—Келдибек байке, алгач  Эл артисти болушуңуз менен куттуктайлы. Эч болбосо кеч болсун дегендей, акыры наам алдыңыз. Болбосо сиз Эмгек сиңирген артисти наамын 1992-жылы эле алгансыз да. 25 жылдан бери Эл артисти наамы берилбей келди. Көп айттык, көп жаздык. Наам алгандан кийин биринчи жолу маектешип жатсаңыз керек. Кандай сезимде болдуңуз. Эч кимге нааразы болгон жоксузбу?

Рахмат куттуктооңорго. Ушунча болду, башынан эле айтып берейин. Мен Отунбаева менен мурунку бийликтин туштарында деле чогуу жүрдүм. Качып кеткен Бакыт Бешимов, Бабанов, Сатыбалды Жээнбеков да бар. Оштун драма театрында эл менен жолугушуу болуп, башкалар чыкканда анча болбой мен сахнага чыкканымда эл дуулдап калып жатты. Ошондо, “Келдибек деле сен чыгып турчу” деп калды. Бул бир мисал. Экинчи мисал, илгери дагы бир жолу Отунбаева Совет министринин орун басары болуп турганда, бир топ кишилер болуп Аксайга барып калдык. Ал жактан Розанын түтөгү кармап, жыгылып калып атпайбы. Аны тезирээк Атбашыга түшүрүш керек деп, Тез жардамдын машинеси менен алып кетишти. Ошондо Тез жардамда кетип баратып да: “Артисттер кетпесин” – деп айтып,тапшырма берип кетти. Биз дагы бир топ чек ара “заставаларды” кыдырып концерт берип анан кеттик. Мен эми буларды Отунбаева мени жакшы таанычу эле, берсе президент болуп турганда эле дароо бермек деген ой менен айттым да. Чын эле ал президент болуп турганда далай кишилерге наам-сыйлык берди, бирок мага келгенде эле, негедир кайып кетип жатпадыбы. Ошол учурда мен Маданият министрине өзүм барбадымбы, себеби жолум ушундай да, менин документим орто жолдо жоголуп, “дейди” болуп кетпесин деп ойлодум.

—Андай болсо документтериңиз “тентек” го…

—Ошондой жагы бар го. Себеби, бир ирет ушундай учур болду. Раев министр болуп турганда, президент сыйлык бермек болуп, министр алчу кишилердин документтерин бүт чогултуп алып кетет. Бирок ошондо шашып жатыппы, же башка себеп мененби, айтор көп документтин ичинен менин документим столдун астына түшүп калып, аны эч ким көрбөй, далайга жатып калып, бир ирет ошентип сыйлыктан кур калгам. Андан бери Бакиевдин тушунда да бир канча ирет көрсөтүштү, анда да болбой калбадыбы. Ошентип наам алуудан үмүтүм үзүлүп калган. Анан эле быйыл май айында жаман телефонум шыңгырап калды. Президенттик аппараттан чалып калышты. Андан кийин министр Түгөлбай чалып, сыйлык бериле турганын айтты. Ошентип, министрликтеги балдар-кыздар бүт кагаздарымды даярдашып, 12 күндүн ичинде Эл артисти болуп жатып калбадымбы (Күлүп).

Демек, өтө кеч болсо да, бул жагынан алганда, өтө тез болуп кетти. Эми биз сыйлыкты кеч алдык. Жаш өтүп, 70ке жакындап  баратабыз, эгер бул наамды өз убагында, мисалы, 45-55 жаштардын ортосунда алганымда, анда сезим башкача болмок окшойт. Азыр болсо андай деле укмуш сезим болгон жок. Мурункудай эле, эч өзгөрүү жок. Сыйлык  бергендеги окуяны айтып берейин. Аппарат бизди эртерээк чакырып, баарыбызга: “сыйлык берип жатканда ары-бери баспагыла, президентти кармабагыла, башка нерсе сурабагыла, саатын сурабагыла”- деп үйрөтүп жатат. Сыйлык берилип баштап, мага кезек жеткенде Атамбаев мени көздөй басып, кучактаган болуп, кулагыма: “Келдибек байке сиздин эмгегиңизди ушунча кечиктиргеним үчүн, баарынан мен кечирим сурайм”- деди. Кийин угуп калдым, көрсө мен Эмгек сиңирген наам менен эмгиче жүргөнүмдү кыязы силердин гезиттен  окуптур…Президентке жетпейт деген сөз чын экен… Эл артисти го болдук. Бирок мурун Эл артисти болгондорго ай сайын пенсияңа, же айлыгыңа кошумча акча кошулуп турчу да. Азыр эми эч нерсе жок Муну Бабанов бекен, Сатыбалдиевби, айтор ошолор өкмөт башчы болуп турганда жоюп салышкан. Ошону жойбой коюшса болмок, кичине акчалай да эмгектин үзүрүн көрөт элек да…

Чыгармачылыгыңызга канча жыл болду. Окурмандарга кандайча артист болуп калганыңызды кыскача айтып бербейсизби?

—1969-жылы филармонияга кирип, иштеп баштагам. Ошондон бери эсептегиле. 50 жылга жакындап калды. Артист болуп калганым да кызык. Онду бүтүп, Фрунзеге келдик.  1967-жылы Чоро Кожомжаров Кыргызстанда биринчи жолу эстраданы ачпадыбы. Ал укмуш ачылыш болуп, айрыкча бизге окшогон жаштар эстрада менен ооруп калдык. Айта кетейин Чоро биздин айылга концерт коюп келди. Ал киши биздин айылдан болот. Эми айланайын укмуш, керемет концерт беришти. Жашы-карысы дебей, суктанып жатып, концертине, ырына тойбой койдук. Ушул убакка чейин көзүмө элестеп турат. Кошуна айылдарга концерт берсе, ал айылдарга да жүгүрүп барып, улам кайталап көрүп жаттык.  Анан көп өтпөй эле гезитке: “Филармонияда эстрада студия ачылып жатат” – деген жарыя чыгып калды. Аны окуп алып, ошол студияга  окуйм деп оолуктум. Жогорку окуу жай, эстрада дегенден деле такыр түшүнүк жок болчу. Азыркы Ак үйдүн орду ал кезде филармония болчу. Комиссияга келип, документимди тапшырдым. “Кайсыл факультетке тапшырасың?”- деп сурашты. Факультетти деле түшүнбөйм, “Ырга” дедим. Нарында адырда айкырып ырдап жүргөн жаным, ырдап берип өтүп кетем деп ойлодум да. Кайсы ыр дегенде, Калыйбек Тагаевдин  “Долон” деген ырын жаздырып койдум. Текшерүү башталып, комиссияда бир нече адам бар экен.  Бир башында олбурлуу, чачын устара менен алдырган чоң киши отурду. Мен чыга калып эле “Долонду” айкырып ырдадым. Экинчи куплетке жеткенде токтотуп чыгарып жиберишти. Мен жаман оюмда: “ мени булар өткөрүп жиберишти” – деп кубангансып калдым. Көрсө, “уже” кулап калыптырмын. Ал кезде “клөш” шым мода эле да. Кийгеним ошондой шым менен жер шыпырып, шалпыйып кетип баратсам, артымдан бирөө келип: “Чакырып жатат” – деди. Барсам, филармония алдында баяга аксакал тамеки чегип туруптур. Ал мени карап: “Ой каяктан келген баласың”- деп сурады. “Нарындын Куланагынан” – дедим. “Ой атаңдын оозуна урайын, Куланактын адырында жүргөнсүп айкырып ырдайсың да. Ырдын балекетин аласыңбы?” – деп мени тилдеп кирди. Анан: “Сенде музыканттар айткан, ритм, слух деген жок экен. Бирок көзүң ойноп турат. Бир балээң бар. Боюң да узун экен. Монолог билесиңби?” – деди. Каяктан монологду билет элем. Уккан да эмесмин да баягы жеңемдин этюд билесинби дегенидей болуп. Бир кезде “Тамсил билесиңби?” –деди. Тамсил деген сөз тааныш да. Мектепте жаттаганбыз дегендей. “Жалбырак” деген тамсилди билчү элем, айтып берсем. “Эртең актөрлук боюнча экзаменге кел. Кайда турасың” – деди. “Эрнис Турсуновдун үйүндө” – десем, “Эрниске айтып бар. Ал сага монолог даярдап берет”- деп койду.  Эрнис байкеге айтып келдим, ал мага бир чоң китепти берип, монологду жаттата баштады. Кандай айтышты да үйрөттү. Жердеги кишини муунткансып айтсаң деди. Жанталашып жаттап жатам. Ал кезде окууга келип, кулап кайра айылга барган киши айылга батпай калчу. Намыс деген укмуш эле да. Ошону да ойлоп укмуш жанталаштым. Эртеси экзаменге барып жаттаганымды берилүү менен айтып бердим. Комиссиядагылар баары эле ыкшып күлүп жатышат. Аны көрүп  ичимден дагы эле өтпөй калдым деп ойлодум. Көрсө, мага Эрнис байкем Шекспирдин “Оттелосун” жаттатып, Муратбек Рыскуловду тууратып айттырыптыр да. Дездамонаны муунтуп жаткандай колум менен образга кирип кеттим да. Каяктан айланайын,  кээ бирлеринин аттарына тилим келбейт десең. Көрсө, ошол чачын устара менен алдырган комиссиядагы киши, кечээ мени тилдеген Муратбек Рыскуловдун өзү экен да. Монологду айтып бүткөндөн кийин, а киши ордунан тура калып, күлүп сүйлөдү. “Кечээ күнү бул баланын көзүндөгү шайтанды байкадыңар беле, мына өнөрү бар турбайбы” – дегендей айтты. Муратбек Рыскулов менен ошондон баштап аралашып калдык. Бакы деген мени менен тең баласы бар болчу. Экөөбүз алардын дачасында иштеп калдык. Байкуш ал баласы эрте каза болуп калбадыбы. Муратбек байке мени драм театрда иштеткенге аябай эле аракет кылды. Ал киши мени театрда күлкүнү аткарган актёр жок, ошону ойноп баштайсың деген. Бообек Ибраев байкебиз да мени текшерип көрүп, шак эле жактырган. Күздө театрга кел десе, мен эстрада менен ооруп, ошого кирип кетпедимби, театрга барбай. Атаң көрү, ошондо залкарлардын тилин алып, театрга барганымда эмгиче белдүү, чоң актёр  болуп калмак экенмин. Азыркы ырчыларга кичине кыстырма. Эстрада деген күнүмдүк эле нерсе, өтүп кетет, калды, бүттү дегендей. Ал эми куудулдук өнөр ж.б. кете берет унутулбай…

—Сиз эми эстрадага кирип кетип, кайсы “кыйраткан” үнүңүз менен ырдадыңыз? Ырдаган деле жоксузда…

—Ырдадым. Филармонияда “Гүлкайыр” деген топ ачылып, ошондо ырчы болуп концерт коюп калдык. Концерттин аягын мен жаап атпаймынбы, кашайып. Билбейм, артымда балдар инструменттерди ойноп жатышат. Мен корулдап-шорулдап ырдай берчү экенмин. Бирок мага эл абдан кол чаап, каткырып эле жатып калышчу.  Көрсө, мен элди кыйшалактап, укмуш бийлеп, ошол бий менен эле алып койчу экенмин да. Азыр ойлосом, уялам. Ошонун бири да телевидениеге тартылбай калды да. Ал кезде бийлеп ырдаган деле ырчылар жок да. Анан мен бийлеп жатсам, бийлегенде да жөн бийлебей күлдүрүп бийлеп жатсам, элге жагат да. Жумамүдүн Шералиевдин ырларынан ырдадым. Өлө албай жатып “Аста секин колукту”, ” Акчабайдын ырын” ырдайм десең. Акча, акча деп өлө созуп…

—Келдибек байке эми сиздин эмгегиңизге, талантыңызга элдин берген баасы башка. Ар бир чыгармачыл адам өзүнө өзү да баа берет эмеспи. Өз чыгармачылыгыңызга канааттанасызбы?

—Кайдан? Канааттанбайсың да. Мындан да мыкты болсо дейт экенсиң. Баарыбир буйругуны болот турбайбы. Акыркы жылдары тамаша жанрындагы чакан ангеме-баяндарды жазып жүрөм. Аны жазып калышыма Баратбай Аракеев менен Шайлообек Дүйшеев себепкер болушту. Ошол экөө какшап жатып, жаздырышты десем болот. Көп нерсени жаратсам, көптү жазсам деп ойлойт экенсиң, бирок баары шартка жараша болот турбайбы. Гезиттерге, интернеттерге чыгып жаткан чакан күлкүнүн баарын бир китеп кылып чыгарып койсомбу деп ойлоп жүрөм. Китеп дапдаяр эле. Бирок чыгарганга акча жок. Башкаларга окшоп, байлар менен сүйлөшүп, аларды демөөрчу кылганга такыр шыгым жок экен. Мына ушул жагынан мени Кудай аксатып койгон турбайбы. Буга чейин  “Асанкул Шаршенов” анан “Күлкү өмүрдүн мүлкү” деген  2 китеп чыккан. Ал китептер жок калды.

Атамбаев кетип жатып сыйлык –наамдарды укмуш таратып кетпедиби, татыктуусуна, татыксызына деле. Сыйлык, наамдардын укмуш баркы кетти. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Мурун 20 жыл сахнада өзүн көрсөтүп, элге алынса, анан Эмгек сиңирген наамды берчү. Дагы бир  20 жылдан кийин Эл артистин берчү. Ошондо чыгармачылыкты 20 жашында баштаса, 40 жашында Эмгек сиңирген, 50-55 жашында Эл артисти болсо туура болмок. Менимче, чоң наам-сыйлыктарды элге эле салып койсо, эл тандап, татыктууларын иргеп беришсе жакшы эле болмок.

Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

Булак:Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here