А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында сахнадан сырткары “коюлган” оюндар арбын экендиги музыканттар арасында абдан белгилүү. Ырынан чыры көп болуп бараткандыктан комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы менен коллектив ичиндеги ыйкы-тыйкылар, чыр-чатактар, репертуар маселелери ушул жылдын июлунда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясында каралып, театрдын башкы деректири Болот Осмонов сөгүш алган. Чыр-чатактардан сырткары театрдын репертуар маселесиндеги алешемдиктер, өзгөчө кыргыз авторлорунун опера жана балеттери театр жетекчилери тарабынан жерилип, сахнада коюлбай жаткандыгы тууралуу баса белгиленген. Коллегиянын чечиминен, сахнадагы жана сахна артындагы “оюндардан” азырынча жыйынтык көрүнө элек.

Өткөн 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгын татыктуу белгилөөгө мамлекет тарабынан республикадагы баардык театрларга бир топ каражат каралып, анын ичинде опера-балет театрына да олчойгон эле акча бөлүнгөн. Театрдын көркөм кеңешинде талашып-тартышып жатып, үркүн темасын таасын чагылдырган кыргыздын алгачкы музыкалык драмасы “Ажал ордунаны” (композиторлор Власов, Малдыбаев, Фере) коюуну чечишкен эле. Бул маселе жазында каралган. Күз келгенде эле театр жетекчилиги жалпы кыргыз эли  белгилеп жаткан Үркүндүн 100 жылдыгын эсине албастан, негедир жогорудагы эле авторлордун “Айчүрөк” операсын кайтадан жаңыртып коёбуз деп өздөрү чечип алышыптыр. Алыбетте ал жерде акча маселеси бар да …

Ошентип 2017-жылдын жаз айларында жаңыртылган “Айчүрөктүн” бет ачары болду. Алгач Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 10 кишиден турган эксперттик комиссия түзүлүп, операны музыкант адистер көргөндө эле талаш маселелер жаралды. Негизинен каармандардын костюмдары жана декорациялар боюнча. 1-көшөгө ачылганда эле Акун-хандын ордосунда уйгур кыздарынын костюмун кийген селкилердин курчоосунда түшүнүксүз костюм кийген Айчүрөк чыгат. Улуттун сыймыгы болгон, көзгө басар операбыз “Уйгурстан” менен башталып жатат. Калган көшөгөлөрдө деле кайсы улуттун кийими экендиги түшүнүксүз жерлер көп. Декорацияда операнын алгачкы коюлушундагыдай кыргыздын нукура орнаменттери жокко эсе. Улутка кандай тийешеси бар экендиги белгисиз белгилерди карап еврейлердинби же калмактардын белгилериби деген ойго келесиң сахнаны карап. Музыкасында, өзгөчө бийлерде айрым кыскартуулар болгондугуна көз жумганда деле кийим-кечекке келгенде келишпес пикирлер жаралды. Башкы режиссёр-коюучу И.Сартбаев менен башкы сүрөтчү-коюучу М.Шарафидинов кемчиликтерди мойнуна албагандыктан, кайрадан курамына 20 адистен турган кеңейтилген комиссия түзүлүп, экинчи жолу операны көрдүк. Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамына мурдагы музыкант адистер, музыковедтерден сырткары белгилүү манасчылар – Р.Исаков, Т.Бакчиев, У.Исмаилов, Манас таануу институтунун директору, коомдук ишмер Т.Тургуналиев (бир учурда ушул театрда директор болуп иштеген), филология илимдеринин доктору, манасовед Ж.Орозобекова, кезинде “Айчүрөктө” башкы ролдорду аткарган СССРдин эл артисткасы К.Сартбаева, КРнын эл артисткалары Д.Жалгасынова, Э.Молдокулова, КРнын эл сүрөтчүсү Т.Курманов жана театрдын мурдагы башкы сүрөтчүсү, КРнын эл сүрөтчүсү М.Сыдыкбеков кошулду. Дагы эле бир ооздон костюмдар менен декорацияга катуу сындар айтылды. Операны “өлтүрүпсүңөр”, “творческая неудача” дешти. 80 жыл мурда коюлгандагы костюм менен декорациялардын негизинде эле жаңыртылышы керек болучу деп баса белгилешти. Акун-хандын уйгур эмес, Ооганстанга оогон кыргыз ханы экендигин, ошондуктан уйгур костюмун кийгизүүнүн кажети жоктугун бир ооздон манасчылар жана манас таануучулар айтышты. Манасовед-окумуштуу Ж.Орозобекова кыз-келиндердин кийим-кечегин, баш кийимин, топчуларын, чачпактарына чейин кандай болушу керектигин дайындуу жана далилдүү айтып берди. Операны коюучулар кепке муюбашты.

Абройлуу комиссиянын жыйынтыгы менен опера кайрадан оңдоп-түзөлсүн, күзгө чейин деп сахнадан алынсын деген бүтүмгө келишти. Күркүрөгөн күз келип, театр сезону эч нерсеси оңдолбостон, кайрадан “Айчүрөк” менен ачылды. Мен эмне үчүн оңдолбостон туруп кайрадан коюлду деп агездеги министр Т.Казаковго кирсем “протоколду мен көргөн жокмун, мен протоколго карап тыянак чыгарып, чечим кабыл алам да” деди. Протоколдун кайда экендигин иликтесем министрликтин профессионалдык искусствону өнүктүрүү бөлүмүндө жатыптыр. Эмне үчүн министрге жетпегенин сурасам “комиссия мүчөлөрү толугу менен кол койгон эмес” деген жоопту уктум. Карап көрсөм, 20 кишинин 14 тү коюптур. Калганы протоколго биз айткан ачуу сөздөр кирбей, жымсалданып калыптыр деп кол койгондон баш тартышканын протоколдун этегине жазып коюшкандары да бар экен. Ошентип театрдагыларга кудай берди болуп, эч нерсе болбогондой “Айчүрөктү” ай сайын коюп жаткан кези.

Ошол комиссиялардын башында тургандыгым үчүн “Айчүрөктөгү” каармандардын ролдорун ойногондордун айрымдары “эмне үчүн жыйынтык чыккан жок” деп мага кайрылып жатышат. Кийимдер жалаң синтетикадан тигилгенине байланыштуу тердеп-кургагандан улам учурда кийүүгө мүмкүн болбой, өтүктөр жарактан чыгып, сахнада күлүп-жайнап роль жаратуу кыйын болуп жаткандыгын айтып жатышат. Куугунтуктоодон коркушуп жетекчиликке кайрыла алышпайт, алыбетте, атүгүл министрликтин алы келбей жатса ошол да. Жетекчилик демекчи, президентибиз эки жолу келип көргөнү, театрдын ремонтуна миллиондорду бөлгөнү театр жетекчисинин өзүм билем, өзүм чечемин деген оюн ого бетер күчтөндүрүп койду окшойт. Андан да ордо театрдагы “оюндардын” чоо-жайын жакшы билип, иликтөөгө алып калган кезде министр Т.Казаковдун капыстан кетиши менен театр жетекчилигинин чырагына ого бетер май тамган кез.

“Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем, билгениңерди кылып алгыла” деген кызык эле заман болду. Аттуу-баштуулардын, адистердин айтканы, комиссиянын чечими, министрликтин коллегиясынын сөгүшү, катардагы артисттердин арманы, арызы ж.б. эмес, Манастын кусуру уруп кетээринен коркпогон опера-балет театрынын жетекчилерин ким ордуна коёр экен…

 

         Турдубек Чокиев, Композиторлор союзунун төрагасы,

Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here