмгек сиңирген артист, Эл артисти жана башка наамдарды алган Тажикстандын ырчылары ырдашты. А бизден барган артисттерден раматылык Болот Миңжылкиев менен Токтоналы Сейталиевдин эле наамы бар экен. Калганыбыз болсо оркестрдин эле солисттери болчубуз. Бизди Тажикстанга Кеңеш Кулматов жетектеп барган эле. Балким,  биздин ырчылардын көпчүлүгүнүн наамынын жоктугу анын намысына тийгендир… Анан ошол эле жылы мага Жогорку Кеңештин грамотасы берилди. Кудайдын буйругу менен Эмгек сиңирген артист наамын 1976-жылы алдым. Эми бул наамды алышыма Кеңеш Кулматовдун эмгеги чоң деп ойлойм. Өзүм болсо “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясынын жанында жашаймын. Ал жерде гезит-журнал саткан адамдар менен кээде кобурашып калам. Бир жолу ал жерге  барсам илгери ЦКда иштеген бир аксакал: «Кандайсың иним?  Ай сен азамат турбайсыңбы”- деп мени менен учурашып калды. «Жакшы байке. Эмне болду?- деп аксакалдан жооп күтүп калдым.  «Баягыда сен «Кантың барды” ырдаганда Косыгин:  “Бул ырчыда наам барбы?-деп Усубалиевден сураган. Ошондо  Усубалиев: “Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти деген наамы бар”- деп айткан болчу дейт. Ал кишинин бул сөзүнө мен таң калган элем. Эми кимисинин сөзү калп, кимисинин  сөзү чын экендигин эч ким деле билбейт. Эмнеси болсо да ал мезгилде ушул наамды алганда аябай толкунданган элем. Анткени ошол кезде бир топ жылдардан бери иштеп жүргөн артисттердин көпчүлүгүнүн наамдары жок болчу.

—Азыр сиздин репертуарыңызда аткарган ырларыңыздын саны канча экендиги эсиңиздеби?..  

—Менин оюмча 60 тай болуш керек. Бир гана өкүнүчтүү нерсе, ал мезгилде филармония теле-радио комитетине кат жиберчү. Кат барганда ал жердегилер окугандан кийин Кыргыз эстрада кайсы учурда ыр жаздырса болорун билдирип уруксат беришет. Тилекке каршы андай учурларда биз Нарында,Көлдө, же башка аймактарда гастролдо жүрүп калчубуз. Ошон үчүн көп ырлар жазылбай калган эле.

—Дегеле чыгармачылыкка аралашкандан бери канча мамлекетти кыдырдыңыз?

—Советтер Союзунан тышкары 1974-жылдан тарта 1985-жылга чейин Сирия, Түркия, Алжир, Лаос, Вьетнам, Монголия, Конго мамлекеттеринде болдум. Ошентип 1985-жылдан баштап чет өлкөлөргө чыкканда токтоттум. Ар бир нерсенин өз учуру болот экен. Учурда мени жакшы тааныгандар 60,70, 80 жылдык мааракелерине барып эки-үч ыр ырдап калам. Баркымды кетирип жаштардын тоюна бара бербейм. Анын үстүнө менин аткарган ырларым бийлегенге ылайыктуу эмес. Мындай куракта  “сүйдүм-күйдүм” деген маанидеги ырлардан алыс болуп, небере, байбичең, мекен тууралуу ырларга басым жасап калат экенсиң.  «Досум Үсөн” тобунун көркөм жетекчисинин  “Кадырман карыларым” деген ырын жогоруда айткандай мааракелерге барып ырдап калган жайым бар.

—Атамбаев кызматтан кетээрдин алдында мамлекеттик наамдарды татыктуусуна да, татыксызына деле бербедиби. Бул тууралуу учурда  коомчулукта да бир топ нааразычылыктар болуп жатат. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

—Эми өзүң айткандай наам алгандардын арасында чындыгында татыктуусу деле, татыксызы деле бар. Ошон үчүн Маданият министрлиги наам ала тургандардын элге канчалык деңгээлде эмгек сиңиргендигин жакшылап талдашы керек. Мисалы, биздин учурда тапкан акча каражаттарыбыздын баары эле мамлекетке калчу. Биз айлык акы гана алчубуз. Кээде гана жакшылап иштегендигиң үчүн айлык акыга бир аз акча кошуп сыйлык катары беришчү. Ал эми азыркы ырчылардын көпчүлүгүнүн тапкан акчасы өздөрүндө эле калып жатпайбы. Айрым ырчылар эле мамлекетке салык төлөбөсө… Эгерде мамлекеттин атын чыгарып Эл аралык конкурстарга катышкан Кайрат Примбердиевге окшогон ырчыларга наам берсе мен каршы эмесмин. “Ушулар да ырчыбы? Сөздөрүнүн мааниси жок” деп азыркы кезде нааразы болгондорду деле кездештирип жүрбөйбүзбү. Илгери концерттик программа Маданият министрлигинен Көркөм кеңешинин атайын кароосунан өтчү. Бүгүнкү күндө болсо концертти эл өзү тандай турган учур келди. Эгер жакшы ырчы концерт койсо эл тынбай бара берет. Ал эми деңгээли төмөн ырчы концерт койсо эл жакшы келбегендиктен, ал ырчы бир-эки жолу концерт койгондон кийин банкрот болуп акыры ырдаганын токтотот. Анан муун алмашканда сындаган кишилер көбөйөт. Мисалы, биздин учурда Панфилов паркынын ичинде жайкы филармония бар эле. Бир жолу ошол жерде концерт болгондо антракт учурунда сыртка чыгып кобурашып турсак жаныбызга бою кичинекей бир кемпир келип калды. Ал:  «Стаканда кантың барды” кимиңер ырдадыңар?” деп сурап калды.  “Мен ырдадым” деп жооп бердим. “Ай ушинтип кантип ырдасын? Шаршен минтип ырдачу эмес»- деп  бир аз нааразы болгондой түр көрсөттү.  “Биз эстрадага ылайыктап ырдап жатабыз” десем, “койчу ай, айланайын” деп ошондо  колун шилтеп басып кеткен болчу. Анан жанымда турган байкелерден ал кемпирдин ким экенин сурадым. Көрсө ал Шаршен аксакал менен иштешкен белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканова экен. Демек, ар бир муун алмашканда сын айтылат экен да. Ошон үчүн буга көңүл деле бурбаш керек. Анткени биздин эстрада жанрында ырдаган ырчыларыбыздын көпчүлүгү тойлордо ырдап калышпадыбы. Анан алар тойдо ырдап, элдин көңүлүн көтөрүп бийлетиши керек да. Тойго ылайыксыз ыр ырдасаң эч ким укпай коюшу мүмкүн.

—Эми сиз жогоруда айтып өткөн Көркөм кеңеш бүгүнкү күндө чындыгында керек эле да?

 —Чындыгында бул маселе буга чейин коомчулукта бир жолу көтөрүлгөн. А бирок тилекке каршы демократияны шылтоологондордун айынан аягына чыкпай калган. Биздин учурда тартип аябай катуу болчу. Филармониянын парторгу келип шымыбыздын багалегин жогору кийген байпагыбыздын өңүнө чейин текшерчү. Жайкы чилдеде филармониянын сахнасында кара костюм-шым, жекет,ак көйнөк, кара  галстук, кара туфли менен тердеп-кургап ырдачубуз. Ал учурда баары сахнаны ыйык сезишчү.

—Белгилүү ырчы катары башыңыздан көп эле кызыктуу окуялар өтсө керек?..

—Андай окуялар көп эле болгон. Бир жолу Панфилов паркынын ичиндеги жайкы филармонияда концерт болуп анан  мен ырдап бүткөндөн кийин бир кыз келип мага гүл сунуп калды. А мен ыраазы болуп аны бетинен өөп койдум. Эртеси ишке келсем деректир чакырып жатканын айтып калышты. Ал учурда ар бир мекемеде маселени деректир, парторг, профком эле чечип койчу. Директордун иш бөлмөсүнө кирсем үчөө отурган экен. Алар менин кечеги кылган ишиме нааразы болушуп бир сыйра кекетишип:  «Сен деген Советтер Союзунун артисттисиң.  Атаңдын оозун урайын. Кызды жөн эле өөп койдум деп билмексен болуп коёт. Экинчи минтпей жүргүн!” деп сыртка чыгарып жиберишкен эле. Эми сага дагы бир окуяны айтып берейин. Ош базар тарапта жайгашкан пиво заводунун  жанында «Суусамыр» деген ресторан бар эле.  Айылдан кесибине байланыштуу билимин өркүндөткөнү борборго  3 айлык курска келишкен дарыгер досторум бир жолу жатакана келишти. Анан алар баягы ресторанга  кечкиге  атайын буйрутма беришкенин айтып калышты. Кечинде ресторанга барсам дасторконду аябай жакшы даярдашкан экен. Бир аз ичимдик ичилгенден кийин эле досторум  «ырдап бер» деп суранып калышты. А мен ал жердеги тааныш музыканттар менен сүйлөшүп ошол учурда абдан популярдуу болуп жаткан орусча ырлардан экини ырдап бердим. Акырында эч нерсе оюмда жок ал жерден кеттим. Эртеси репетицияга келсем эле раматылык Чоро Кожомжаров өңү купкуу болуп келип деректир чакырып жатканын айтты.  Деректир мээмди жарым саат эзген соң  “Чык эшикке! –деди. Сыртка чыгып 15 мүнөт туруп кайра директорго жолуктум. Ошондо директор мага акыркы эскертүү бергенден кийин профкомго ала турган сыйлыгымды кыркып салышын буюрду. Сыртка шылкыйып чыксам раматылык Окен деген гитарист жигит турган экен. Мен ага иштин жайын айтсам ал:  “Ордуңда калган турбайсыңбы. Жүрү эми ошон үчүн майрамдайлы “-дегенде экөөбүз ээрчишип алып андан ары дагы майрамдаган элек.  Филармонияда ошол учурда тартип катуу болчу. Азыр болсо ал жердеги ырчыларга тойлорго барып ырдаганга уруксат берилип жатпайбы. Эми мен эмнеси болсо да  ошол кездеги максатыма жетип, акыры кыргыз эстрадасын өзүмдүн салымымды кошконума абдан кубанам. Абдан…

Аягы

                                                   Маектешкен Нурлан ИСАМАТОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here