Бажы тармагында “зам” болсо да,  өзүн “самдай” эле сезип, калаганы кылып, “кара” иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, коомчулуктун катуу сынына кабылган Раим Матримовду акыры Сапар Исаков кызматтан алды. Эми анын ордуна “Ош” бажысынын жетекчиси Нурлан Ражабалиевди дайындады. 1975-жылы Баткен облусунда туулган. 1996-жылы Айыл чарба институтунда билим алып, зоотехник кесибине ээ болгон.
Кызыгы “Раимиллион”мурун ушул кызматта иштеп, ал жакты да тейлеп, балтырын болушунча батырып, бир  топ шакирттерди, кадрларды таптап кеткени айтпасак да белгилүү. Ошондо Ракеңдин “майлуу” ордуна өз шакирти келген болуп калабы? Анда эле Ракеңдин кара схемалары ийгиликтүү ишке аша бербейби? Айтор, бул жагын да байкагыла.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here