2007-2009-жылдары кыздардан түзүлгөн «Амазонок» аттуу криминалдуу топ адамдардын үрөйүн учурган кылмыштардын автору болушкан. Алар бул эки жыл аралыгында Орусияда  жалпысынан 10 адамды өлтүршкөн, маркумдардын арасында жаш балдар да болгон. Алар киши өлтүрүүдөн тышкары, мыйзамсыз курал сатуу менен да алек болушкан. Кыздардан чыккан мыкаачыларды укук коргоо органдарында иштеген Сергей Синельник коргоп, аларга милициялардын сүйлөшүүсүн угуп туруу үчүн рация берип жардам кылып турган. Акыры бул мыкаачылар кармалып, бир топ убакыттан бери соттук иши жүрүп жаткан. Бүгүн болсо Орусиянын Ростов облустук соту Анастасия Синельникти 19 жылга, Инесса Тарвердиеваны 21 жылга эркинен ажыратып, катуу тартиптеги түрмөгө кести. Ошондой эле Инесанын кызы Виктория 16 жылга кесилди. Бул кылмыштуу топтун  мүчөсү болгондор да 20 жылга кесилишкен. Булардын жалпы түрмөгө кесилген мөөнөтү 76 жыл болгонун орус ЖМКлары жазып чыгышты. Мындан тышкары, алар моралдык чыгым катары 12 млн. рубль төлөшмөкчү.
Төмөндөгү сүрөттө солдо Анастасия жана оңдо Виктория…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here