Кечээ күнү ант берип, ишине киришкен Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчилиги менен алгачкы кеңешмесин өткөрүн баарыбыз көрдүк. Кеңешмеде Жээнбеков аппараттын алдында ишке тез ашырылчу жакынкы иш планын жана биринчи кезектеги максаттарды белгилеп,  өлкөнүн бардык жашоо тармактарында түп-тамырынан реформа жүргүзүүнүн жаңы баскычына кепилик берген чараларды иштеп чыгууга жана аз күн ичинде Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүнү буюруп, анда коррупция менен күрөшүү маселелери кароо боюнча да маселени көтөргөн. Демек, Сооронбай Жээнбеков элге жага турган маселени көтөрүп, шайлоо учурунда дебатта айткан коррупция менен күрөшүү боюнча убадасын баштаганы турат окшойт. Ал ошондо коррупцияны Бабановдон баштай турганын, Кыргызстандагы 35 атка минерди кошо кустура турганын айткан. Эми ошол сөзүнө канчалык денгээлде турат, аны убакыт көрсөтөт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here