Буюрса, жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда такка олтурат. Ошондон кийинки ишибиз түз болсун дейбиз да…

Анткен менен дурус адамды президент кылып тандадык окшойт. Ооба, азыр сыдыргыга салгандай ар тараптан төп келген адамдын табылышы да кыйын, дегеле, адам баласынын ичинен андай адам табылбас. Бирок, президент болом деп ат салышкан адамдардын арасынан Жээнбеков дурус сапаттары менен  алда-канча алдыда экендигин таза дилдүүлөр айныгыс билип калды. Эми мыкты бүлөдөн тарбия алган  бул жигиттин  алдында далай тайгак кечүүлөр, чукул бурулуштар, өйдө-ылдый шукшурула кетчү же жүрө албачудай болгон  жолдор бар. Мына ошол жолдо жаңы президент адамдыгынан жазбай, ар кандай жосундарга алдырбай, элинин кызыкчылыгы үчүн ар кадамын тактай- талдай басат го деген ишенимибиз чоң.

Ошентип, биздеги бийликтин бутактары тандалып, такталып жаңы, жакшы жол менен кетүүгө старт алып турат окшоду.

Президент жактан көңүлүбүз ток өңдөнүп калды. Берки эки бийлик- Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн башына булганып алган жолу жок, жаман-жуман обу жок, жакшы сапаттары жанында азаматтар келди деп билип жатабыз.

Жакында эле Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Дастан Жумабеков кыргыздын жаш саясатчыларынын бири. Буга чейин баскан жолу анчалык узун эмес, кырк бир жашта. Мына ошол жолунда тигил же бул жаман ишке илээшкен эмес, жол тандай баскан жаштарыбыздын бири. Депутаттык жолунда да маанилүү маселерди көтөрүп, Жогорку Кеңеште жакшы мыйзам чыгарууга күчүн жумшаган аз депутаттын бири болуп келди. Жеке мен бул жигитти тереңден билбейм, анын агасы Сабырбек Жумабековду жакшы билем. Накта жигиттиктин эталону болуп берүүгө жарамдуу бул жигиттин адамдыгы менен профессионалдуулугу жуурулушуп мыкты хирур болуп тынды. Анын мыкты эмгектерине бүт дүйнө жүзү таң калып, суктанып турганы- кыргызын сыймыктантып жатпайбы… Анан Сабырбектей агасы бар Дастан жаман болмокпу… Дастан Жумабековго бул иши оңойго турбас. Анткени, парламенттеги депутаттардын көбү ошол аттын маңызына туура келбечү немелер. Алар жөнүндө көп айтылып келет, айтыла берет, дурус баасы аз…  Мына ошолорду жакшы жолду көздөй баштап басуу Дастан жигитке оңойго турбас…

Өкмөттүн башына да тың жигиттерибиздин бири келди. Бул жаш жигит акылы менен билими жетиштүү, анан да токтоо жигит экен. Анысы парламентте премьердикке шайланып жатканда билинди. Ар кандай мүнөздөгү депутаттардын өздөрүнө окшогон түрдүү суроолоруна так, даана жооп берип, эч кандай эмоциясын билдирбей баарын орду-ордуна койду го! Бул жүзүнөн жакшылык куюлгандай болуп турган жигитибиз мамлекетинин, элинин жакшы абалын түзүүгө бүт дити менен киришип жатпайбы. Азырынча анын иши жаман эмес, биртоп эле кыйын кырдаалда- казактар менен болгон мамиле, «Кумтөр» маселеси ж.б., социалдык, экономикабыздын анча алгылыктуу эмес учурунда алгылыктуу жол тандап жаткан кези. Албетте, биздин заманда жашагандан кийин аны көралбагандар толтура. Анан ошолор жакында Исаков ишинен кетет дегендей ушактарды таратып, маалымат каражаттарынан айттыып жатат. Менимче, анын кызматтан кетишине себеп жок. Анан да өткөндө Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков менен иштешем дегенди айтты го…

Аталган үч азаматка эли эмнени каалайт, эмнени талап кылат? Эли эмне каалоо менен талапты асмандын башынан алып айтмак беле. Учурдун талабы менен эле кайрылат да. Айталы, бул үчөөнө, биринчи иретте, акчага алдырбаган тазалыкты каалайт. Бир ирет эле пара алдыбы, анда иштин бүткөнү, кийинки кызматтагылардын баары ошол жол менен кетет. Эгерде жетекчиси пара албаган неме болсо, кийинкилери да алайт. Экинчиден, туугандарын, тааныш-туунуштарын кызматка албаш керек. Албетте, алардын ишине тоскоол да болбош керек. Бул иш аябагандай оор, бирок, жолун тапса болот. Үчүнчүдөн, биринчи иертте, элдин ишин бүтүр, анан өзүңдүкүн бүтүр. Бул эң сонун сапат. Мына элдин талабы ушундай эле жөнөкөй болот. Муну аткаруу анча деле кыйын эмес, адамдыкты гана алдыга салып алуу керек! Таза ыйманды пир тутуу керек!

Кыргыз дегениңдин жаман сыпаттамадагы жосундары толуп кетпедиби. Алардын бири-кайсы бир тууганы же жакшы мамиледеги адамы бир чоң кызматка турса, ага дароо «чабуул» коюлуп, «баламды, кызымды кызматка ал, тиги таякемди кызматынан жогорулат, баланча деген иш билбейт, анын ордуна менин инимди кой…» сыяктуу сурануулар менен кошотолот. Мына ошолоро кескин сокку берип туруш керек.  «Жок» дегенди айта билсе, тигилер да суранганын азайтат, бара-бара «мунун эпке келчү түрү жок» деп түңүлүшөт.

Азыр кызматкерлердин баары билимдүү, эки-үч дипломдуулар толтура, чет элдин мыкты окуу жайларын бүтүрүп келгендер да бар, ж.б.

Мына ушундай кырдаалда башкы жетекчилер анча деле кыйналбайт, болгону талапты кое билиш керек, биринчи иретте, дагы айтам,  өзү ишин билген анан таза болуш керек.

Бизде азыр кандай? Кайсы бир жигит бир ишке илинип алган. Анын диплому бар, бир эмес, экөө. Демек, билимдүү эсептелет. Бирок, билим дегенден эч нерсе жок.Дипломдорду акча менен алган.  Анан бир иште иштеп жүрүп, аны жөндөй албай кызматынан түшөт, эртеси карасаң дагы бир жооптуу иштин башына туруп алган. Ал ишти да жөндөй албайт, бирок, чөнтөгүн «жакшы» жөндөйт… Анан бир күнү ал иштен бошоп, башкасына туруп алат. Мына ушундай иш билбес немелерди кызматтарга жолотуштун кереги жок эмеспи. Ушул маселе тыкыр каралыш керек. Далай билимдүү азаматтар иши жок же бир болбогон иштерде иштешет. Ар кимдин жөндөмүнө жараша кызматка алууну айныгыс практикага айландырган абал келсе кана… Тааныштыктын, чөнтөктүн жардамы менен эмес, чыныгы билим менен жөндөмдүн жардамына таянып иштечү абалды түзүү анчалык деле кыйын эмес… Ушул маселерди билбеген адам жок, баары сонун билет, анан эле аткарылбайт да. Эмнеге? Анткени, бардык бийликти акча деген нерсе басып алган, аны жеңе турган күч жок болуп турат. Үмүт деген улуу нерсе, адам баласы башы алынарда да «а балким аман калармын…» деп үмүт этип турат! Элибиз жогоруда аты аталган үч азаматыбыздан бар жакшылыкы күтөбүз. Биринчи иретте, алар акча деген азыткыны жеңип берерин күтөбүз.

Ооба, жогоруда менин айткандарым «карандай дидактикага» айланып калгандай көрүнсө, ал жалган түшүнүк. Мен ар бир ак дил адам айтчу нерселерди гана айттым, тилек кылдым…

Эмесе, үч азаматыбызга ден соолук жана мыкты ишин каалайлы!

Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here