Партиясына өңчөй коррупционерлерди чогултуп алып, алардын акчасынын күчү менен Жогорку Кеңешке келген «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов деген бар. Кез-кезде чыркырап бир нерсе айтымыш болуп калчу эле, акыркы жылдары үн каткандан корунчу болду.

Буга партиясына «коррупционерлерди» топтоп алганы тамагына тыгылган сөөк болуп жаткандай. Ошол себептен, бийликке көлдөлөң болуп төшөлгөндөн башка аргасы калбай калды көрүнөт. Сөзүбүз куру болбош үчүн айталы. Башкы прокуратура тарабынан «Бир Бол» фракциясынын Акылбек Жапров, Исхак Пирматов, Игорь Чудинов сыяктуу депутаттарына «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Улукбек Ормоновдун дагы арты таза эмес… Том-том болгон иштери бар. Кыйшык сүйлөсө бүгүн-эртең деле кылмыш иши козголуп калышы мүмкүн. Буга окшогондор партияда жетишээрлик. Анан аргасы жок, өзү баш болуп фракциясы менен мөңгүлөрдү талкалоого макул болот да. Баскан издери мандемдүүлөргө бийлик каргы тагып коет тура, былкылдабай тургандай кылып…

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here