Казакстан базарларында Кыргызстандан барган товарлардын ордун Россия жана Белорусиядан келген азык-түлүктөр ээледи

 Кыргызстандан товар алып кирүү жаатында жаралган көйгөйлөрдөн улам Казакстанда азык-түлүктүн баасы 10 пайызга өсүп кетти. Бул тууралуу Казакстандын президентинин алдындагы «Қоғамдық келісім» уюмунун этностор аралык мамилелер боюнча анализ жана мониторинг кызматынын жетекчиси Таисия Мармонтова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн видео көпүрө маалында билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын базарларында Кыргызстандан товардар барбай калгандан кийин Россия жана Белорусиядан азык-түлүктөр пайда болду.

«Жыйынтыгында баалар 5-10 пайызга өсүп кетти. Бизге Минскиден алып келгенден көрө Бишкектен ташыган арзан түшмөк», — деди ал.

Мармонтова мындай кымбаттоо казакстандыктардын капчыгына зыян келтирип жатканын кошумчалады.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here