—Алтынбек мырза, биринчиден Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алышыңыз менен эмгек жамаатыбыздын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!  Эми мен билгенден сиз Эмгек сиңирген артист наамын 1976-жылы эле кабыл алсаңыз керек. Бул сыйлык сизге эч болбосо да кеч тийди да. Андыктан сыйлыкты алганда кандай сезимде болдуңуз?

—Эми мен өзүм таң калам да. Советтер Союзунун учурунда филармонияда иштеп жүргөндө бир жолу директорго кирип:  “Арадан бир топ жыл өттү. Мени Эл артисти наамына көрсөтпөйсүңөрбү” деп айткам. Эми анын атын-жөнүн айтпай эле коёюнчу.  “Алтынбек коё турчу. Азыр кезек аябай көп болуп жатат” деп ошондо иш бөлмөсүнөн чыгарып жиберген эле. Анан өзүм көңүл коштук кылдымбы, акыры кайра куруу доору башталып калгандыктан наамды ойлогонго деле мүмкүндүк болбоду. “Эми кайсы жактан иштөө керек, кантип тирилик кылуу керек-деген ой менен жашып калдым. Анан балдар чоңоюп калгандыктан байбичеңди деле аяйт экенсиң. Андан тышкары  “Кыргыз концерт”  деген фирма уюштурулуп, ошого административдик ишке чакырылып, концерт бөлүмүнүн башчысы болуп иш менен алагды болуп калдым. Убакыт өтүп эгемендүүлүк доору башталды. Анан Акаев доорунан баштап Атамбаев президент болоордун алдына чейин жыл сайын Маданият министрлигине документ өткөрсөм ал жактан: “Баары жакшы” деген жооп келчү. Андай учурда тактап алуу үчүн маданият министринен сурасам  документ  Ак үйдөн үйдөн өтпөй калганын айтат. Дегеле канча министр алмашса да документтин Ак үйдөн өтпөй калганын айтышчу. Буга таң калып: “Эл үчүн ушунча жыл эмгек кылсам. Бирөөнү алдабасам эмнеге менин документим өтпөй калат? Же ал жерде жалаң эле мага окшогон артисттердин кастары отурабы?- деп кээде ойлоп койчу элем.

-Бут тоскондор болгон жокпу?

—Андайды деле байкабадым. Бирок Алмазбек Шаршенович президент болуп келгенден кийин  наам-сыйлыктарга мораторий жарыялап койбодубу. Ошондо “ай  эми болбой калды окшойт” деп ойлоп калдым. Акыры ал беш жыл деле өтүп кетти. Алтынбек Максүтов  министр болуп калганда ал дагы документ толтуруп өткөрүп “болду байке эми кетти” деп айткан эле. Анда да сыйлыкты алгандар алып, албагандары куру жалак калган болчу. Түгөлбай Казаков министр болуп келгенде өзүм 70ке чыккандан эки ай өткөндөн кийин ага жолуксам куттуктап  үстүмө чепкен жаап, башыма ак калпак кийгизип:  “Алтыке, эми Кудай буюрса болот”- деп  жакшылап узаткан. Анын көңүлүмдү көтөрүп койгонуна рахмат! Анткени Түгөлбай экөөбүз төө илгертеден эле чыгармачылык жактан байланышта болчубуз. Ал убакта өздүк-көркөм чыгармачылык топтору катышкан кароо-конкурстар көп болчу эмес беле. Конкурска катышкан таланттар алгач айылдан тандалып отуруп, акыры республикалык конкурска катышышчу эле. Ошентип баягы кайра куруу доорунан бери күткөн максатым эки-үч айдын ичинде эле ишке ашты. Андан кийин “Эркин-Тоо” гезитине кулактандыруу чыккандан кийин сыйлык алганыма толук ишендим. Эгерде мага наамды  мындан 20-25 жыл илгери беришсе, анда балким менде сезим башкача болмок. Анан 70 чыгып чоң ата болуп калган учурда наам алганда баягы жаш кездегидей толкундоолор болбойт экен.  Мындай куракта баарына ыраазы болуп тынч эле отуруп калат экенсиң. “Алтыке, наам алдың. Эми той бербейсиңби!”- дегендер да болду. “Эгерде мен бизнесмен болсом кеп башка эле. Анан пенсионер болсом кантип той өткөрмөк элем?”- деп тим болдум. Эми ага-туугандар келип куттуктап кетип жатышты. Кудайга шүгүр, эл болбосо мен бүгүнкүдөй деңгээлге жетет белем… Анткени буга чейин тааныштарым:  “Алтыке,  эл сага эчак эле Эл артист наамын берген” -деп  деп айтып калышчу эле.

-Чынында эле ошондой да…

—Советтер Союзунун учурунда наам же сыйлык  алыш үчүн башың менен жер казганга тете эмгектенчүсүң. Мисалы август айында малчылардын майрамы болгондо жайлоого барчубуз.  Андай жерге барарда ар нерсени шылтоолоп баш тартчу эмеспиз. Кычыраган кышта болсо тизеден ылдый кар экендигине карабай Кенес-Анархай кыштоосундагы малчыларга концерт коюп келгенге жөнөтүшчү. Анан жалаң гана айлык акы менен жашачубуз. Эгерде план аткарылбай калса биздин айлык акыбыздын 75%ын эле берип, калганын мамлекет кармап калчу. Бирок биздин кубанганыбыз, биздин жашообуз мурунку артисттерден жакшы болду. Анткени алар музыкалык аспаптарын, кийим-кечектерин көтөрүп алышып  бир айылга түнөп алып, эртеси экинчи айылга жөө-жалаңдап концерт коюшчу экен. Андай учурда жакшы башкарма болуп калса аты менен арабасын берчү окшойт.

Чыгармачылыгыңызга канча жыл толду?

—Эми чыгармачылыкка 1965-жылдан бери киришкем. Анан 1966-жылы республикалык конкурста 1-орунга ээ болуп үч бурчтук вымпель анан 30 сом менен сыйлангам. Ошондо мени бир топ жерге чакырышты. Опера жана балет театрына чакырышканда башында анча көңүлдөнбөй койгом. Ошентип 1967-жылы бизге бул театрдын өкүлдөрү келишкенде мени менен бирге иштеген Герман Абрамомич деген немис улутундагы адам:  “Сен буларга ырдап берчи” – деп суранып калганда мен аларга ырдап берген элем. А мен ырдагандан кийин тигилер мен көңүлдөнбөй жаткан бул театрда эстрадалык студия ачылганын айтканда эле ошол замат  “барам” деп макулдугумду бердим. Алар өзүлөрү атайын чакырык жиберерин айтышып жөнөп кетишти. Ошондон кийин алардын чакырыгын күтүп айылда айдоочу болуп иштер жүрө бердим. Бир күнү мага чакырык борбордон келди. Ошол күнү кечинде чай ичип отурганда иштин жайын ата-энеме айттым. Менин ырчы болорумду уккан атам:   “Койчу балам. Сен урук-тууганыңда жок жорукту баштабай. Жөн эле айылда жүрө бербейсиңби? Барбайсың!- деп каршы болуп койду. Анан шылкыйып бир аз убакыттан кийин эле башкармага барып шартымды айтсам бир сыйра наалыгандан кийин машинени өткөрүшүмдү талап кылды. Машинаны гаражга токтотуп үйгө келсем ата-энем жок экен. Иштеп жүргөндө айлык акы алган сайын 5 сомдон катып чогултуп жүргөн элем. Акчамды санасам 50 рубль экен. Ата-энеме кечирим сурап кат жазгандан кийин эле түнкү автобуска түшүп алып борборго жөнөдүм. Шаарга келип бир байкенин үйүнө түнөп алып, эртеси баягы театрга келсем 3-тур болуп жаткан экен. Ал жерден аккордеон тарткан бир музыканттын коштоосунда репетиция кылбастан эле бир орусча, эки кыргызча ыр аткардым. Ошондо кабыл алуу комиссиясынын курамында раматылык Эстебес акын агам  отурган экен. Ал киши каяктан экенимди сураганда таластык экенимди айтсам  “бар чыга бер” деп койду. Анан тизмени карасам окууга өткөн экенмин. Студиянын болсо жатаканасы жок экен. Окуу болсо 15-сентябрда башталарын айтышканда баягы байкенин үйүндө эки-үч күн болгондон кийин эле түнкү автобуска түшүп кайра Таласка жөнөдүм. Үйгө жетип таңкы саат 5те терезени такылдатсам атам: “Бул ким?!” дегенде  “мен” деп айтсам эле дароо эшикти ачты. Ошентип жатып алдым. Эртең менен чай ичип отурганда атам сураганда окууга өткөнүмдү айтам.  “Оо атаңгөрү сен кайсы окууга барсаң деле өтө берет турбайсыңбы” деп  ошондо атам айткан эле. Эң  кызыгы, атам мен 1976-жылы Эмгек сиңирген артист наамын алган кезде гана концертиме катышты. А чоң айтуусуна караганда атам эч кимге көрүнбөй кой-козулардын жанына туруп алып ырдачу экен. Көрсө, өзү деле ырчы экен да.

—Эмгек сиңирген артист наамын алганыңызды башкача айтып жүрүшөт го. Эми  ушуну өз оозуңуздан уксак? 

—Бизде ал кезде ЦКнын 3-секратары деп коюшчу. Бул кызматта Кеңеш Кулматов иштечү. Ал киши 1974-жылы биз менен Сирияга барып калды.  Жылыга ал жерде мурдагы Советтер Союзунун товарларынын көргөзмөсү өтчү экен. Ошол жылы биздин республиканын көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмө кечки саат 5те башталгандыктан ал жердеги сахнага күнүгө бир сааттан концерт койчу элек. Кеңеш Кулматов ошондо күнүгө келип ырдаганыбызды укса таң калчу элем. Анан бул жакка келгенден кийин ошол жылы жаңы ачылган спорт сарайда  Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлмөй болду. Ошондо Кеңеш Кулматовдун күчү менен Асанкул Шаршеновдун “Кантың бар” деген ырды репертуарга кошушту. Ал жердегилердин көпчүлүгү  эмнегедир каршы болуп туруп алышты. А мен айлам жок Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда ырдамай болдум. Ал кезде концерт эртең болот деген күнү Маданият министр Кондучалова артисттерге келип аябай көңүл бурчу эле. Ошол мааракеге Москвадан куттуктап СССР Министрлер Советинин төрагасы Косыгин келген экен. Анан сахнага чыкканымда толкунданып  буттарым титирей баштады. Артымда болсо опера жана баел театрынын, Искусство институтунун, радионун хору турат. Ошентип биринчи куплетти ырдадым, андан кийин экинчисин, анан үчүнчүнү… Андан кийин “Келсеңчи, күлсөңчү” деп кайырманы ырдай баштаганымда эле Косыгин шакылдатып кол чаба баштады. Кайырманы дагы бир жолу кайталай баштаганда Косыгин ордунан туруп кол чапканда биздин полтибюронун мүчөлөрү кошо туруп кол чаба башташты…

(Уландысы бар)

Маектешкен: Нурлан Исаматов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here