Дүйнөдө 70тен 80 миллионго чейин эгиздер жашап келет. Эгиздердин төрөлүүсү ар мамлекетте ар түрдүүчө көрсөткүчтөр менен белгиленет. Акыркы учурлардагы эгиздердин көп төрөлүп жаткандыгын адистер заманбап медицинанын өнүккөндүгүменен түшүндүрүшөт. 

Эгиздердин бөлүнүшү
Эгер уруктануудан кийин жумуртка клеткасы бөлүнүп кетсе же болбосо эки же андан көп жумуртка клеткасы уруктанса, анда жыйынтыгында көп тукумдуу кош бойлуулук келип чыгат. Жумуртка клеткасы бөлүнүп кеткен учурда бир жумурткадагы эгиздер төрөлөт, а эки же андан көп жумуртка клеткасы уруктанганда ар башка жумурткадагы эгиздер төрөлөт. Бир жумурткадагы эгиздердин гени дээрлик бирдей болот. Алардын окшоштугу ушунчалык деңгээлде, ымыркай кезинде а түгүл апасы өзү ажырата албайт. Анткени мындай эгиздер бир эле урук клеткасында өнүгүп, белгилүү бир учурда эки түйүлдүккө ажырайт. Тилекке каршы, мындай бөлүнүүгө бүгүнкү күнгө чейин медицина так аныктама бере албайт.

Image result for двойняшкиБир жумурткадагы эгиздер төрөлгөндөн кийин алардын баш мээси да бирдей иштейт. Бир убакта бирдей нерсени ойлошот. Алыста болсо да бири-биринин абалдарын сезип, биринин эмне ойлоп жатканын экинчиси оңой эле билип алат. Кичинекей кездеринде өздөрүнө гана таандык тилдери да болот. Эки жаштан өткөндөн кийин алар бири-бири менен айланасындагыларга түшүнүксүз болгон өздөрүнүн диалектилери менен сүйлөшөт. Бир жумурткадагы эгиздер ар башка жумурткадагы эгиздерге караганда 5 эсе аз төрөлөт. Жана булар бирдей жыныстагы балдар болушат. Бирок чанда-чанда гана бир жумурткадагы эгиздердин бири эркек, бири кыз болуп калган учурлар болот.

 

Эгиздер тууралуу кызыктар

  • 1980-жылдан бери эгиздердин төрөлүүсү 76 пайызга өскөн.
  • Эгиздердин 22 пайызы сологойлор.
  • Нигерия мамлекетинде эгиздер көп төрөлөт.
  • Кытайда эгиз балдардын төрөлүүсү аз кездешет.
  • Эт жана сүт азыктарынан баш тарткан айымдардын эгиз балалуу болушу сейрек кездешет.
  • Жаныбарлардын ичинен ак аюу эгиз мамалак тууйт.  Үч эм туушу сейрек кездешет.
  • Окумуштуулардын айтымында эгиз түйүлдүктөр 14 жумадан кийин бири-бири менен байланышта болуп, бири-бирин сезип башташат.
  • Эгиздердин 40 пайызы башка бир туугандарына салыштырмалуу, бири-бирине өтө жакын болушат.
  • Көпчүлүк эгиздер 37-жумасында төрөлүшөт.
  • Эгиздердин ар биринин орточо салмагы 2.5кг.ды түзөт.
  • Эгиз балдардын биринчи төрөлгөнү экинчи төрөлгөнүнө караганда жоопкерчиликтүү, лидерлик касиеттерге ээ, атак-даңкты сүйгөн жана агрессивдүү болот. Ал эми кечирээк төрөлгөнү жумшагыраак, шайыр, бирок өжөр болоорун изилдөөлөр көрсөткөн.
  • Ар башка жыныстагы эгиздерди психологдор келечектеги «идеалдуу өмүрлүк жарлар» болот деп эсептешет. Эгиздин кызы күйөөсүнүн психологиясын мыкты өздөштүргөн, ага жардам бере билген мыкты жубай болсо, эркек түгөйү келечектеги аялын жакшы түшүнгөн, жумшак жолдош болот.
  • Эгиздердин тагдыры көпчүлүк учурда окшош болот. Аларды ымыркай кезинде эле ажыратып кетишсе да адаттары окшош болот. Окшош абалга көп туш болушат. Экөө тең бир оору менен оорушат. А түгүл бир учурда көз жумушат.
  • Бир жумурткадагы эгиздердин гени 100% бирдей, аларды болгону «бармак мөөрү» гана айырмалап турат. Алар окшош болушу мүмкүн, бирок эч качан бирдей болбойт.

Эки түстөгү эгиз кыздар

Эки жаштагы эгиздер Изабелла жана Габриэлла Шипли бири-биринен айырмаланып турганы менен Instagram жылдызына айланды. Бөбөктөр бири-бирине абдан окшош болгону менен терилеринин өңү эки башка.
Эң оор салмактагы эгиздер
Англияда дүйнөдөгү эң чоң эгиз эркектер  операция эмес, табигый жол менен жарык дүйнөгө келишкен. Эгиздердин энеси 33 жашында төрөгөн. Биринчи төрөлгөн эгиздин аты Джозев 4кг. салмакта, ал эми экинчиси Люк 3.3 кг. салмак менен төрөлүшкөн. Көпчүлүк учурда эгиздер экөө биригип 5кг. тегереги болсо, булардыкы 7,3кг. болгон.

Чачтары менен дүйнөнү багындырган эгиздер

Киприана Кванн жана ТиКей Уандер кичинесинен ар кандай мазактоолорду угуп келишкен. Анткени калың чачтарынан улам, башкалардын шылдыңдоосуна кабылышкан. Чачтарын күнүгө түздөткөндөн тажап, акыр аягында кыркып салууну да ойлой башташкан. Бирок убакыт өткөн соң кыздар өз өзгөчөлүгүн кабыл алууну үйрөнүп, “Urban Bush Babies” блогун жүргүзө башташкан.
Азыркы учурда блог менен бирге, кыздардын “инстаграмы” да абдан популярдуу. Эгиздер ошондой эле белгилүү “Vogue”, “Marie Claire” жана “W Magazine” аттуу бренддердин жүзү болууга да жетишишкен.

 

 

Булак:“Фабула пресс”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here