Кыргыздын Германия Федеративдик Республикасындагы элчилиги тарабынан «Манас» эпосунун немис тилиндеги китебинин бет ачары уюштурулду.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара 21-ноябрда уюштурулуп, анда элчи Эринес Оторбаев «Манас» эпосу кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

«Кеченин жүрүшүндө Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Андреас Пешке чыгып сүйлөдү. Бет ачар аземге Германиянын Канцлердин ведомствосунун, Тышкы иштер министрлигинин, башка министрликтеринин, Бундестагдын, дипломаттык миссиялардын, ошондой эле кыргыз диаспорасынын жана башка кеңири коомчулуктун өкүлдөрү катышышты», — деп айтылат маалыматты.

Анда белгиленгендей, кечеге келген конокторго белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиевдинайтуусунда «Манас» эпосунан видеоүзүндү көрсөтүлдү.

«Иш-чара элчилик тарабынан президент А.Атамбаевдин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Китеп белгилүү немис жана россиялык илимпоз, лингвист Вильгельм Радловдун версиясынан которулуп жазылган. Анын «Манас» эпосу боюнча версиясы Санкт-Петербург шаарында 1885-жылы басылып чыккан», — деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы.
Булак: www.super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here