Бейшенбек байке, баятан бери саясатты жакшы эле кеп кылдык. Эми кеп соңунда өзүңүз мыкты билген курулуш багыты боюнча бир аз кеп кылалы. Бул тармак боюнча эмне айтасыз?

— Курулуш тармагы  акыркы жылдары, айрыкча 2010-жылдан кийин болуп көрбөгөндөй күчөбөдү. Күчөгөнү жакшы болуп жатат. Себеби, курулуш канча көп болсо, ошончо атаандаштык жаралып, сапат маселеси өзүнөн-өзү жакшырат. Демек, сапатка басым жасаган, мыйзамга баш ийген курул компаниялары алдыга сурулуп чыгары  мыйзам ченемдүү көрүнүш да.

Сиз жетектеген компания да алдыңкылардын катарыда эмеспи… Акыркы жылдары сиздин компания башка көп компаниялардан айырмаланып,  ө куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы жасалгаларына абдан көңүл буруп, кооз, шаарга көрк бергидей салып жатасыздар. Мына ушул тууралуу айта кетсеңиз?

Биздин компания “Империал” деген ат менен Гогол-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине көп кабаттуу үйдү куруп бүтүп калды, Кудай буйруса. Азыр эл акырындык менен кирип башташты. Андан тышкары, төмөнкү Жалда “Алтын булак” деп дагы көп кабаттуу үй куруп жатабыз. Көбү бүттү. Ал жерге өз каражатыбыз менен 1200 метр алыстыктан  “теплотраса” тартып, кошуп жатабыз. Чынын айтканда, сыймыктануу менен бүткөрүп жатабыз. Өзгөчө “Империал” Кыргызстанда биринчи жолу Ленинград, Париж шаарларындагы курулуштун архитектуралары менен курулду десек болот.  Кудай буйруса, быйыл жылдын аягына чейин мен айткан эки курулушту тең бүтөбүз.

Империал. Бишкек. Фрунзе-Гогол

Суроо талап кандай болуп жатат?

-Суроо  талап жакшы. Эки курулуш имарат тең дээрлик сатылып кетти десек болот. Алдыда дагы жакшы долбоорлорубуз бар. Ал тууралуу башка учурда кененирээк айтып берели.

Сиз буга чейин кичи мекениңиз кочкорго мамлекет акча жок мектеп сала албай турганда, сиз өз компанияңыз менен бир эмес, эки мектеп куруп бердиңиз. Мындай иштерди дагы да улантып жатасызбы? Деги эле, ушундай ыкма менен сизге окшоп, кичи мектептерине мамлекет акча бөлгөнгө чейин өз каражаттарына мектеп салган курулуш компаниялары барбы?

-Бар экенин, же жок экенин мен жакшы билбейм. Бизден башка компаниянын андай иштерин угалекмин. Ал эми биздин компания мамлекетке жардам болуп турсун деп,  Кочкордун Ак Жар айылы мектеби жок калган кезде, заңгыратып, заманбап мектеп салып берди.  Андан кийин, Чекилдек айылына да укмуштуудай мыкты мектеп салып бердик. Анын ачылышына президент Атамбаев өзү барып, кабыл алды. 24 млн. сомго чейин өз акчамды бердим. Ал акчаны кайра 2 жылдан кийин кайтарып беришти. Мен бул иштен ырахат алдым. Себеби,  аздыр-көптүр мамлекетке жардам кылып, мектеби жок калган айылдын жалпы окуучуларын күлдүрүп, кубандырып койдум. Мен  бул ишимди милдет, колко кылбайм. Ушинтип, аз да болсо мамлекетке пайда келтирип турсак, андан ашкансыймыктын бизге кереги деле жок. Ошондой эле Нарында да Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепти да мамлекеттен акча бөлгөнгө чейин деп өз каражатыбызга заманбап кылып бүткөрүп бердик. Кудай тынчылык берип,  аманчылык болсо, өнүгүү болуп  турса,  мындай иштерди дагы да акырындык менен уланта беребиз.

Кайрымдуулук иштерин жасап жүрөсүз. Ал тууралуу да  учкай сөз кылсак…

— Бул жаатта деле мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша иштерди жасап жатабыз. Жалпы жардам берген акчабыздын суммасын айтсак да туура эмес экен. Эң башкысы Кудай билет. Бизге берип жаткандан кийин, биз да жардамга муктаждарга аздыр-көптүр берип туралы. Бизге жума сайын бери дегенде жардам сурап 4-5 киши келет. Биз анын баарын кур кол чыгарбаганга аракет кылабыз. Мурун ким жардам сурап келсе, чоо-жайын сурачу эмес элек. Көрсө, андай адамдардын катарында ар кандай болот экен. Ошондуктан, биз эки жылдан бери ким жардам сурап келсе да, баарын тактап жазып койчу болдук. Бул эми өзүбүз үчүн эле.

Империал курулуш имарат
Алтын-булак. курулушу

Булак: Багыт

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here