Орусияда ИИМдин полковниги Шавлохов 9 жылга эркинен ажыратылды. Ал бир топ жылдан бери ИИМде иштеп, алдыңкы кызматкерлердин бири болуп келген. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө 400 кылмышкерди колго түшүргөнү айтылат. Ал кызмат абалынан пайдаланып, 100 миң доллар пара алган деп айыпталууда. Ошондой эле 2004-2013-жылдары Түндүк Осетияда өтө белгилүү болгон Аслан Гагиевге кызматтык документтерди саткан деген айып тагылган. Полковниктин жактоочулар мындай айыптарды четке кагып, бул көрсөтмөлөр эки аферист адамдын көрсөтмөсү экенин айтышып, Москва шаарынын сотуна кайрылганы жатышат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here