—Келдибек байке, жаңы  президенттен эмнени тилейсиз?

—Мен эми бул шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун шаар боюнча ишенимдүү өкүлдөрүнүн бири болдум.  Анткени мен КСДП уюшулгандан баштап, ошол партиянын үгүт-наасатында жүрөм. Башка партияларга кирген жокмун. Бирок аз жерден кирип кете жаздап, Кудай сактады. Эгер кирип кеткенимде түз эле чогуу соттолмок экенмин (күлүп).  Азыр алар соттолуп жатышпайбы.

Эми бул президенттик шайлоодо да эл кыдырып, айрым жерлерде сүйлөп жаттык. Мен ошондо: Атамбаев баштаган жол уланып кетсин, эң башкысы  тынччылык сакталсын дедим.  Дагы эле ошону тилейм, жаңы президентибизден. Элибизге ак жолтой, өлкөнү дагы да өнүктүрсүн.  Атамбаев көн нерсени жасап кетти. Түндүк-түштүк  альтернативдүү жолун баштап бербеди. Мен айтайын деп эле жүрдүм эле. Эми учур келди силердин гезит аркылуу мамлекет жетекчилерибизге сунуш кылалы. Ансыз деле чоң суммадагы  каражаттарды алып, жолдорду салып жатышпайбы.  Мына бизде Боомдо бир эле  жол бар. Таш кулап,  машинелер кептелип ж.б. болуп калып жатат. Казактар болсо Кеминдин  бет маңдайынан жол салып түшүп келебиз деп жатышыптыр. Анда Боом такыр эле шыкаалып эле калат. Боом жолуна альтернатива кылып сала турган жол бар. Ал Токмоктун үстү жагындагы Шамшынын бели. Биз ал жерди бала кезде көрүп эле жүрдүк, белдин кырына чейин чыкканбыз. Ошонун кырына чейин чыкса, Кочкорго түз эле ашып түшөт. Илгеркилер деле ушул жолду көп айтышчу. Эгер раматылык Турдакун Усубалиев өлкөнү дагы 3 жыл башкарып турганда Шамшынын бели аркылуу Кочкорго түшө турган сонун жол салып коймок экен. Тилекке каршы, андай болбой калбадыбы. Эми ошол жолду мамлекет башчыларыбыз иликтеп, кылдаттык менен салып башташы керек. Ал жол сөзсүз керек.  Шамшынын белин, ошол тоону , андан ары Долондун белин деле тешип койсо дейт элем. Жаңы президентибиз  башка мамлекеттердин баары менен тең ата сүйлөшсө экен. Атамбаев тең ата болду, тең ата жүрдү. Жээнбеков дагы ошондой тең ата, ошондой кайраттуу болсо экен.

—Кыргызда саналуу эле куудулдар бар эмеспи.  Кийинки куудулбуз дегендер такыр башка нук менен кетип жатышпайбы. Салттуу куудулдардын аксакалдары эле сиз, андан кийин Күмөндөр Абылов экөөңөр акыры Эл артисти болдуңар. Раматылык Манас Бердибеков, Жаныбек Алыкулов, Дөөлөт Мадумаев агаларыбыздын эмгектери чоң эле, бирок бааланбай калды. Камчиев, Разыков, Иманкулов, Кудайбергеновдор деле  арты 25, алды 35 жылдап эмгек кылышты. Бирок наам, сыйлык алышпай келет. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Туура. Арабыздан эртелеп кеткен куудулдарыбыздын эмгеги такыр бааланбай калды. Ал кесиптештерибиздин жаны жаннатта болсун деп тилегенден баканы айта албайбыз. Ал эми Рахман Разыковго Курманбек Бакиев КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наам берген. Калгандары чын эле ала элек. Ала турган убактары бышып жетилген. Бериши керек эле. Өзүң ойлочу. Эгерде Бакиев эмгиче бийликте жүрө бергенде Келдибек байкеңе Эл артисти наамын беришмек эмес. Анткени, Бакиевди, анын бийлигин биринчилерден болуп катуу сындап, “эшектер” деген мен болчумун. Дагы эле таразалап көргүлөчү. Абдылда, Жамбыл, Борончулар шайлоодо Бабановдо жүрүшпөдүбү. Кокус жаза тайып Бабанов президент болуп калса, алар деле наам алышмак. Же Бакиев кызматтан кетпей жүргөндө аны жактаган кесиптештерибиз деле эчак тиешелүү наамды алмак.

Наам, сыйлыктардын ушинтип саясатташып, бийликке жаккандар, анан жакпагандарга, бийликти сындагандар, сындабагандарга иргеп,  бөлүп берүү такыр акылга сыйбаган иш да. Чынында бул жерге түкүрө турган эле маселелердин бири. Чыгармачыл адамдын эмгегин саясат менен өлчөгөнү такыр туура эмес. Эмгегине жараша берилиши керек эле туурабы?

—Туптуура. Мен өкмөт башчыга, президентке ушул маселени баса белгилеп айткым келет. Өнөр адамдарына наам-сыйлык талантына, элге сиңирген эмгегине жараша берилиши керек. Бул наам маселеси саясаташтырылбашы зарыл.  Саясат онунчу маселе болсун. Биз ушул жаман өнөкөттөн арылбасак болбойт.

Жеке концертиңизди качан бересиз?

—Ал деле ойдо бар. Балким 70ке чыкканымда беремби? Айтор азыр ойлонуп жүрөм. Бирок концерт бергенден кийин азыр чай бергенди адат кылып алышпады. Мен ушул жагына жокмун да. Чай бергенден кийин чакырган адамдарыңды карап “качан колун чөнтөккө салып, конверт алып чыгат” – деп да акыйып каласың (күлүп). Бербей калса, дагы жаман болуп каларың бар, бозоруп, бербей эле койбой деп. Чай –концерт деген чыкты эле, азыр токтоп калды. Мен ошону ылайык көрүп жүрөм.

Үй-бүлөлүк ахвалыңыз кандай? Небере чөбөрө жыттап, жыргап жатасыз. Азыр коомдо токол алуу маселеси курч көтөрүлүп баштады. Токол алайын деген ниетиңиз барбы? Байке, бул эми күлкүгө жараша тамаша дегендей. Чын көрүп албаңыз анан…

—(Редакцияны жаңырта каткырып). Эми андай нерсе кайдан болсун. Байбичем 48 жыл соода тармагында иштеген. Азыр эс алууда. Бир небересин милдетин алып, мектепке алып барып, алып келет. Жашоо жакшы эле. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 7 неберем бар. Кичүү неберемдин атын мага айтпай, Нияз коюшуптур.

—Балаңыздын баласы болсо, чоң аталарынын атын 7 атадан өткөрүп туруп коюшчу эле го…

-Ага деле карашкан жок го. Балдарым жакшы ниет менен Нияз чоң атабыздын аты унутулбасын, дагы улансын деп коюшуптур. Ошентип, Мен Ниязов Келдибек. Неберем Келдибеков Нияз Азаматович болуп калды. Кыргызда тергемей жакшы салт бар да. Неберем азыр 1,5 жашка чыкты. Келиндеримдин бирөө да Нияз неберемдин атын айтышпайт. Баары неберемди “кайын ата” деп тергешет. Ал жагы ой келди эркелейт да. Ушул жагы да жакшы болду.

 

Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here