-Жамал эже, ириде үй-бүлөңүз, балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

-Үй-бүлөм кадимки эле кыргыздын үй-бүлөсү. Жолдошум дагы 80 жашка келип калды. Илимий техникалык кандидаттыгын жактап, Политехникалык университетте проректор, директор болуп иштеген. Учурда ардактуу эс алууда. Бир уул, бир кызым бар. Кызым Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетти бүтүргөн. Азыр Жогорку сотто иштейт. Балам, келиним экөө тең кино жагына аралашып, менин колумда иштешет. Жакында эле бир кыска метраждуу фильм тартышты. Былтыр “Бакай” деген фильм тартышып, өздөрү монтаждап, айтор аябай катуу берилип, ошол кино менен оорушту.

Алты неберем бар. Кызымдын эки кызы, уулумдуку төртөө. Эң улуусу 17ге чыкты,  аты Амир. Ал дагы киного кызыгат.

 

-1990-жылдардан бери Туңгуч театрын жетектеп келесиз, театрда эмне жаңылыктар бар, кандай спектаклдер коюлуп жатат?

 

-Театрда дайыма жаңылык болуп турушу керек. Ар бир коюлган спектакль бул жаңылык.  Жакшысы болуп калат, жакшы эмеси болуп калат, ар түрдүүда. Мен кыргыз драма театрдан бөлүнүп чыккандан кийин оюм башкага кеткен. Башка стилде, башка формада, башка багытта изденүүнү туура көргөм. Оюмду ишке ашырдым.  Биринчи Кыргыз Эл жазуучусу Султан  Раевдин “Оо, кыздар” деген спектаклин  көрөрмандарга тартуулагам. Аябай жакшы болгон. Андан кийин Жеңишгүл Өзүбекованын “Апамдын махабаты” драмасын спектакль кылдым. Анда аталган драма кино болуп тартыла элек болчу.  Казат Акматовдун “Мунабиясын”койгонбуз.  Ал дагы жакшы болгон. Ошол мезгилде Кыргыз Эл жазуучусу маркум Казат Акматов агабыздын “Мунабиясы” коомчулукта аябай дүңгүрөп турган учуру болчу.

 

-Булардан башка дагы бир топ спектаклдерди элге тартууласаңыздар керек, театр сүйүүчүлөрдүн эсине салып, баарын тең эле айтып берсеңиз?

-Ооба, көп эле спектаклдерди көрөрмандарга тартууладык. Театрдан бөлүнгөндө, Султан Раевдин драмаларына басым жасап, жазуучунун  “Ханышанын көз жашы” спектаклин койгонбуз. Андан кийин “Курманжан Датка” жөнүндө спектаклди 15 жыл көрөрмандарга тартууладык.  Ал спектакль менен гастролдоп Москвага барганбыз. Андан тышкары  “Актерлер үйү” деген спектакль менен гастролго көп чыктык. Аны менен Алматыга, андан ары Иранга чейин барып фестивалга катышканбыз. Кийин Болот Тентимишовдун “Революция менин сүйгөнүм” деген революция жөнүндөгү драмасына  экөөбүз сценарий жазып, спектакль койгонбуз. Ал да абдан жакшы болгон.

 -“Махабат жылдызы” деген спектаклди да элге тартуулаган элеңиздер…

-Ооба, биринчи жолу Кыргызстанда “Махабат жылдызы” аттуу мюзикл койгонбуз, либреттосун Кыялбек Урманбетов, музыкасын Эрик Кадырбаев жазган эле. Эрик тилекке каршы, арабыздан эрте кетти. Аябагандай таланттуу жигит эле. Музыкасы, баардык жагы абдан жакшы болуп, 24 шлягер 24 түрдүү мелодия ыр түрүндө жазылган болчу. Ал кезде Гүлзинат Суранчиева, курал Чокоевдер институтта окушчу эле. Алар обонго салып ырдашкан. Аталган спектакль “Чолпон” легендасынын негизинде жазылган эле. Ошентип  спектакль абдан популярдуу болуп баштаган кезде, өлкөдө революция болуп кеткен.

Себеби спектаклде өлкөдө болуп жаткан окуя да кыйыр түрдө чагылдырылган болчу. Бир бомж ырдайт эле.  “Элимди сатам ким алат, жеримди сатам ким алат, баламды сатам ким алат, абийиримди сатам ким алат?” Ал учурда Каркыра сатылып, элдин бийликке болгон ишеними кетип турган учур эле. Спектакль элге тартууланып, эл кызыгып көрүп жаткан убак болчу. Бир күнү эле Ак үйдө иштеген бирөө мени коркутуп, “Эже жашагыңыз келеби? Эгер, тынч жашагыңыз келсе, спектаклди элге көрсөтпөңүз, токтотуңуз” – деген. Ошондон баштап спектакль токтоп, элге тартууланбай калган. Бүгүнкү күнгө чейин көргөзүлбөй турат. Ошону кайра элге тартууласамбы деген оюм бар.  Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков амфитеатр коюптур деп уктум. Ошол жактан элге тартууласак деген оюм бар эле. Тилекке каршы, каражат жок болуп жатат.

-Ушул жашка чейин кыдырбаган жериңиз калбаса керек, кайсы мамлекет өзгөчө таасир калтырды?

-Туура, дүйнө мамлекеттеринин көбүндө болдум. Кытайга 5 жолу баргам. Германияда 2 жолу, Уфада, Башкирияда, Өзбекстанда ж.б. 15тен ашык мамлекетте болгом. Ар бир мамлекет мага өзгөчө таасир калтырды. Ар бир мамлекетте байырлаган элдин өз тарыхы, өз каада-салт, өз маданияты бар. Бирок кайсы гана мамлекетте болбоюн, мен Кыргызстанга эч бир мамлекетти теңей албадым. Биздин Кыргызстандай мамлекет эч жерде жок. Биз өлкөбүздү сүйүп, урматтап гана жашашыбыз керек.

-Жакында эле  Лондонго барып, алтын статуэтка  алып келдиңиз. Ошол ийгилигиңиз тууралуу айтсаңыз?

-“Илегилек” жана “Белый аист” деген спектаклдер менен үч-төрт өлкөнү кыдырып, Лондонго чейин барып келдик. Биринчи Астанага барганбыз. Англиядан келген эки режиссёр спектаклибизди көрүп,  дароо бизди Англияга чакырышты. Биз ал жакка барууга акча издедик. Жогорку Кеңеш жана жаңы шайланган президент  Сооронбай Жээнбеков жардам берди. Фестиваль 15 күн болду. Биз учуп барган күнү эле спектаклди тартууладык. Аларга жакса экен, алар кандай кабыл алат болду экен деп аябай кыжаалат болдум. Бактыга жараша, спектаклибиз аларга аябай жакты. Сыйлыктарын ыйгарышты. Буюрса алдыда дагы көп пландар бар. Ден соолугум болсо, ошонун баарын шакирттерим менен бирге ишке ашырууга аракет кылам!

-Театр артистти болуш үчүн өзгөчө кандай сапат керек?

-Чыгармачылыкта көп кыйынчылыктар болот. Ошонун баарына чыдаш үчүн эң биринчи чыгармачылыкты сүйүү керек. Тырышчаактык, аракет жана көк беттик керек. Аракетчил, тырышчаак болбосоң, чыгармачылыгың жолдо калып калышы толук мүмкүн. Театрдан аябай марып, бай болуп кетпейсиң. Жаныңды багып, болгонуна шүгүр деген жашоодо жашап өтөсүң. Мен муну Кыргызстандын шартында айтып жатам.

-Жашоодо ушул жашка чейин эмне таап, эмне жоготтуңуз?

-Тапканым менин сүйгөн кесибимдин өтөөсүнө чыктым десем болот. Ал эми жоготконум театр деп жүрүп жашоодо көп нерседен артта калдым. Жаш кезде көп төрөйүн, көп балалуу болоюн деген ой кыялдар орундалбай калды. Талаа-түздө көп жүрүп боюмдан козголуп, балалуу боло албай калган учурларым көп болду. Кудайга шүгүр, бир уул, бир кыздуу болдум. Уул-кызым, абышкам жана неберелерим бар. Жаман эмес. Кудайдын бергени ушул болду. Ушуга каниет кылам, топук кылам, жашоом жаман эмес. Эл-журтка тынчтык берсе экен, элибиз, жаштарыбыз ыймандуу болсо экен деп көп ойлоном.

Маектешкен Айнура НИЙМАТАЛИЕВА 

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here