Мен алардай болуп берилүү менен ыйлай албасам да, көзүмдү жаштадым. Бир аздан кийин Улан куран окуду. Куран окулуп жатканда мен аяш атамдын мүрзөсүнө, тагырагы үйүлгөн боз топуракка көзүм тигилип калды. Аяш атабыздын эстелиги али тургузула элек болчу. Мага боз топуракты асманга сапыра чачып ак кепинге оролгон адам атып чыкчудай туюлуп турду. Бирок кантип өлгөн адам күрүн жара тээп сыртка чыга алат? Бир четинен мына ушундай чыркыраган чындык ойлор да эске келип, өзүмдү колго кармап турдум.
Мен түшүмдү эстеп бир топ алаксып кетиптирмин. Ошондон улам ойлордун кучагында оролуп калып, Улан куранды кандайча окуп бүткөнүн да аңдабай калыпмын. Айтор, жанымдагылар алакан жайып, бата кылып коюшуп, мени карап таң калуу менен карап калгандарын байкап, чоочуп кетип, шашылып тилек, дуба айтпастан эле алаканым менен бетимди сылап ордумдан тура калдым. Биз үн-сөзү жок, оор үшкүрүк менен үйүбүзгө кайттык.

***
Куда тосууга кызуу даярданып баштадык. Таңдан түн ортосуна чейин үй ирээттөө жумушуна башым сайылды. Эч ким менен сүйлөшпөй сүйүүнүн азабын тартып, жалаң гана ойлордун кучагына батып, апам айткан жана айтпаган үй жумуштардын баарын жасап баштадым. Мен Даниярдын телефон чалууларына, жазган каттарына жооп бербөөнү, аны менен ысык мамилемди биротоло үзүүнү чечтим. Бул чечим мага канчалык оор болсо да, башка жолум жок эле. Ак сүйүүдөн кол үзүү чын эле азаптын азабы, тозоктун тозогу турбайбы. Канча кыйналсам да, канчалык Даниярга телефон чалгым келип турса да, аны унутууга өзүмдү зордоп жаттым. Жүрөгүмдүн жараланганы, сыздаганы көзүмдөн аккан ачуу жаштар менен мага байкоо салган адамдарга билинип эле турду окшойт. Билингенде эмне, баарыбир алардан эч кандай жардам жок. Мунун баары ата-энем, жана уландын ата-энеси үчүн айласыздан жасалып жаткан кадамдар болчу. Улан деле, атам да, энем да мен канча кайгырып, канча сыздап жатканымды билишти. Бирок бир ооз бир нерсе дешкен жок. Алардан башка чечим чыкпагандан кийин менде арга канча? Мойнунан байланган иттей болуп, Уландын жетегиндеги жашоого байландым. Арадан бир жума өтүп, Улан апасы баштаган бир топ туугандары менен биздин үйгө келишип, байыртадан кыз алуу каада – салтындагы бардык шарттарды жасашып, кулагым сөйкө салышып, мага деген эң сонун каалоо-тилектерин айтышып, ырдап-чордоп, «миң жылдык куда-сөөктөрдөн бололу, эки жаш бактылуу жубайлардан болушсун» деген сөздөр кулагыма миң ирет угулду. Эх аттиң, арман ушул сонун каалоо-тилектер Данияр экөөбүзгө айтылса гана. Тилекке каршы андай күн болбой калды го. Менин жүзүм муңдуу, ойлорум уйгу-туйгу, жүрөгүм жаралуу экени кайын – журт тарапка деле билинип жатса керек, айтор Уландын эжелери мени жактырбагансышып, көздөрүнүн октору менен көргөн жерде атып жатышты.
***
Ошентип, мен Уланга жубай болуп калдым. Нике түндө өзүм үчүн күтүлгөндөй эле Уланга кыз эмес, жубан болуп чыктым. Улан менин бул кылыгымды кечире алган жок. Бирок ачыкка чыгарып, урушкан да жок. Тек гана бул арманын ичине жутуп алгандай түр көрсөткөнү менен, анын көзүндөгү заары мага туюлуп, билинип эле турду. Күндөр өтө берди. Уландын апасы мени өз кызындай көрүп, мага кагылып-согулуп, көзүмдүн карасы менен тең айланып жатты. Мен акырындык менен уйгу-туйгу ойлордун оромунан чыгып бараттым. Бирок Даниярды унута алган жокмун. Мурункудай мүнөт сайын эсиме түшүп турбаса да, бир күн сайын ойлоп жаттым. Улан болсо мен ойлогондой эмес, ал тургай мен билип-көрүп жүргөндөн да жакшы болуп кеткенсиди. Айтор ал менин көңүлүмдү көтөрүп, көп достору менен тааныштырып, көп конокторго алып барды. Көчөгө чыгып. Айрым концерттерге, кинолорго алып барып, мени кыйла эле алаксытып, жашоомду өзгөртүүгө аракет кылып жатканын сезип жаттым. Бирок экөөбүз бир гана Данияр тууралуу сүйлөшпөйбүз. Баса, мен турмушка чыгарымдын алдында телефон номеримди алмаштырып салгам. Аны менен мен Даниярдын телефон чалууларынан кутулуу көздөгөм…
Турмушка чыкканымдан кийин эки айга жетип-жетпеген убакыттын ичинде кош бойлуу экенимди билдим. Мен эми бала деген бакыт үчүн жашап, ошол бакытты чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Курсагымдагы бала жарык дүйнөгө келсе, мен баш-отум менен Уланга берилип, Даниярды унутам деген ойго келдим. Чын эле ошондой учур келерин күтүп калдым. Бирок мен Даниярдын түрмөдөн тез чыгып, бул жашоодо өз бактысын табышын Кудайдан тиленип жүрдүм. Атам менен апам менин мурункудай муңдуу болбой Уланга кыйла жибип калганымды көрүшүп, өздөрүн абдан бактылуу сезип алышкандай. Өзгөчө атам мен турмушка чыккандан бери көңүлү жайдары. Кыязы, арбак астында бир милдеттен кутулгандай сүйүнүп жүрсө керек. Апамдын айтуусуна карганда атам менин кайын атамдын күмбөзүнө дале көп барып, куран түшүрүп турат экен. Мен үйдө кезде чогуу олтурганыбызда досун анчалык көп эсетебей, кабагы салыңкы болуп, түнөргөн түрү менен жүрө берчү. Азыр болсо, менин бир туугандарыма чай үстүндө менин маркум кайын атам жөнүндө көп айтып берет экен. Мунун баарын мага апам айтып жатты. А, мен болсо эмне үчүн мен барда анча ачылып айткан эмес деген кандайдыр бир бүдөмүк ойго келдим. Бирок ал ойлор мага анчалык деле орчунду эмес эле.
***
Мен күткөн тогуз ай да өтүп кетти. Толгом келип, жаным чыкчуудай төрөткананын шыбын тиктеп, онтоп жатам. Онтогон сайын ооруп күчөп, шайым кетип, шалдырап үзүлүп кетчүдөй үлдүрөйм. Чын эле, аялды бир ажалы төрөттөн деп коюшат эмеспи. Аман –эсен төрөп алуу бул дүйнөгө наристең менен кошо экинчи ирет жаралгандай эле болсо керек. Улан төрөп жатканымда жанымда болуштан баш тартып койду. Ал сыртта күтүп турду. Мен болсо төрөткана бөлмөсүн жаңыртып, ак халатчан айымга жалбарып бакырып жаттым. Бакырган сайын эне болуу бактысына жакындап баратканымды сезип турдум. Ошондон улам, дене-боюмду канча ооруганына кайыл болуп, бар күчүмдү толгоо үчүн жумшадым. Акыбетим текке кеткен жок. Менин бакырыгымды коштоп, баланын «баа, баа» деген үнү угулду. Мына мен эне болдум. Мен кандай азаматмын! Уланга уул төрөп бердим. Маркум кайын атамды чоң ата, өз атамды таята кылдым. Баланын үнү, баланын жыты менин дене-боюмду балкытып жиберди. Менин баламды, менин бактымды ак халатчандар төшүмө жаткызып коюшту. Баламдын жүзүн мен алгач ирет суктануу, тамшануу менен карадым.

(Уландысы  бар)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here