Кыргыз элинин белдүү, күчтүү режиссёрлорунун бири, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Темирбек Бирназаровдун быйыл  тарткан «Түнкү кырсык» деп аталган толук метраждуу көркөм фильми Эстонияда өткөн Эл аралык «А» классындагы кинофестивалда баш байгени жеңгенин ria.ru  жазып чыкты. Баш байгеге 10 миң евро берилери айтылган. Аталган кино али кыргыз коомчулугуна көрөстүлө элек. Жакында эле дүйнөлүк премьерасы  Эстониянын борбору Таллинде 1997-жылдан бери өтүп келаткан «Темные ночи» деп аталган Эл аралык «А» классындагы кинофестивалда тартууланып, аталган фестивалга  катышкан. Айта кетсек, аталган кинофестивал дүйнөдөгү эң мыкты, эн бройлу деп эсептелген 20 дүйнөлүк кинофестивалдын ичине кирет. Бул кинофетивлдын баш байгесин жеңүү үчүн  18 кино ат салышкан. Ал эми Темир Бирназаровдун бул киносу фествалга катышуу үчүн эң акырында, кечигип  келип түшкөн. Ал учурда фестивалдын программасы түзүлүп калгандыгын  фестивалдын диектору Тийны Локк билдирген. Ошондой эле Тийны Локк Бирназаровдун киносу тууралу өз оюн мындайча билдирген. Аны орусчадан ооодарбай туруп берели:

  «Это маленький, очень просто сделанный фильм, который говорит об очень важных вещах. Еще сделано очень интересно, как этот сценарий построен…, и как это все выражается, как эта история рассказывается… Язык фильма очень простой, зато очень глубокий. И это еще очень добрый фильм»,
 Бирназаров тарткан бул кинону «Кыргызфильм»  каржылаган. Бирок салыштырмалуу аз эле акча менен тартылган. Ал эми Эстониядагы Эл аралык киного катышкан бардык  чет элдик кинолордун бюджеттери бир топ чоң экени белгилүү.  Ошого карабастан бул жерде режиссёрдун чеберчилиги жана таланты баарын артка калтырган.Бирназаровдун бул  тасмасында түнкү жол кырсыгында жараат алган кызга кам көрүп жатып ага ашык болгон улгайган киши жөнүндө баяндалат.

Биз да Темирбек Бирназаровду жана ушул кинону жаратууга катышкан жалпы чыгармачыл топту кыргыз элине тартуулган байгелүү жеңиши менен куттуктайбыз! Алдыда дагы далай кионфестивалдарда баш байгелерди багынта берсин!
https://www.facebook.com/dina.jakob.56/videos/523790757974327/?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here