Айтылуу бийчи Атайдын «Адеми»  тобу Малайзияда өтүп жаткан «Asia’s Got Talent» шоу программасынын финалына чыкканы маалым болду. Эми финал 7-декбарда өтүп, жыйынтыгы 14-декабрда белгилүү болот.   Ал береги тасмадагы бийде музейдеги көрүнүштү чагылдырышкан. Эми алардын утушу калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы же смс берүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот. Бул сынак 2015-жылы уюштурулуп, ага ар өнөрдүн ээлери өз таланттарын көрсөтүп келишет. Сынак  15 өлкөгө ТВ аркылуу көрөстүлөт. Финалда кайсы бий тобу утса, баш байгеге 100 миң доллар берилери маалымадалган. Кыргызстандык бий тобуна биринчиликти тилейли…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here