Данияр мени өпкүлөп эле тим болгон жок, өзүн кармана албай калдыбы, айтор менин да дене-боюмду да кыйла балкытып жиберди. Дене-бой махабаттын кумарына болушунча балкыса, өзүңдү кармап калуу кыйынга турат окшойт. Данияр мени эзип жиберди.  Канча каршы болсом да, кийимдеримди чечип жиберди.  Денем канча балкып баратса да өзүмдү абдан ыңгайсыз сезип кеттим. Бир заматта үстүнкү кийимим чечилип, Данияр аппак мамактарымды назик өпкүлөп, менин каршылыгымдын күчүн кетирип, эркимди бошотуп, башка бир дүйнөгө жетелеп баратты. Жетелегени курусун деңизчи, экөөбүз акылына адашкан адамдардан ашып түштүк окшойт. Мындай дүйнө мага мурда-кийин чоочун болгондуктан, өзүмдү күнөөлөп жектеп баштаганым жүрөгүмдүн согушунан туюлуп турду. Бир кезде бүт денем түйүлүп, майда тер басып чымырай түштү. Аялуу жерим оору чыккандан улам кынкыстаганым күчөп кетти…

Мен Даниярдын жүзүн кароого чамам деле жетпеди. Ал менин ар кайсы жеримен өпкүлөп, кез-кези менен кулагыма керемет кептерди шыбырап жатты.

Ошентип, мен кыздык абийримден эч качан түшүмө да кирбеген, оюма да келбеген түрмөнүн жаман бир жаман бөлмөсүнөн айрылдым. Мындай ой Даниярга деле качандыр бир убакта деле келбесе керек. Бул кылганымды кимге шылтайм? Тагдыргабы? Баарын эле тагдырга такап, жашоого жабыштыра берсең, анда сенин эмнең адам? Жараткан анда акылды сага эмне үчүн берди? Акыл менен калчап жашасаң ыйман менен жүрсөң бардык ишиң адал болоору турган иш. Бул жолку кылганым адалдыктан алыс калып, арамдыктын астанасын аттап кетти окшобойбу. Өзүмдү жеңил-желпи кыздардай сездим. Бирок бул кылганым андай кыздардын кылганынан кандай айырмасы бар? Даниярдын кучагынан бошонуп, анын жүзүн тик карай албай кийимдеримди кийүүгө жанталышып жатып да ушундай ойлор жан –дүйнөнү бир каптап өттү. Каптаган менен кандай айлам бар эле. Болоор иш болду. Өзүм эле эмес, ич кийимим  да кызыл ала болуп булганып, өзүмдү жаман жүдөө, адепсиз, акылсыз сезип турдум. Мен эми башкалар үчүн  аруу кыз болсо, өзүм үчүн, Данияр үчүн кыз эмесмин…Менин кезектеги ушундай ой толгомду Даниярдын сөзү бузду:

-Асылзат,  мени кечирип кой. Мен өзүмдү кармай албай, күчкө салып  сени кыйнап койдум. Ушундай ахбалда сени менен болом деп эч ойлогон эмес эле. Бул да болсо түрмөнүн таасири, менин мүнөзүмдүн оорлоп баратканы болуп кетти окшойт. Мен сенин алдыңда күнөөлүмүн. Сага мурункудан да милдеткер болуп калдым. Мен бүгүн тагдырымды дагы бир ирет сага бекем байлагансып турам. Сен көп кейибе, баары жакшы болот

Даниярдын бул сөздөрүн угуп, унчукпадым. Эмне деп айтат элем. Өзүмдөн деле кетти да. Өзүмдү бош кармап, абакта жаткан адамымдын көңүлүн көтөрүүнү ойлогон окшойм. Айтор, сүйгөнүмдүн ак дилден айткандары менин көз жашымды агызды. Ал мени кайрадан кучактап, жаштарымды аарчып, алкымымдан чоң дем менен жыттап алды. Ошону менен экөөбүз үн-сөзсүз коштоштук.

                                              ***

Түрмөдөн үйгө түз келип, апамдар менен эч сүйлөшпөй эле, эрте уктап калууга ашыктым. Ойлорум эле Данияр жана менин тагдырым болуп, кыжаалат болуп жатып бир далайда уктап кетиптирмин…

                                              ***

Апам, атамдар үйдө жок экен. Мен Даниярга баарууга даярданып,  ага арнап жылкынын этин арбыныраак асып, бышырып жаттым. Шорпону улам ууртап, туузун дамдап көрсөм, ачуу болуп кетиптир. Аз эле салгандай болдум эле. Ошентсе да шорпонун тузу өткүл болуп кеткенине түшүнбөдүм. Бир кезде телефонумдун коңгуроосу кагылып калды. Шашып карай салсам, Москванын номери чыкты. Улан экенин дароо билдим. Бирок анын ушундай маалда чалып жатканына кубанган жокмун. Ошондон уламбы, айтор ал эки жолу удаа чалса да, телефонду албай койдум. Көп өтпөй, кат келди: «Асылзат кандайсың? Неге телефонду албайсың. Мен сени сагындым. Сен Даниярды унуттуңбу, же ага барып жатасыңбы? Барсаң өз шоруң, баарыбир сен мендик болосуң». Жооп жазганым жок. Уландын бул каты менин жүрөгүмө кадалган жебедей эле боло түштү. Ал мага эч качан мындай мааниде кат жазчу эмес эле. Ага эмне болгон? Чын эле ал менин Даниярга барып жатканымды кайдан билди? Ушундай ойлордун кучагында кысылып, түрмөгө жете бергенимде күгүүм кирип кетти. Үйдөн эрте эле чыккандай болдум эле. Кандайча мынча кеч болуп кетти? Үйгө кайра кантип кетем? Таксистке акча карматып, менин жарым сааттай күтүп турушумду өтүнүп тамак салган баштыгымдын салмактуусуна карабай шыпылдай  басып, түрмө түбүнө жете келдим.

Мен   бул жерге келгенде түрмө оозунда дайым 3-4 жоокер жүрчү эле. Негедир аларды бул ирет көрө албадым. Темир эшикке жакындаганда так маңдйымда кара кийимчен адам мени карабастан жерди карап турду. Мен анын турган турпатын көрүп эле өзүмчө чоочуп кеттим. Кара кийимчен адамга жакындап келгенимде, ал башын  көтөрүп: «Бул жакка эмнеге келип атасың, кетип кал» — деп кыйкырып, мени көздөй жүткүндү. Мен көргөн көзүмө ишенбей, жүрөгүм оозума тыгылды. Бакырайын десем, үнүм буулуп турду. Чын эле жүрөгүм кабынан чыгып кетип, кокомо кептелип калгандай  сезилди. Кара кийимчен киши ким дебейсизби? Ал Уландын өлүп калган атасы, аяш атам эле. Өлүп калган адам бул жерде эмне кылып жүрөт деп мен эч нерсеге түшүнбөй калдым. Ал мага жакындап кармамакчы болгондо, артымды карабай түрмөнү айлана качтым. Ал менин артымдан чуркады. Бир  нерселерди айтып жатты. Бирок анын сөздөрү кулагыма угулган жок. Бакыра албаганым менен бат-баттан чуркап, кара кийимчен адамдан кутулгум келди. Бирок кутула турган түрүм жок. Ал мага уламдан улам жакындап келатты. Мен түрмөнүн  тосулган дубалдарын карадым. Эч ким жок. Адатта ар кайсы жерлерде  үч-төрт метрдей  бийиктикте автомат асынган жоокерлер турушчу. Алар да көрүнбөйт. Таксист да көздөн кайым болгондой, түрмө алдында бир да машине жок. Бир кезде кара кийимчен адам мага жете келип, чачымдан жула кармап, болгон күчү менен булкуп бир канча метрге күү менен ыргытты. Мен камгактай болуп учуп кеттим. Кабыргам катуу ооруп, оозумдан кан чыгып кетти. Кара кийимчен киши мага карай каарданып басып келатканда мен анын жүзүнө эрксизден тигиле карадым. Анын жүзү өзгөрүп кетиптир. Эмеле эле көргөн Уландын атасы эмес, башка адам болуп калды. Бети адамдын бетине түспөлдөшкөнү менен, такыр бакшача эле.

Мен анын кимге окшотуп, кандай элестеримди билбей, денем калчылдап турганда, негедир эсиме тамак салынган баштыгым кылт дей түштү. Ал баштыкты тегерегимден карасам жок. Каякта  калганын эстей албай, бушайман болуп, эси дартымдын баары баштыкка барып такалып, кара кишиге жинденип чыктым. Аны чабуу үчүн тегерегимден таш издеп жатканымда колума катуу нерсе урунду эле, сүйүнүп кеттим…Ошол колум урунган катуу нерседен улам  улам чочуп ойгондум.    Катуу нерсе өзүм жаткан дивандын кыры экен…

                                       ***

Жогорудагы шумдук окуя көрсө түшүм экен…Жүрөгүм лакылдап, көл шал болуп тердеп алыптырмын. Байкуш Уландын атасын эстеп, чындап коркуп калдым. Анын арбагы мага наарызы болуп жатканын болголоп билип, жан дүйнөм жанчыла түштү. Эмне кылуу керектигин билбей,башым маң болдум. Саатты карасам, таңдын атарына дагы эки саат бар экен. Үстүмө кийип алып, жуунуп, чыныга суу ала келип, атам үйрөткөн куранды аяш атамдын арбагына багыштап окудум.

                                       ***

Аяш атам түшүмө киргенден бери аябай коркуп калдым. Ал түшүмдү  апама да айтпадым. Айтсам, ал менин бардык сырымды билип алат деп ойлодум. Эстегим келбеген сайын эсиме түшө берген түштү кантип, кандайча жорурумду билбей, башым катты. Түш көргөндөн кийин чын эле түрмөгө бааруудан коркуп,  Даниярга жолуккум келбей калды. Бул менин чаржайыт ойлорум гана. А жүрөгүм Даниярга тартып жатканын кантип жашырам. Түштөн уламбы, айтор Уландан кабар алгым келди. Бирок ал өзү чалбагандан кийин деп, өзүм чалганды намыс кылып койдум. Аяш атам тууралу көргөн түшүм такыр эсимден кетпей койду. Кылт этип эле эсиме түшө калат. Эмне кыларымды билбей калдым. Акыры аяш атамдын мүрзөсүнө кимдир бирөө менен барып куран окуп келүүнү ойлодум. Ошол түш көргөндөн эки күндөн кийин кечке маал телефонум шыңгырап калды. Коңгуроо Даниярдан экен. Аны менен аябай эзилип сүйлөшкүм келип турса да, албадым. Себеби, мени кандайдыр бир күч ошол телефонго жеткизбей колдорумду кармап тургансыды. Айтор олку-солку абалда калдым. Телефонум дагы кайталап шыңгырай берди. Оң колумду телефонго сунайын десем, сол колум ага тоскоолдук кылып жаткандай туюлду өзүмө. Ушундай түшүнбөстүктө, кандайдыр бир арсар абалда турганымда мени эшиктин коңгуроосу чочутту. Мен ордумдан козголгончо апам барып ачып, бир эркек адам менен аябай учурашып, бакылдап калганын уктум. Сүйлөп жаткан кишинин үнү кулагыма шак дей түштү. Ооба, жаңылганым жок. Чын эле ал Улан экен. Апам экөө мага келишти. Мен көргөн көзүмө ишенбегендей, Уланга таңыркай карадым. Ал:

-Асылзат кандайсың? Ден – соолугуң жакшыбы? Жакшы жүрөсүңбү? Мен сага келеримди айтпай эле келгим келди. Бул үчүн мени күнөөлөбөсөң – деп мени колумдан кармап, апамдын көзүнчө эле бетимен өөп койду. Мен аны эмнеге күнөөлөмөк элем, болгону ден –соолугун сурап тим болдум. Ал биздин үйгө бир топко болду. Кыязы, атамды күтүп жатты окшойт. Мен ага укмуш деле жылып, укмуш деле кубанып, ачылып сүйлөй алган жокмун. Ал болсо менин иштеримдин баарын сурап, өзүнүн ийгиликерин бажырап шашпай айтып олтурду. Айтуусуна караганда Москвадагы иши ийгиликтүү эле болуп жатыптыр. Бирок менден барын сураганы менен  бир гана Даниярды сураган жок. Мен сурайт го деп ойлогом. Ошо сурабаганы үчүн мен өзүмчө эле кызыктай абалда боло түштүм.  Ичимден Даниярдын түрмөдө жатышы Уланга жагып жаткан турбайбы деген ойго келдим. Улан келгенден кийин туура эки сааттан өтүп атам келди. Атам аны чындап өз баласындай көрөт эле,  кабагы ачылып, бакылдап абдан жакшы учурашты. Биз чогуу тамактандык. Тамак үстүндө Улан мен күтпөгөн сөздү баштады.

-Бир жумадан кийин апамдар Асылзатты алып кетели деп жатышат. Билбейм неге өзү келип айткан жок. Бирок бул маселени мен келерим менен эле өзүң барып  айтып такташып кел деп койду. Мен деле каршы болгонум жок. Анын үстүнө апамдын “атаңдын артын жакшылык кылалы, сен бизди кубант, кайгыбызга араачы бол” – дегенин туура көрдүм. Ошон үчүн мен айткандарымды туура түшүнөсүздөр деп ойлойм.

Уландын бул сөзүн угуп, өңүм бузула түштү. Бир заматта  жүрөгүмдүн согушу катуулап чыкты. Эмне кыларымды билбей, эрдимди тиштеп, терезени карадым. Башкаларга байкалдыбы билбейм, бирок көздөрүм ысык, ачуу жаштар толо түшкөнү мага кадимкидей эле сезилди. Улан мени байкамаксанга салып сөзүн андан ары уланта берди. Апам гана мени кармап, майда калтырак басып жаткан колдорумду колдору менен кармап, жооштукансып олтурду. Атам болсо, Уланды берилүү менен угуп жатты. Улан акырында:

-Биз эртең менен атамдын мүрзөсүнө барып куран окутуп келебиз. Андан кийин даярдыктарды баштайбыз.-деп айтканда мен шашылып, аны карап:

-Мен да барып куран окутуп келейинчи- деп айтып жибердим. Оозумдан сөз чыкканга көз жашым алдымда ичилбей турган тамакка таамып кетти. Бул сөздөрдү кандайча айтып жибергенимди өзүм да түшүнбөй калдым. Айтып жиберип,  туура эмес болуп калды го деп, өзүм ыңгайсыз абалда калдым. Бирок чын эле мен аяш атамдын мүрзөсүнө бирөөлөр менен барып куран окуткум келип жаткан. Ошол оюмду сөз бойдон калтырбай ишке ашыргым келген. Себеби, мен аяш атамдын мүрзөсүнө барып куран окутсам, жанагы жаман түшүм улам эсиме түшпөй, жеңилдейм  деп ойлогон элем.Апам мени карап:

-Кызым – деп сөз баштаганы турду эле, капталдан атам аны бөлүп:

-Барып келсин. Барганы жакшы. Ырыскул кызымдын буга чейин аяш атасы болуп келсе, мындан ары кайын атасы болуп калат- деп бир эле чечим чыгаргандай сүйлөдү. Ошону менен биздин сөз бүттү.

Эртеси эртең менен Уландын машинеси менен шаар четиндеги аяш атамдын мүрзөсүнө келдик. Аяш апам Айнагул менен Уландын карындашы Назира көз жаш кылып, ал жерден ыйлашты. Мен алардай болуп берилүү менен ыйлай албасам да, көзүмдү жаштадым. Бир аздан кийин Улан куран окуду. Куран окулуп жатканда мен аяш атамдын мүрзөсүнө, тагырагы үйүлгөн боз топуракка көзүм тигилип калды. Аяш атабыздын эстелиги али тургузула элек болчу. Мен түшүмдө көргөн кара кийимчен аяш атамдын элесин муңга толгон көздөрүм менен боз топурактан издеп жаткансыдым…

(Уландысы бар)

Автор: Залкар Заманбеков

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here