Абанын суукташы менен беттин териси кургап, жарыла баштайт. Ошондуктан, бетке туура кам көрүү зарыл.

Суукта бетти майлар менен тазалоо дурус

Суук учурунда спирт кошулган тоник, антибактериалдык гел жана көбүк колдонуу бетти кургатат. Өтө эле зарыл болгон учурда курамында 30 пайыздан төмөн спирт кошулганын тандаңыз. Кышкысын макияжды өчүрүүгө косметикалык сүтчө же каймак, термалдык суунун негизиндеги лосьон колдонгон оң. Ошондой эле ромашка, череда, шалфейдин маңызын колдонуңуз.

Кышкысын бетке масканы бат-баттан жаап туруу зарыл

 Бул учурда тери азыктандырууга абдан муктаж болот. Масканын курамында май, жумуртканын сарысы, быштак жана витаминдер болуусу керек. Бул каражаттарды териңиздин түрүнө жараша колдонуңуз.

Майлуу терилер үчүн…

Суукта майлуу терини быштактан жасалган маска менен коргоого болот. Ал үчүн 1 аш кашык майлуу эмес быштакка, 1 чай кашык майсыз кефир, 1 чай кашык каалаган мөмөңүздүн ширесин кошуп аралаштырып маска жабасыз.

Кургак терилер жумуртка менен бетти нымдаштыруучу маска койгону дурус

Нымдандыруучу маскалар туура келет:

Картошканы кабыгын аарчыбай сууга бышырып, муздагандан кийин кабыгын аарчыйбыз.

Чийки жумуртканын сарысы

1 аш кашык каймак

Картошкага жумуртканын сарысын кошуп эзип, каймакты кошобуз. Аны бетке, моюнга толук сүйкөп, 15-20 мүнөт коёбуз. Масканы жумасына 2-3 жолу кайталаңыз.

Сезимтал териге

Жарым апельсиндин ширеси, жумуртканын сарысы, 1 аш кашык өсүмдүк майы, 1-2 чай кашык бал. Бул каражаттардын баарын аралаштырып бетке жана моюнга 15 мүнөт коёсуз.

Териге маска жасап же болбосо башка үй шартындагы косметикалык процедураларды жасоо үчүн кечки саат 21ден 23кө чейинки убак эң мыкты учур болуп эсептелет. Ошондой эле дайыма ачык маанайда позитивдүү жүрсөңүз, териңизге пайдалуу заттардын сиңимдүүлүгү 7 пайызга көтөрүлөт.

Кышында териге кам көрүү үчүн кеңештер:

— Эшикке чыкканда алгач колуңуз менен бетиңизди жаап алыңыз, тери температура алмашканына акырындан көнүшү керек.

— Керек болсо эң күчтүү суукта да бетти моюн орогуч менен жаппаңыз, анткени ал дем алгандан кийинки нымды кармап калып, беттин терисин үшүккө урдурат.

— Жылуу жайга киргенде дароо ысык жерге олтурбаш керек, өзгөчө кондиционер же ачык оттун жанына. Ал сууктан ансыз деле кургап калган териңизди ого бетер кургатат.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here