Чыдамсыз күткөн окуялардын болмогу жакшы. Болгондон кийин кызыгы кайтып, ал окуя жөн турмуштун катарына кошулуп кетет.

Көптөн чыдамсыз күткөн жаңы президентке ант бердирүү аземи да болду. Кетип жаткан президент да, келип берген президент да биртоп толкунданып сөздөрүн айтышты. Чогулгандар жакшы интернаттын тартиптүү балдарындай какккан казыктай болуп отуруп беришти… Тилеги жакшы, ыйманы куюлган сөз болду. Андан соң эски, жаңы президент эскорттун коштоосунда Ак үйгө барып, ал жерден ардактуу кароолдун парадын кабыл алышты… Мурунку президент Алмазбек Атамбаев  жаңы президент Сооронбай Жээнбековго тактысын берди…

Ошентип, инаугурация дегендин салтанаты ченемдүү өттү, элибиз жаңы президенттүү болду. Президентибиз аман болсун, иши элге майлуу-сүттүү болсун, элинин башына сүймөнчүлүктүү президент болуп берсин! Ар окуядан шек ала жүрчү жаныбыз бу жолу да «8,5 миллион сом коротобуз деген, ал акча оголе көп эмеспи…» деп турбайбызбы…

…Анткен менен Алмазбек Атамбаев кыйын жигит экен, антипатия менен симпатияга моюн бербей, ошол кыйындыгынан айтсак, ушулар болуп турат: эң негизгиси -ал чачыла турган абалда калгандай болгон кыргыз мамлекетин бир бүтүнгө айландырды. Анан ошондон азга чечмелесек, булар болот го: коррупцияга каршы катуу күрөш ачты. Мурун кудайдан коркпочудай көрүнгөн далай      коррупционерлер кармалды, камалды, биртобу сестенип чээнге кире качкандай болду. Түлеев, Келдибеков, Нарынбаев сыяктуу «мен» дегени асмандын башындагылар дагы Атамбаевдин коррупцияга күрөшүү ишинин «курмандыктары» болушту, ак дил адамдар айткандай «сооп» болду! Мамлекетти төңкөрөбүз деген Талгарбенков, Колубаев, Султановдор… түрмөдө «чирибатат». Коррупцияга каршы күрөштө дагы да далай аткарылчу иштер бар, тынымсыз, системалуу түрдө күрөшүү бар, ал Жээнбековдун милдети болуп турат. Атамбаевдин аткарган ишин дагы улайлы: анын сонун деп, эл ыраазы болгон иштеринин бири- «Датка-Кемин» электр линиясынын тартылышы болду. Мурун жогорку чыңалуудагы  зымдарыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аймагын аралай өтүп, аларга кээси менен «акелеп» турчубуз да… Жолдор оңдолду, мектептер салынды. Куралдуу күчтөр идеялдуу абалда болбосо да душман чабуулуна аздап каршы тургандай абалга келди, күч структураларынын айлыктары көтөрүлдү, аларга үйлөр курулду. Түндүк-Түштүк альтернативлуу жолу курулуп жатат. Аздан болсо да пенсия көбөйдү.  Атамбаев Путин менен жакшы достошту, анын жыйынтыгында Россия бизге берген 260 миллион карызын кечти! Мындан сырткары эки өлкөнүн экономикалык байланышы жакшы нукка түштү. Далайдан бери начар мамиледе болуп келген Өзбекстан менен достук мамиле орноду. Атамбаевдин тушунда  Кыргыз мамлекетинин «мен» деген үнү бат-баттан, ишенимдүү жаңырып, президент бир катар Европа жана араб мамлекеттерине расмий  сапар менен барып турду…

Ооба, алга жылуунун, өнүгүүнүн, дегеле жалпы турмуштун жакшысынын жанынада сөзсүз жаманы жашайт. Атамбаевдин президенттигинде  да жакшысынын жанында  жаманы болуп турду. Айталы, кадр тандоодо далай алешемдиктер орун алды, өзүнүн мурунку жан сакчыларын, а турсун шоопурун да жооптуу кызматтарга койду. Кээси менен эмоцияга алдырып бейөкмөт уюмдарындагы ары жок катындар, айласыз балдар  менен айтышып кеткен учурлары  да болду, коррупцияга каршы күрөштө бир дем менен иш алып бара алган жок, ж.б. Канткен күндө да Акаев менен Бакиевге караганда алда –канча жакшы президент болуп берди. Чет элдерге каттаганда мыкты эксперттерден  ала барып, аларды иштетип пайдалуу бир нерсе ала келүү аксап турду… шапар тээп келген немелерди ээрчитип не керек…

Атамбаевди кыйын жигит экен дебедимби… кыйындын кыйыны экен, артымда мураскер калтырбайм деп жатып эң сонун калтырды. Анткен менен мураскерди эң  туура тандады. Сооронбай Жээнбеков ар дайым Атамбаев менен орчун иштерде кеңешип турат. Ал Атамбаевди сатып кетпейт, ал бир мүнөз жигит. Ошондуктан президент болуп тандалды да… Атамбаев айтпадыбы: «Сооронбай Шарипович экөөбүз 22 жылдан бери доспуз» деп. Экинчиден, бийликтин урунттуу жерлерине өзүнө тилектеш адамдарды коюп кетти. Үчүнчүдөн, экс-президент катары бардын жеңилдиктерди алды: кол тийбестиги бар, резиденцияда жашоого укугу бар, жан сакчылар бүлөсүн да, өзүн да  кайтарат, бекер дарыланат, айлыгы жаңы президенттин айлыгын 70%дай болот, орточо 70 миң.  Эми ал президент кезиндегиден да жакшы жашайт. Кашайгырдыкы, Акаев менен Бакиевдин мээси ордунда болгондо азыр элине эркелеп жыргап жүрбөйт беле… Төртүнчүдөн, Атамбаев саясий аренадан кетпейт, жыйынтыгы бар иштердин атакарылышына сөз жок көзөмөлдөшөт… Эл ушуну каалайт эле: ал биринчи иретте, бийлик партиясы болуп турган КСДПсын жолбундардан, көшөкөрлөрдөн, коррупционерлерден, популисттерден ж.б. тазалаш керек, эң алгач парламенттен ошол ишин баштап…

Жээнбеков  мамлекетибиздеги абал турукташып, стабилдүүлүк жакшы абалы менен уланчудай болгон учурда бийликке келди. Бул бүтүм, маселеге терең кирбей, сыртынан гана бааланган бүтүм. Болбосо, мамлекеттеги жалпы абал анча сонун эмес.

Ии, дейли, азыр мамлекетибизде таптакыр эле ач-жылаңач калгандар жок, эптеп жашаган бүлөлөр бар дечи, бирок, ачкачылык жок эмеспи. Анткен менен,  рухий жактан таптакыр эле ач-жылаңач калып барабыз: адамдыгыбызды абайлабай калдык, ыйманды жыйыштырып салдык, «карынын кебин- капка салдын» бири жок, балдарыбыз менен кыздарыбызга айтар акылыбыз кемиди, акыл айтканды укчу жаштар андан бетер кемиди, дүңүбүз менен акча деген желмогуздун бийлигинде калдык! Аны менен кошо коррупция бүт турмушубузду оңолгустай чырмады окшойт. Барыдан дагы мыйзамдуулукту сактап берет, элин жаман иштерден коргоп берет деген сот, прокуратура, милиция, ж.б. күч структуралары да коррупцияга кабылып олтурат. Бажы менен салык тармагы пара алуунун классикалык түрүн көрсөтүп жатат. Азыр бийликке кайсы министрдик, департамент, ж.б. кандай коррупциялык жолдор менен жашап жатат, баары-баары белгилүү. Бирок, ага каршы чечкиндүү аракет көрүлгөн жери жок, ал ишти жасоого бийликтин да чама-чаркы жетпей калды көрүнөт! Анткени, өздөрү коррупцияга аралаша калып жатпайбы…

Таптаза болуп турчу мектептерди басты коррупция деген, оорулуулар онтоп турчу ооруканаларды басты коррупция, окуусун бүтүп элине кызмат кылсын деген жогорку окуу жайларды аябай басты коррупция… кудайга күндө беш маал жалынып турчу дин жагында да бар коррупция!

«Элимде жакшылык болсун, мамлектибиз күчтүү болсун» деген сыяктуу атуулдук сезимдер, «бай болоюн, чоң кызматым болсун» деген жанталашкан сезимге өтүп кетти!  Адамды адам кылган боорукердик дегенибиз калып барат, болсо, ал жасалмалуулукка айланды. Кайсы бир бай жетимдер үйүнө жардам берсе, аны телеге тарттырып, гезитке жаздырып, о-оо, далайга аңыз кылдырат…

Телекөрсөтүүдө жалаң батыштан алынган көрсөтүүлөр толуп кетти. Алар улуттук өзгөчөлүккө карап өзгөртүлбөй эле карандай көчүрүлүп жатат. Жаш ырчыларыбыздын биртобу чети элдиктин ыргагына салып ырдаган болот… ырың менен сенин!

Жаш муундун адам болуп калыптануусунда маданият чоң маанитге ээ. А маданиятыбыз болсо, эптеп күнүн көрөт. Анда иштеген кызматкерлер кенедей айлыгы менен иштейт, ишине берилген накта адамдар ошолор! Маданият кызматкерлеринин айлыктарын тез арада көтөрүү жаңы президенттин биринчи «баш оорусу» болсо дейм… Жакшы китептер чыкпай калды. Элдир-селдир эси бардын баары китеп чыгарып зордук менен таратып, сатып жатат. Алардын зыянынан башка пайдасы жок. Анан калса жаштарыбыз китеп окугандан калган, китеп окугандары чыкса, шылдыңга калат…

Ошентип, Сооронбай Жээнбеков рухий жактан ач калган, жылаңач калган мамлекетти колуна алды. Эми ага аябай кыйын болот. Мына ошол кыйын ишти оңдоонун жолун таап , адамдыктын мыкты сапаттарын кайтара алар бекен?!

Мен бул жерде ар-ар кимге белгилүү болуп турган чындыктан айттым, жакшылык келсе экен деп тиледим, ар бир ак дил адам ошол ойдо экенин билем… Президентибизге ак жол каалайлы, оомийин!

Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here