Президент Алмазбек Атамбаев акыркы 6 жылда 1 миң 307 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Эң көп сыйлык 2017-жылы — 602 адамга берилди. Бул тууралуу мамлекеттик сыйлык боюнча комиссиянын катчылыгы билдирди.
Маалым болгондой, 2012-жылы 390 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырылса, 2013-2015-жылдары 148 жана 130 адамга берилген. Ал эми, 2012-2014-жылдары мамлекеттик сыйлыкты жалпы 37 адам алган.
Маалыматта белгиленгендей, өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева 2010-жылдын июнь айынан баштап 2011-жылдын 1-декабрына чейин 1 миң 519 адамга сыйлык тапшырууга жетишкен. 2011-жылы мамлекеттик сыйлык менен 1 миң 29 адам сыйланган.
Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарган мезгилде (2005-жылдын апрель айынан баштап 2010-жылдын апрель айына чейин) 3 миң 453 адам сыйлыкка татыган. Ал мамлекеттик сыйлыкты 2005-жылы 656 жана 2006-жылы 574 адамга берген. Ал эми, 2007-жылы сыйлыкты 681 адам алса, 2008-жылы 705, 2009-жылы 807 адамга берилген. К.Бакиев 2010-жылдын алгачкы 3 айында мамлекеттик сыйлыкты 30 адамга тапшырган.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here