Өкмөт башчы Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасы Раим Матраимовду (каймана аты Раиммиллион) кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду. Ал бул кызматта 2015-жылдын август айынан бери каалгандай иштеп келди. Орусча айтканда «зам» болсо да, «сам» болуп, Бажы тармагын каалагандай калчады. Буга далилдер көп. Бажыга барган кишилер жетекчиге эмес, Раиммиллиондун кабинетинде сагалап жүрүшкөнү көп айтылды. Бирок ошондой болсо да, Раиммиллионду эч ким текшерген жок. Болгону күнүгө баланча, түкүнчө акча табат, тигинден, мундан алат деген сөздөр шамалда тарап жатканы менен аны текшерүүгө бир да укук коргоо органдары батынып койбоду. Кыязы, Раиммиллион баарына жагып турду окшойт. Демек, баарына жаккан киши эч качан жазага тартылбайт. Эми Раиммиллондун туштук тарапка кызматка барары айтылууда. Бирок кайсы кызмат азырынча так эмес…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here