Эстрада ырчысы Бек Борбиев экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду жактап чыкты. Бул тууралуу ырчы фейсбуктагы  баракчасына жазган.

«Канча никеси бар, жакшы көрөбу же башкабы..? Уят эмеспи, силердин кандай ишиңер бар 
Өзгөчө бул теманы кээ бир эркектер, жаман аялдан бетер аңкылдап талкуулап алганына күйөсүң..«-деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек буга чейин Бишкек шардык ички иштер башкармалыгындагы суракта Чубак Жалиловду экинчи аял тууралуу билдирүүнү жокко чыгарууга мажбурлашкандыгын анын жактоочусу Акин Токталиев билдирген.

Ал эми ырчы Бек Борбиев өзү дагы буга чейин экинчи аялын алыптыр деп социалдык тармакта талкуу болгон эле. Бул тууралуу ырчы ачык жообун берген эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here