Аскарбек Шадиев  суудан кургак чыккандардын катарындагы ашкере амалкөй, куу саясатчы экени белгилүү. Таза эмес, артында калбыры бар. Чоң бизнесмен, сасыган байлардын бири. Эми ушул адам биринчи вицелик кызматтан “тоголонуп” түшкөн Толкунбек Абдыгуловдун ордуна кызматка барары айтылып,ачыкталып калды. Ал Акаевдин тушунан бери, тагырагы 2002-жылы 33 жашынан бери чоң кызматтарда чоёктоп жыргап келе жаткандардын ана башында. Ал ошол жылы Каржы министри болгон. Андан жаңы түзүлгөн облус Баткендин губернатору, 2005-2010-жылдары ЖК депутаты, 2011-жылы Энергетика министри болду. Ошол кезде казактардын ууланган көмүрүн алып келип, ызы-чуу кылган жайы бар.  2015-жылы “Бир бол” партиясынан ЖКга кайрадан депутат болуп келип, Бюджет комитетин өзү каалагандай калчады, азыр Эл аралык иштер боюнча комитетти мыкчып олтурат. Өзгөчө акыркы жылдары эбин таап ажо Атамбаевге өтө жакын болуп алган. Ал тургай көп учурда ажо менен чет мамлекеттерге бирге учуп, кадр маселесиндеги көздөгөнүн ишке ашырып алган жайы бар. Кичи мекени Баткен болгон соң, баткендик саясатчылардын ана башчыларынын бири болуп, Баткенден чыккан бир топ кадрларды майлуу кызматтарга түртүп келет. Буга мисалдар өтө көп. Эми ушундай адамды карт бөрүнү, өкмөт башчы Сапар Исаковдун биринчи орун басары кылып жатышканы кандай? Өзүн өтө кыйын сезген Шадиев Исаковго акыл үйрөтүп, тизгин талашпайбы? Кыскасы, Исаковдун Шадиев менен иштеши кыйын эле болот го…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here