Кыргызстандагы “коррупциянын ” эмблемасындай болгон Кубанычбек Жумалиев деген кургур жеринен кошоматчылыкты катуу өздөштүргөнү элге кеңири маалым. Жаш чагында Акаевди мактап жүрүп, чоң саясатка аралашты, деңгээли жетпесе да, уялбай этпей Акаевдин жетеги менен премьер болду. Анан жалаң Кудайдан жөө качкандардын командасы болгон “Бир болчуларга” кошулуп ЖКга депутат болуп келди. Бүгүн болсо эки жылдан бери салынып жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын берүүнү сунуштап чыгып, элдин оозун ачырды. Эске сала кетсек, “Ата-Мекенчи” депутат Сайдула Нышанов эң биринчи болуп Атамбаевге Кыргыз Эл баатыры наамын берүүнү айтып чыгып, кошоматчылыктын анык калссикалык үлгүсүн көрсөткөн. Жумалиевдин бул сунушу Нышановдун кошоматчылыгынан да ашып түштү окшойт. Көрсө, таза эмес адамдардан  өтө эле “оргиналдуу” сунуштар чыгат окшобойбу. Бул салынып жаткан жолго ысым берүүдөн мурун салып бүтпөйлүбү. Анын үстүнө ага кеткен олчойгон миллиард доллар ар бирибиздин моюнубузда карыз болуп турат. Ошол акчанынын көбүн Атамбаев өз чөнтөгүнөн чыгарса, ага Жумалиев анча-мынча жардам кылса, анан экс-президенттин ысымын ыйгарсак жарашмак. Андыктан, мындай кошоматыңарды азырынча колтугуңарга тыга тургулачы, бай болгурлар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here