Кудай эле сактасын, бул биздеги мэрлердин бири эмес. Бактыга жараша бизде бир да мэр айым жок деңизчи. Бразилиянын Бон-Жардин аттуу чакан шаарынын мэрлигине  2012-жылы  Бето Роша ат салышып жаткан, бирок ал мурунку кызматтары боюнча коррупцияга шектелгендиктен,  жолу буулуп, анын ордуна 27 жаштагы Лидиану Лейта аттуу анын жаш сүйгөн кызы тандалып алынган. Ал кыз мэр болгону менен кызматка келери менен  кыйратып иштебей, өз билгенин кыла баштаган. Мэрликке өтпөй калган 44 жаштагы сүйгөнүн өзүнө башкы кеңешчи кылып дайындап, өзү болсо бул шаардан  200 чакырым алыстыкта жайгашкан  Мараньяо штатынын борбору Сан Луиске кетип калган. Ал мэриянын бюджетиндеги миллиондогон евролорду өз акчасында коротуп, өзүн ханышадай сезип ошол жакта жашап жүрө берген. Анысы аз келгенсип,  шаарды ошол жакта туруп вотсап аркылуу кол алдындагыларга жазып башкарымыш этип турганын Independent басылмасы жазып чыкты. Мэр Лидиана Инстаграм баракчасына:

«Мен мэр болгуча кедей элем. Машинам арзан машине эле, азыр Тойота-SW4  үлгүсүндөгү жаңы машина айдап жүрөм. Дагы мындан кымбатын алсам болот. Кудай жалгап, акчам бар. Эл эмне деп айтса, айта беришсин, мага бары бир » -деп жазган.

Мэр айымдын коррупциялык схемасы сүйгөнү Бето Роша менен мамилеси сууп, ал жумуштан кетип калгандан кийин жана мектепте окуган балдардын ата-энелери балдарга начар тамак берилип жатканы боюнча арызданып чыккандан кийин ачыкка чыккан. Көрсө, ал мектептерди өнүктрүүгө каралган 4,5 млн. еврону кара жаны үчүн коротуп, жеп салган. Мэр айымды полиция  бул кылыгы билгенден 39 күндөн соң кармашкан. Бүгүнкү күндө сот  коррупционер мэрди мамлекеттин акчасын жегени үчүн 14 жылга эркинен ажыратты.

Баса, Акаевдин учурунда бизде деле Талас облусун Бишкектен туруп, телефон менен башкарган губернатор болбоду беле. Ал ким экенин өзүңөр жакшы билесиңер. Мында «ит» оору атка минерлердин көбүндө жер, улут тандабастан боло берет окшобойбу. Андай учурдан биз өттүк го, эми кайталанып келбесин дейли.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here