“Байкуш” аткаминерлер

Кыргызстандагы аткаминерлердин жыл сайын милдеттүү түрдө тапшырылуучу декларациясын карасаң, аларда үйү дагы, машинеси дагы жок бир “байкуш” болуп чыга келишет. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес экени баарына маалым. Көбүнчө алар үйлөрүн, кымбат баалуу машинелерин, бизнестерин жакын адамдарына каттап коюшат. Биз “Байкуш аткаминерлер” долбоорубузда алардын декларациясындагы маалыматтары иш жүзүндөгү байлыгына туура келбей турганын далилдейбиз.

Биринчи каарманыбыз Бишкек шаарынын мэри — Албек Ибраимов

Декларация боюнча

2016-жылдын 31-декабрына карата тапшырган декларациясын карап көрсөк, жумуш ордунан бир жыл ичинде 735 миң 723 сом киреше тапкан. Андан сырткары, айыл-чарба продукцияларын сатуудан 3 млн 500 миң сом киреше тапканы белгиленген. Бул декларациясынан жашай турган үйү дагы, машинеси дагы жок экенин көрүүгө болот. Ал эми 2015-жылга карата тапшырган декларациясынан мэрдин ушундай эле үйү, машинеси жок болгону менен, 13 даана жер тилкеси бар экени көрсөтүлгөн эле. Эми жаңы декларациядан ал жер тилкелери жакын тууганынын менчиги катары көрсөтүлгөн. Ал эми  жакын тууганы бир жыл ичинде мэрден үч эсеге көп, тагыраак айтканда, 10 млн сомго жакын киреше тапканы белгиленген. Алардын менчигинде Жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК), 2014-жылкы Тойота РАВ-4 автоунаасы бар экенин көрүүгө болот.

Ишканалары

Адегенде мэрдин үйбүлөсү аралашкан ишканаларга көз чаптыралы. Аларга караштуу ишканалардын юридикалык даректери негизинен окшош даректерге катталган. Бирок ал үйлөрдүн ээси ким экенин текшерип көргөндө, башка адамдарга катталган болуп чыкты.

Мисалы, «TM-ORLAN & Group Бул фирманын кожоюну шаар башчынын жубайы Айнура Ибраимова Танкеевна болчу. Былтыркы жылы ММКлардын бул боюнча чыгарган бир катар маалыматтарынан кийин 2016-жылдын 14-октябрында кайра каттоодон өткөрүлүп Батырбеков Бекбол Сейитбекович ээси болуп калган. Учурда Абдыкалыков Арсан Сатарович жетектейт. Кожоюндары алмашканы менен Юридикалык дареги баягы эле – Элебаев көчөсү 32 дареги боюнча калган. Бул компания Айнура Ибраимова ээлик кылганда дагы ушул даректе катталып, ал тургай Ибраимова өзү дагы бир кезде ушул дарекке катталганы жөн жерден эмес болсо керек. Тиешеси жок үйгө эч ким каттоого турбаса керек?

«TM-ORLAN & Group фирмасынын ишмердүүлүгү узак мөөнөткө колдонуучу товарларды дүңүнөн сатуу деп көрсөтүлгөн. Бул ишкананын ушундай эле аталышта Ысык-Көлдө дагы филиалы бар. Бул ишкана Чолпон-Атадагы май куюучу жай жайгашкан дарекке катталып, авиациялык жана автомобилдик майларды дүңүнөн сатуу менен алектенери көрсөтүлгөн.

Бул үйбүлөнүн тиешеси бар дагы бир ишкана “Эрса” Жоопкерчилиги чектелген коому. Бул ишкананын кожоюндары эки киши – бирөөсү — Шайдиев Сапар Джапаркулович, экинчиси шаар башчы Ибраимов Албек Сабирбекович өзү. Юстиция министрлигинин базасында Албек Ибраимов өзү жетекчи экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Чон-Арык, Семетей-1 деген дарекке катталган. Кызыгы, Албек Ибраимов өзү дагы бир кезде дал ушул дарекке каттоого турганы белгилүү болду. Бирок. Ушул эле үйдүн кожоюну ким экенине кызыгып көргөнүбүздө ал Сарбагишев Талант  Бердибекович деген кишиге катталганы аныкталды. Буга чейинки кожоюндары ким экендиги тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүн болгон жок.

Андан кийинки ишкана «А плюс К» ЖЧКсы – бул ишкана Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылындагы “Дениз” пансионатына катталган. Туристтик кызматтарды көрсөтүүгө багытталган ишкана катары көрсөтүлгөн. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, адегенде бул пансионат “Deniz-Travel» ЖЧКсы катары катталган болчу. Бирок, 2011-жылы булл ЖЧК өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Андан кийин 2015-жылдын июнь айына чейин бул пансионатты “А плюс К” ЖЧКсы башкарып келген. Бул компаниянын кожоюндары катары – шаар башчынын жубайы Айнура Ибраимова менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайы Ольга Атогурова көрсөтүлгөн. Бул компаниянын негизги ишмердүүлүгү авиациялык жана авто майды дүңүнөн сатуу жана авто май куюучу жайларды ижарага берүү деп көрсөтүлгөн. Кийинчерээк бул ишкананын кожоюну алмашып, учурда Айталиев Абдыразак Максутовичке катталган.

Мүлктөрү

 Чоң-Арык

Эми мүлктөр тууралуу кеп кылалы. Салык кызматынын сайтындагы маалыматтардан Ибраимова Айганыш Албековна деген жаран Бишкек шаарынын четиндеги Чон-Арык айылында Жеңиштин 50 жылдыгы 77 дарегине катталганын көрүүгө болот. Фамилиясынын, атасынын атына карап, мэрдин кызы экенин болжоого болот. Бул даректеги үйгө ким кожоюндук кыларын мамлекеттик каттоо кызматынан текшергенибизде ал Ибраимов Эрулан Албековичке тиешелүү болуп чыкты. Бул жаран Албек Ибраимовдун уулу экени шек жаратпаса керек.

Арашан, Кошокбек 78

Салык кызматынын сайтындагы маалыматтардан Албек Ибраимов өзү бир кезде Чүй облусунун Аламидин районуна караштуу Арашан айылынын Кошокбек көчөсү 78 деген дарегине катталганын билүүгө болот. Бул даректеги үй кимге тиешелүү экенин Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан текшерип көргөнүбүздө ал шаар башчы Албек Ибраимовдун өзүнө катталганы  аныкталды. Бирок бул дарек үй катары эмес, сарай деп көрсөтүлгөн.

 Арашан, Кошокбек 80

Ушул эле үйгө улай бийик дубалдар менен курчалып тосулган аябай чоң аянттагы жерди көрүүгө болот. Бул дарек Кошокбек көчөсү 80 дарегине туура келет. Бул даректи текшерип көргөнүбүздө шаар мэри Албек Ибраимовдун өзүнө катталганы аныкталды. Ичинде курулуш иштери жүрүп жатат. Айылдын тургундарынын баары бул жер Албек Ибраимовдуку экенин жашырышпайт:

— Бул эмне мынча чоң жер?

— Бул мэр города – Албектики да. Ал городок курганы жатат.

— Аянты канча чыгат?

— 28 гектар го, 30 гектарга барып калат.

Унаалары

Бишке шаардык мэрия кызматкерлеринин айтымында, шаар башчы түрдүү машинелерди тебет. Тагыраагы Мерседес Геленвагендваген, Тойота Ленд Крузер-200 машинелерин алмак-салмак тээп жүрөт.

Балдары

Балдары тууралуу маалымат аз. Социалдык тармактардагы маалыматтардан эки кызын жана бир уулун Бишкектеги Silk Road жеке мектебинен окутканын билүүгө болот. Бул мектептин бир окуучуга бир жылдык баасы 5600$.

Мэрдин жообу

Декларацияга кошулбаган мүлктөр, ишканалар тууралуу шаар башчынын өзүнөн комментарий алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Акырында биз кат менен кайрылганыбызда Албек Ибраимов бул теманы талкуулоо максатсыз деген жоопту кат аркылуу гана узатты.

“Полит Клиника” коомдук-саясый гезитинин кыргыз чиновниктеринин 2016-жылга карата толтурулган декларациясы боюнча катыңызды карап чыгып, декларацияны талкуулоо максатсыз деп эсептейм. Анткени, бардык маалыматтар декларацияда көрсөтүлгөн” деп жазылат катка жоопто.

Декларация туура эмес толтурулган болсо кандай жоопкерчилик каралган?

Жанара Иманалиеванын, Мамлекеттик кадр кызматынын декларация бөлүмүнүн башкы адиси:

— Биз мамлекеттик кызматкерлердин декларацияда көрсөтүлгөн киреше-чыгымдары туура көрсөтүлгөнбү же жокпу деп биз анализ жүргүзөбүз, корутунду чыгарып Президентке, Премьер-министрге, Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын төрагаларына, ЖК төрагасына жиберебиз. Бул корутундуга таянып прокуратура жана башка укук коргоо органдар андан ары кандай иш алып барып, кандай жазага тартууну чечишет. Мисалы, административдик кодекс боюнча эгерде декларация тапшырбаган болсо, анда 2 миң сомдун тегерегинде айып пул көргөзүлгөн. Ал эми декларация тапшырып, бирок ичинде туура эмес маалыматты көргөзгөн болсо, анда 5 миң сом айып пулга жыгылат. Эгерде бул нерсе экинчи жолу кайталанса 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Кылмыш кодекси боюнча болсо, декларанттардын мыйзамсыз байыганы тастыкталган болсо, алар суракка алынат, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгерде өтө ири өлчөмдө, тагыраак айтканда 300 миң сомдон өйдө жашырылган болсо 6 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылып, үй-мүлкүн конфискациялоо каралган.

«ПолитКлиника» Бул материал «Борбордук Азиядагы көз карандысыз ММКларды күчтөндүрүү» долбоорунун алкагында Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана «Клооп Медианын» колдоосу менен даярдалды.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here