Бою да узун, кыймылдары эптүү, кишиге жылдыздуу, маңдайы жарык жан экен. Мени сынай карап ойлорумду жыйынтыктай электе аркы бөлмөдөн болжолдуу эки  жаштан өтүп калган калган эркек бала Русланды карай “папалап” чуркап чыкты. Ал наристе мен төрөгөн Насирдинге куюп койгондой окшош экен. Жарык дүйнөнүн жыргалы менен куралын көрө элек наристе балада эмне күнөө десеңиз. Ал бала деле менин баламдай бала да. Бала бул дүйнөдө болсо эле, ата-энеси менен болсун. Баланы эч качан атасы менен апасынан Кудайым айрыбасын. Менин жүрөгүмдү бирөө ийне менен тепчип-тепип сайгылап жаткансыды. Бирок бала деген бала экен. Наристе баланын күйөөмдүн мойнуна асылганы, күйөөм аны мен төрөгөн баладан бетер жыттап жатканы негедир менин жүрөгүмдү жибитип баратты. Жүрөктү Руслан же, анын токолоу жибиткен жок. Так ушул периште бала жибитип тургансыды. Мен ушундай ойлор менен  алек болуп жатканымды, мени Русландын сөзү чочутту. Ал мени карап:

-Кылым, бул баланын аты Кумарбек- деди. Мен шашып кетип:

-И. Жакшы бала экен – деп койдум. Руслан баласын мага каратып:

-Балам, бул Кылым деген чоң апам болот. Сен аны чоң апа де.  Ал эми Кумарбектин мамасынын аты Айгүл. Кылым Айгүлдү сен сиңдиңдей көр. Ал сенин алдыңдан кыя өтпөйт. Бири-бириңерди түшүнгүлө. Мен силерге калыс карайм. Эгер калыс карабасам, экөөңдү эч качан тааныштырбайт болчумун. Биз бир үй-бүлөбүз. Жөнөкөй үй-бүлө эмес, чоң үй-бүлөбүз. Мындай чоң үй-бүлөлөр Кыргызстанда көп болсо, эмнеси жаман — деди. Мен Русландын бул сөздөрүн анчалык жактырбай Айгүлгө карай калсам, ал мени жоодурап тиктеп туруптур. Экөөбүз бир саамга тиктешип калдык. Андан ары ортодо көп деле сөз болгон жок. Айгүл мага жагалданып жаткансып, айтор укмуш сый көрсөткүсү келип жатканын байкап жаттым. Бир кезде Русландын телефону шыңгырап калды. Ал телефону менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин, бизге:

— Силер шашпай тамактана бергиле. Шашпай сүйлөшүп олтургула. Менин жумушум чыгып калды. Эки-үч саттан кийин келип-калам –деп шашып чыгып кетти. Айгүл экөөбүз ага эч нерсе деп унчуга албай, кала бердик. Ал кеткенден кийин үй ичи мурункудан да тунжурай түштү. Айгүл улам менин чайымды жаңыртып, чебелектеп жатты. Анын да оюу бир ордунда болбой жатканын байкадым. Баласына алаксымыш этип, менин алдымда бетине кармаганы бир гана бала болуп турганын туйдум. Мен Руслан кеткенден кийин ачуум келип, анын токолун жеке көрө карап, аны суракка алгым келди. Ал деле анымды сезип жаткандай. Дагы бир жолу ансыз да ичилип бүтө элек чайымды жаңыртууга ашыгып жатканында, мен аны жек көрү менен:

-Тойдум берген чайыңа, чайыңа эле эмес, мен менин жүрөгүмө салган кайгыңа да тоюп жатам- деп аны кагып-силкип, үнүмдү көтөрүңкү сүйлөдүм. Айгүл менден мындайды күтпөсө керек, мени жалт карап, чоочуп кеткендей:

-Эжеке кечирип коюңуз, мен, мен …- деп андан аркы сөзүн толук айта албай, мукактанып кетенчиктей түштү. Мен ансайын от алгансып, катуу үн менен ичимди көптөн бери куйкалап жаткан ачуу сөздөрдү ага айтып баштадым:

-Сен кайдан чыккан немесиң, менин бактыма, менин күйөөмө суктанган. Бирөөнүн бактысына көз арткандан уялбайсыңбы. Же сага үй-бүлөсү жок башка жигит такыр табылган жокпу. Же сенин аягың суюк, сапарың сайда жок немесиңби. Эмне сени биздин үй-бүлөбүздү бузуп, бүлүк салып кирдиң. Сен пайда болгондон бери мен Русланды да, өзүмдү да жек көрө баштадым. Балдарым үчүн гана жашап келеп, а сен шуркуя десе…

Андан аркы сөздөрүмдү айт албай ээгим калылдап, ыйлап жибердим. Ал эми Айгүл болсо мен сөз баштаганда эле босого жактагы бурчка тыгыла олтуруп. Көз жашын  төгүп, ыйлап жаткан. Ал корккон коёндон бетер катуу бүжүрөп, өң-алеттен кетип калыптыр. Мен ага карап, табалагандай:

-И, жүрөгүң мыкчып кайгырып ыйлаган жакшы бекен. Сен баары сонун болот, баары жыргал болот деп ойлодуң беле- деп бакырып алдым. Айгүлдүн  баласы менин үнүмдөн чоочугансып, ыйлап жиберди. Мен анын ыйлаганына түтпөй, өзүмдү күнөөлүү сезе түштүм. Периште балада эмне күнөө. Периштени коркутуп, ыйлатканга менин кандай укугум бар. Менин да ушундай периштелерим бар го. Өз балдарыма,  башка балдарга да мынчалык кыйкырып, таш боордук кыла албайм. Мен анткени боорукер энемин да. Токолго толгон жек көрүмдү балага болгон мээримим ушунтип жеңип баратты. Негизи мен өмүрүмдө мынчалык бакырып, албууттанып урушкан эмесмин. Көрсө, үй-бүлө, бактың үчүн баарына да барат окшобойсуңбу. Мен андан ары өзүмдү кармай, жоошуй түштүм. Айгүл ыйлап жаткан баласын колуна алып, сооротуп,  өзүнүн да көз жашын аарчып, мага жакыныраак олтуруп, мен күтүп-күтпөгөн сөзүн баштап жиберди:

-Кылым эжеке, мен сиз ойлогондой шуркуя эмесмин. Мен да бир-үй-бүлөнүн жалгыз эрке кызмын. Бир байкем бар.  Мектепти бүткөндөн кийин, өзүм калаган окуу жайга тапшрдым. Бирок экинчи курсту  аяктагандан кийин, андан ары окууга акча төлөй албай, чыгып калдым. Ата-энем деле карапайым турмушта күн кечиришер эле. Алар деле мени аягына чейин окута алышкан жок. Мен байкем экөөбүз кеңешип, бул жактан жакшы жумуш таба албагандыктан ата-энебизден уруксат алып, Москвага иштегени кеткенбиз. Москвага барганымда деле жыргап кеткеним жок. Байкем болсо, башка балдар менен Якутияга иштегени кеткен. Мен айылдаш эжем менен китеп чыгарган чакан  басмканада иштеп калдым. Айлыгым деле анча көп эмес, бирок мага кенен эле жетчү. Ошол айылдаш эжем менен батирде бирге жашадым. Өзүмдөн арткан акчамдын ата-энеме салып жүрдүм. Кыскасы, акча топтоп алып, Кыргызстанга келип, окуумду уланткым келчү. Бир күнү эжем экөөбүз жумуштан бир топ кеч чыгып калдык. Жумушубуз биз жашаган батирге анчалык алыс эмес эле. Андыктан биз көп учурда жөө эле барып келчүбүз. Ошол күнү да үйгө шашып жөө келетканбыз. Үйгө аз калганда бак-шактуу жер бар эле, ошол жерге жеткенибизде алдыбыздан үч жигит карпа-курпа чыгып, экөөбүздү эки жакка тоголото чаап, колдорунда жалаңдаган бычактарын көрсөтүп, бизди болушунча кордогонго камынып, каткырып, акча ж.б. сурап коркутуп башташты. Экөөбүз күчүбүздү ыйдан чыгарып, жалына баштадык. Байкашыбызга караганда бизге окшогон эле мигранттар, орусчага анчалык тилдери так келбейт. өздөрүнчө өз тилинде да сүйлөшүп жатышты. Алардын анчалык болбосо да, кызуу экени байкалып, ооздорунан арак буркурап жатты. Бир кезде экөө экөөбүздү басып жыгылып, кийимдерибизди чечкенге аракет кылып жырткычтардай болуп тытмалай баштады. Экөөбүз тең болушунча айкырып, жардам сурап жаттык. Биздин жардамды угушкан окшойт, же Кудайга үнүбүз жетип кеттиби,  айтор эки бала келип, алгач кароолдо турган бирөөсүн жыга чабышты. Андан соң, экөөбүз менен алышып, башка көзгө-койгулап, арам ойлорун ишке ашырмакчы болуп жаткан эки жырткычты үстүбүздөн алып ыргытып, алар менен жан аябай кармаша кетишти. Көз алдбызда 4 караан көпкө кармашты. Тиги бизге кол салгандар да, бизди сактамакчы болгондор да бир-бирине алдырышпай тирешип жатты. Акыры бизге болушкандар күчтүүлүк кылып, экөөнү сабап киришти. Бирок жаман жери кара ниеттердин бири бизге болушкандардын  бирин бычагы менен шилтеп калганын мен даана байкап, бакырып жибердим. Бычак жеген жигит бир бакырып кулап түштү. Тигилер болсо көздөн кайым болуп качып жөнөштү. Биз ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Көп өтпөй ал жерге полиция жете келди. Кара ниет адамдырдын үчүнчүсү дале эсине келбей жерде сулк жаткан. Көрсө аны бизге болушкандар  катуу чабышса керек. Биз полицияга эки күн көрсөтмө бердик. Ал эми бизге болушкандар, жердештерибиз болуп чыкты. Бактыга жараша алардын бирине бычак жоон санын чала шырпып өтүптүр. Ал жигит ооруканага он күндөй жатып, айыгып чыкты.

Айгүл сөзүн үзүп, мени карап:

-Эже ошол биз үчүн өмүрүн тобокел кылып, бычак жеген жигит сиздин күйөөңүз Руслан болчу- деди. Мен Айгүлдүн сөзү ушул багытка баратканын болжоп турдум эле, акыры ошондой болуп чыкты го. Неге дегенде, Русландын сол жоон санында чоңурак тырык бар эле. Мен ал тырыктын чоо-жайын сурасам, курулушта кокустук болуп, арматурага тилдирип алганын айткан. Мен эми ал тырыктын чыныгы тарыхын түшүндүм. Айгүл  сөзүн андан ары улады:

-Ошентип айылдаш эжем Атыркүл экөөбүз Руслан ооруканадан чыкканча 4-5 жолу тамак жасап келип, бир аз каралашып турдук. Русланды жумушндагылар абдан сыйлашат экен. Алар да жакшы каралашты. Андыктан Руслан көп деле жардамга муктаж болгон жок. Ошентсе да, Атыркүл эже экөбүз бизди каракчылардан сактап калган Руслан менен анын досу Асылбекке чексиз ыраазычылыгыбызды аянбастан айтып, ал экөөнө чындап, өмүр, бакыт тиледик. Ошентип, алар бош убактыларында бизге келип, же телефон чалып башташты. Атыркүл эже күйөөсү менен ажырашып кеткен,  айылда бир баласы бар эле. Асылбектин тагдыры экөө окшош болуп чыкты. Айтор, ушинтип жүрүп, төртөөбүз кыз –жигит болуп чыга келдик.  Бирок эже, сиз туура түшүнүңүз Руслан  мага үйлөнгөнүн, баласы бар экенин айткан эмес, мен андан бир, эки жолу сурагам. Асылбек байке да мага али үйлөнө элек деп койгон. Руслан мага таанышкандан 2 ай өткөндөн кийин көп келе баштады. Мен ага чындап аруу махабатымды арнап, аны сүйүп калдым. Сүйүүгө мас болдум. Анын айткандарынын баарына ишенип, баарына макул болдум. Себеби, ал мени бир жаман иштен, балким бир өлүмдөн сактап калган  периштедей эле сезилип, ага ыраазычылыгым чексиз эле. Күндөрдүн бир күнүндө мен Русландан боюмда болуп калганымды билип, Русланга айттым. Руслан бул окуяга эч кандай каршы болгон жок. таңкалган деле жок. Эртеси күнү Москвадагы мечиттердин бирине  бардык. Ал жерден молдо экөөбүзгө нике кыйды. Экөөбүз ошентип жубайлардан болуп калдык. Көп өтпөй, Руслан мени өзү жашаган батирге  көчүрүп келди.  Мына эже менин ымандай сырым. Руслан мен көз жаргандан кийин, аялы, балдары бар экенин айтты. Мен  үчүн анын  бул жаңылыгы күтүлбөгөн жебе болуп жүрөгүмө сайылганы менен айлам канча эле. Баарына макул болуп, тагдырын жазганы деп кала бердим. Анткени, Русланды өзгөчө  сыйлаткан  эки чоң себеп бар эле. Бири анын менин өмүрүмдү сактап алганы болсо, экинчиси андан төрөгөн наристем…

Мен Айгүлдүн бул ыймандай сырын угуп олтуруп, аны аяп кеттим. Эгер мен анын ордунда болуп калсам, кантет элем. Балким мен деле Айгүлдүн абалында калмактырмын. Ооба, тагдырдын тамашасы кандай болуп кетерин билбейсиң да. Айтор, Айгүлдүн бул баяны мени алда канча жибитип койгонсуду. Мен аны мындан ары күнөөлүгүм деле келбей калды. Кептин баары күйөөңдө болуп жатса, башкаларга асылганда эмне пайда?

Мен Айгүлгө эмне деп кине коёрумду билбей деле калдым. Нес болгон немедей ордумдан турдум да, эшикти көздөй бастым. Айгүл чбелектеп артымдан чогуу басып, менин Русланды күтүп турушумду суранды. Мен аны укан жокмун. Өзүмдүн кандай абалда экенимди деле анчалык аңдабай эшикке чыгып кетти.

(Уландысы бар)

 

Автор: Айнура Абазбекова, Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here