Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки жеткинчектерден куралган командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena 2017 кубогунда жеңүүчү аталып, алтын медал алышты.

Бул тууралуу оюнчулардын ата-энелери билдиришти. 5-декабрдын таңында болгон финалдык оюнда бишкектик оюнчулар Ice Dogs командасы менен мелдешкен. Биринчи айлампада 3:0 эсебинде Ice Dogs оюнчулары алдыга чыгышкан. Экинчи айлампада эсеп 4:4 эсебинде теңелди. Үчүнчү айлампада эки команда дагы бирден голду эсептерине жазып, мелдештин негизги убактысында 5:5 эсебинде тең чыгышкан.

Жеңүүчүнү аныктоо үчүн булит дайындалып, анын натыйжасында 7:8 эсебинде кыргызстандык оюнчулар жеңишке жетти.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here