Атамбаев кызматтан кетип жатканда УКМК менен ИИМдин жетекчилерине генералдык ыйгарды. Алар эрте алышты деп сындагандар көп болууда. Башкаларын билбесеңиз да. Исраилов менен Абдыкаровду жакшы билесиз да. Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

—Ар ким акылына жараша иш кылат. Бир мисал келтирейинчи. Эки милиция кызматкеринин ишин алалы. Анын бири өмүр бою буйрутма  киши өлтүрүү боюнча кылмыштардын бетин ачып, уюшкан кылмыштуулук менен жан аябай күрөшүп келген дейли. Экинчиси болсо өмүр бою майда ууруларды, маселен, тоок, мал, кийим уруулук кылмыштардын бетин ачып келген. Экөөнүн тең чини  полковник. Тиги  майда уруулуктардын бетин ачып жүргөн полковник бир ирет кокустан, берки чоң кылмыштуу уурулуктардын бетин ачып жүргөн полковникке кошулуп, бир чоң кылмыштын бетин ачканга жардамы тийип калса, ал ошонусун өмүр бою мактанып айтып жүрүп өтөт да. Эми сенин берген сурооңдун төркүнү, генералдыкты алуу маселеси деле ушундай да. Ар ким өзүн эр сезет, ар ким меники туура дейт. Болгону баарын салыштырмалуу билсе болот, калк айтса, калп айтпайт. Бааны эл берет. Генералдардын арасында деле татыксыздар бар. Мисалы, Курманбек Бакиев убагында түштүктүн кулуну Молдомуса Конгантиевге генерал-лейтенант чинин бериш үчүн сөз болбойлу, уят деп түндүктөн дагы бирөөнө генералдыкты берген.

Атамбаев жакында эле Сүйүн Өмүрзаковго генералдыкты бергенде, түндүктөн да дагы бир полковникке берген. Мунун баары денгээлине деле каралбайт. Бул жерде түндүк-түштүк саясаты, генералдары тең болсун деген маани жатат. Мындай генералдарды айрым бир нерселерге салыштырып айтсаң болот. Илгери байдын кызын турмушка узатканда жанына күң кылып бир кызды кошуп берген. Ал күң байдын кызынын отунун жагып, күлүн чыгарып турган. Ошого окшогон генералдардын биздин генералдардын арасында кадыр-баркы жок, аларды күң генералдар деп койсо болот да. Алар генерал формасын кийип чыкканга  да моралдык укуктары жок. Алар элге бир да көрүнүктүү иш кылбай туруп чоң кызматта туруп калган үчүн эле генералдыкты алып калышкан да. Эми аларды чыныгы генерал деп кантип айтууга болот? Чыныгы генерал деп Мырзакан Субанов сыяктууларды айтса болот. Ал киши учурунда Ооган согушуна катышып, жоокерлерди согушка баштап чыккан. Милиция болгондон кийин деле,  иш менен өзүңдү көрсөтүшүң керек да. Жөн эле кызматка келип, жөн эле милиция болуп генерал болууга боло береби? Жигиттик намыс болуш керек да. Ушул генералдык форманы мен кийе аламбы, ушуга мен татыктуумунбу деп өзүнө суроо бериши керек. Генералдык форманы көчөгө кийип алып басса, эл “бул баягы турбайбы” деп бир жери менен күлбөшү керек да. Эгер сен форманы көчөгө кийип бассаң, көчөдөн адамдар учурашып, сый менен жылуу кабыл алса, анда сен татыктуумун деп эсепте.

Бизде эл тааныбаган генералдар толтура да. Образдуу айтканда көчөгө таш ыргытсаң, бир генералдын же бир ырчынын башына  тийип калбадыбы. Туурабы?

—Туура. Тилекке каршы ушундай болуп жатпайбы. Эми менин ИИМди жетектеп жатышкан эки инимдин генералдык чиндери кут болсун. Ар  ким өз абийирлерине жараша алат да. Алар эми биздин Генералдык клубка кошулушат.

—Клубда канча генерал бар? Кошулбагандар да барбы?

—56 генарал бар клубда. Генерал болгондордун баарын кошобуз.

Ошол жаңы генерал болгон ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкаров тууралуу терс маалыматтар көп чыгып жатат. ИИМди талкалап, өз билгенин кылып жатышат дегендер да аз эмес. Бул боюнча эмне айтасыз. Данияр мырзаны, сиз деле жакшы билесиз да. Терс иштерин угуп жатсаңыз керек. Жаап-жашырбай ачыктап бербейсизби, окурмандарга?

—Бул профессионал катары эмгекчил, иштин көзүн тапкан жигит. Мен муну мурдагы жетекчиси катары айтам. Анан  бул тууралуу ар кандай ушактар чыгып жатпайбы. Эми ал жагы өзүнүн ыйманында. Эгер ошондой айтылгандардын баары чын болсо, анда туура эмес. Бирок эл арасында көрө албагандар деле бар да. Эми ошол айтылгандардын канчасы калп, канчасы чын экендигин өзүң айткандай ким билет? Ал үчүн комиссия түзүп караш керек. Бүгүнкү күндө комиссия деле жок.  Эртең убакыт келгенде мунун баары чечиле турган нерсе.

 

Булак: Багыт.кг

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here